Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы бала аман-эсен куткарылды
11-апрелде эртең менен Кант шаарынан уурдалган 12 жаштагы Данил аттуу бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу кыргыз милициясынан кабарлашты. Бала кечки саат 21:30дарда Бишкектин жогору жагындагы Панорама аймагынан табылган. Социалдык тармактарда тараган видеодо өспүрүмдү жана аны уурдаган делген славян түспөлүндөгү дагы бир адамды үйдөн алып чыгышканын көрүүгө болот. Жалпысынан бул кылмышка шектүү эки адам камакка алынды. Милициянын айтымында, бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Читать дальше...