Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 05.04.2019

Сербияда 20 жыл мурдагы журналисттин өлүмү боюнча өкүм чыкты

Azattyk.org 

Сербияда чалгын кызматынын мурдагы төрт кызматкери 20 жыл илгери журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу узак жылдарга кесилишти. Көз карандысыз эки гезиттин редактору жана ээси Славко Курувия 1999-жылдын 11-апрелинде Белграддагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Ал ошол кездеги Югославиянын президенти Слободан Милошевичти сындап жүргөндөрдөн болчу. Белграддын соту 5-апрелде ал маалдагы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Раде Марковичти, чалгын офицери Милан Радоничти 30 жылдан кести. Ушул... Читать дальше...

Кумарканалардын кубулган жүзү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги атайын операциянын жүрүшүндө Бишкекте кумар оюндарын жашыруун уюштурган беш мекеменин бетин ачты.

Москва менен Дүйшөмбү миграция боюнча документтерге кол коюшат

Azattyk.org 

Орусия менен Тажикстан жакынкы күндөрдө миграция тармагында жаңы келишим түзүшөт. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Документтерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 17-апрелдеги расмий сапарынын алкагында кол коюлганы турат. Өз сапарында Тажикстандын президенти Орусияны президенти менен жолугушат. Лякин-Фроловдун айтымында, орусиялык мекеме-ишканаларга эмгек мигранттарын кабыл алуу, Орусиянын Тажикстандагы миграция өкүлчүлүгү... Читать дальше...

Иркутскиде мигранттар жапырт кармалып, кое берилди

Azattyk.org 

Иркутск шаарында мигранттар жапырт кармалды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын «Сибирь.Реалии» кызматына укук коргоочу Наталья Хроменкова кабарлады. Анын айтымында, 4-апрелде Иркутскиде 300гө чукул мигрант кармалган. - Полиция кызматкерлеринин аракеттери кармоонун себебин билүү, коргонуу, котормочу алуу боюнча кармалгандардын укуктарын бузган. Бул жагдай туш келди камакка алууну эске салат. Анткени кармоого себеп болгон эмес. Аларды «терисинин түсүнө карап тандашкан». Чет өлкөлүк... Читать дальше...

Кургак учукка каршы беш жылдык долбоордун жыйынтыгы чыгарылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул тууралуу 5-апрелде Бишкекте “Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүүдөгү беш жылдык жетишкендиктер” конференциясында айтылды. Ошону менен катар бул ооруга чалдыгуу учурлары 13% кыскарганы маалым болду. Мындай жетишкендиктер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда ишке ашкан “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык” долбоорлорунун алкагында мүмкүн болду. Читать дальше...

Гутерриш Ливияда жоолашкандарды согуш аракеттерин токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы, ушу тапта Триполиде жүргөн Антонио Гутерриш Ливиядагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка, чыңалууну басаңдатууга чакырды:  - Бардык аскердик операцияларды токтотууга, эскалацияга алып келүүчү саясий, аскердик чакырыктарды басаңдатууга, кырдаалды көзөмөлгө алууга үндөйм. Жетекчилик менен жолугушууда дүйнөдөгү бир да маселени куралдын жардамы менен чечүүгө болбойт, Ливиядагы кырдаалды аскердик жол менен жөнгө салуу болбойт деген орток пикирге келдик. ... Читать дальше...



Көчмөн элдин башын кошкон көргөзмө

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кийиз дүйнө» коомдук фонду менен чогуу уюштурууда. Көргөзмө Улуу Жибек жолу өткөн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары туурасында келечек муунга маалымат берүү максатын көздөйт.

Президенттин каны таза чыкты

Azattyk.org 

Украинада президенттикке талапкерлер Владимир Зеленский менен Петро Порошенко 5-апрелде кан тапшырышты. Түркия менен АКШнын ортосунда кайым айтыш күчөдү.

Триполинин тагдыры таразада

Azattyk.org 

Ливия улуттук армиясынын башкы командачысы Халифа Хафтар кол астындагы аскерлерге борбор шаар Триполини алууга буйрук берди.

Киевдеги жардырууга кыргызстандыктын тиешеси тактала элек

Azattyk.org 

Киевдеги жардырууда өлгөн адам кыргызстандык экендиги тууралуу маалымат расмий тактала элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Украинадагы консулу Азамат Кабаев билдирди. 4-апрелге оогон түнү баш калаанын Голосеев районунда автоунаа жарылган. Анда бир киши оор жарадар болуп, кийин ооруканада көз жумган. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчук «Фейсбуктагы» барагына «Мамлекеттик чалгын кызматы  - ГРУнун офицеринин автомашинасын жардырам деп, өзү жарылып кеткен адам Кыргызстандын жараны» деп жазды. Читать дальше...

Стамбулдагы аэропорт жаңысына көчүрүлүүдө

Azattyk.org 

6-апрелден тарта Түркиянын Стамбул шаарында жаңы эл аралык аэропорт ишке кирет. Тиешелүү жабдуу Ататүрк аэропортунан жаңы аба майданына көчүрүлө баштады.  Маалыматка караганда көчүрүүгө эки сутка убакыт кетет. Ушундан улам эки аба майданында тең каттамдар 12 саатка токтотулду. Эл аралык компаниялар өз каттамдарын жаңы аэропорттон 6-апрелдин түнүнөн тарта башташы күтүлүп жатат. Жаңы Стамбул эл аралык аэропорту өткөн жылдын октябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Кыргызстандын... Читать дальше...

