Эгизбаев атындагы көчө пайда болду
Ак-Ордо жаңы конушунда Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Көчөнүн узундугу эки чакырым. Бул конуш жайгашкан жердин документти чечилбей жаткандыктан көчөнүн аты расмий бекий элек.
Ак-Ордо жаңы конушунда Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Көчөнүн узундугу эки чакырым. Бул конуш жайгашкан жердин документти чечилбей жаткандыктан көчөнүн аты расмий бекий элек.
Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн “Балдарга - кино” аттуу эл аралык фестивалда баш байгени утту. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду жазды. Анда Орусия, Түштүк Корея, Эстония, АКШ, Бангладеш, Норвегия, Германия, Финляндия жана Иран кинорежиссерлору тарткан 16 тасма көрсөтүлгөн. «Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөнү жатат. Быйыл 25-апрелден тартып кыргызстандыктарга тартууланат. Читать дальше...
Казакстандын Ички иштер министрлиги Кордайдагы жол кырсыгында каза болуп жана жараат алгандардын арасында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары болгонун бүгүн түштөн кийин кабарлады. “Жол кырсыгында каза тапкан 11 кишинин сегизи Казакстандын, үчөө Өзбекстандын жарандары. Мындан сырткары жараат алып, ооруканага жеткирилгендер арасында Тажикстандын жарандары да бар” деп жазылат билдирүүдө. 20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунун... Читать дальше...
Парламенттин сайтына жарыяланган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам талаш жаратты. Айрым тармактык кесиптик кошуундар мыйзам кайра талкууга коюлбаса, нааразылык акцияларын уюштурууга даяр экенин билдиришти.
АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден келерки аптада Демократиялык партиядан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтө турганын жарыялайт. Бул тууралуу экс-вице-президентке жакын адамдар билдиришкен. Сурамжылоого караганда, президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети бар 18 демократтын ичинен 76 жаштагы Байдендин рейтинги жогору. Америкалык саясатчы буга чейин да Демократиялык партиянын ичинде президенттик кызмат үчүн талапкерлигин көрсөткөн. Бирок кампаниянын башында эле жарыштан чыгып калган. Читать дальше...
Он төртүнчү эл аралык жаз фестивалы Бишкекте өттү. Саамалыкка Кыргызстан, Австрия, Швейцария, Түркия баштаган сегиз мамлекеттен келген 11 музыкалык топ катышты. Кыргызстандын атынан жыйырма жылдык тарыхы бар “Аура” тобу өнөрүн тартуулады. Эл аралык жаз фестивалы Кыргызстанда 2006-жылдан бери жыл сайын үзгүлтүксүз өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, музыканын бул жанрына кызыккандардын саны арбып баратат.
21-апрелде Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9... Читать дальше...
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат. “Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбековдун билдиришинче, жаңы түзүлгөн комиссия бүгүн... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтөөсүнө пикирин билдирди. "Ыдырыс Исаков көргөн ишти УКМКнын Идириси (Кадыркулов – УКМКнын төрагасы – ред.) көрбөй калса, анда иш чатак. Кантип көрбөй койгонго болот? УКМК бир эле Алма-Ата көчөсүндө жашаган Атамбаевди карай бербей Оштогу Атамбаевди да караш керек экен. Ал жак каралбай калып, экинчи Атамбаевди миллионер кылып жибериптирбиз. Читать дальше...
Жазуучу Аким Кожоевдин китеп жана китеп окубай бараткан кыргыз коому тууралуу блогун сунуштайбыз.
КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева абактагы саясатчылардын ишин кайра карап чыгуу боюнча Саясий кеңештин чечимине түшүндүрмө берди. Анда “кеңеш чуулгандуу иштерди кайра карап чыгуу боюнча демилгелерге позициясын гана билдирүүнү туура көргөнү” айтылат. Айрым күчтөр теманы башка багытка буруп, маанисин өзгөртүп жатканын белгилеген Жолдубаева, “экс-президент Алмазбек Атамбаев Маевский Өмүрбек Текебаевге миллион доллар пара берген фактыдан шек санабайт”, - деп жазган. “Позициясын билдирүү менен... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек ара маселесин чагылдыруу боюнча эки тараптын журналисттери чогулду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлерде иштеген журналисттер тобу, жарандык активисттер чогулуп, атайын окуудан өтүп жатышат. Иш-чараны Deutsche Welle академиясы уюштурган. Медиа тармакта эмгектенгендер чек ара көйгөйлөрү тууралуу макала жазуу менен жаңжалдын ырбап кетүүсүнө салым кошпоо, чек аралаш аймак калкынын мамилесин чыңдоо жаатында тажрыйбалуу тренерлерден сабак алышууда. Окутууга... Читать дальше...
Ооганстандын борбору Кабулда жардыруу болуп, ок атышуу менен коштолду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун ооган кызматына полициянын басма сөз катчысы билдирди. Маалымат технологиялар жана байланыш министрлигинин жанындагы жардыруунун себептери айтылган жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими министрликтин тегерегиндеги ок атышууну ырастаганы менен кошумча маалымат айтпады. “Саат 11:40тар чамасында Байланыш министрлигинин жанында жардыруунун доошу угулган жана маал-маалы менен бул райондо өрт чыгып жатат”... Читать дальше...
Ошто суу, жайыт жана токой чарбасын пайдалануучулар ассоциациялары жана