«Гарсу Пасаулис» паспорт тендери боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Кыргызстанга электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендерди утуп алган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы кыргыз бийлиги аны менен иштешерине үмүт кыларын билдирди. Ишкана тараткан маалыматта «Гарсу Пасаулис» дүйнөнүн 53 мамлекети менен ийгиликтүү иштешип келатканы, Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарында аларга каршы такталбаган, туура эмес маалыматтар таратылып жатканы белгиленет.  «"Гарсу Пасаулис" компаниясы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери менен мыйзамсыз иштерге... Читать дальше...

Зеленский менен Порошенко алкоголду аныктаган анализ тапшырышты

Azattyk.org 

Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко 5-апрелде кан тапшырышты.   Зеленскийдин канынын анализдери үч күндөн кийин даяр болот. Ал эми учурдагы мамлекет башчысы Петр Порошенконуку дароо чыкты. Тест анын организминде психоактивдүү заттар жок экенин көрсөттү.  3-апрелде Зеленский Порошенкону дебатка чакырып, өз шарттарын атаган. Алардын арасында ​«талапкерлер сөзсүз медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын арасында аракечтер, баңгилер жок экенин далилдеши зарыл. Читать дальше...

Риганын мэри жемкорлукка байланыштуу кызматтан алынды

Azattyk.org 

Латвиянын баш калаасы Риганын мэри Нил Ушаков жергиликтүү транспорттук ишканадагы коррупцияга байланыштуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу өкмөт тараткан расмий маалыматта айтылат.  Ушаков Ригадагы бүтүндөй коомдук транспортту тейлеген «Ригас сатиксме» компаниясынын каражаттарын максатсыз пайдаланган деп шек саналып жатат. Коррупциялык чоң жаңжал өлкөдө 2018-жылы башталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, «Ригас Сатиксме» Чехиянын «Шкода» жана Польшанын «Соларис» ишканаларынан трамвайларды... Читать дальше...

Казакстан кыргыз өкмөтүнүн дооматын четке какты

Azattyk.org 

Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактап жатканын, ошол эле учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты. Рахимов «товар Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда салыктар да Казакстанда төлөнүшү керек» деп жатат. Ошол эле учурда ал «транзит аркылуу Орусияга өтөт» деген кээ бир товарлар Казакстандын базарында калып жатканын белгилөөдө. Читать дальше...

Кыргыз делегациясы чек ара маселесин талкуулаганы Дүйшөмбүгө кетти

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон делегация кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди талкуулаш үчүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады. Ал эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралган маселелер менен анын жыйынтыгы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин айтты.   13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Читать дальше...

Былтыр үй-бүлөдөгү зомбулуктан 62 аял каза тапты

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызтанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган. Бул тууралуу «Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фондунун баяндамасында айтылат.  Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүп жатат. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 30 миңден ашык чалуу түшкөн. Читать дальше...

Өзбек президентинин кызы бала бакчанын ачылышына катышты

Azattyk.org 

Нукус шаарында алгачкы адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи 4-апрелде өттү. Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чарага министрдин орун басары, өлкө президентинин кызы Шахнозахон Мирзиёева катышты. Нукустагы реабилитациялык борбор чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун жардамы менен салынды. Президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы бул кызматка дайындалганы өткөн жылдын январында белгилүү болгон. Андан бери Шахнозахон Мирзиёеванын... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 6-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17... Читать дальше...

Ооганстандын түндүгүндөгү кармаш уланууда

Azattyk.org 

Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын жүздөгөн жоочулары Бадгис провинциясынын Бала Мургаб районуна чабуул коюп, кармаш жүрүп жатканын билдиришүүдө.  Район жетекчиси Варис Шерзаддын айтымында, 3-апрелден бери өкмөттүк күчтөрдөн кеминде отуз адам курман болгон.   Бала Мургаб - Ооганстандын түндүгүндөгү Түркмөнстанга чектеш аймак. Бадгистин провинциялык кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Байг талибдер Бала Мургабдагы өкмөттүк имараттарга жакын көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ээлеп алышканын 4-апрелде маалымдаган. Читать дальше...

Сариев: Баарыбыз президент болгубуз келген

Azattyk.org 

2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында кан төгүлүп жатканда Бакиевдин бийлиги менен оппозиция ортосунда сүйлөшүүлөр кантип жүргөн? Кан төгүүлөргө кандай жагдайлар себеп болгон? Ыңкылаптын алдында оппозиция өкүлү Москвага кандай максат менен барган? Убактылуу өкмөттүн төрайымы жана өткөөл президент кандай шарттар менен тандалган? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берди.

«Коопсуз шаар»: жол кырсыктарынан жабыркагандар 44,4% азайды

Azattyk.org 

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча, жол кыймыл эрежелерин бузуу 37,5% азайып, ушуга чейин 38 385 протокол толтурулду. 40 586 эреже бузуу катталып, эреже бузган 15 411 айдоочу 20 млн. 202 миң сом айып төлөдү. Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *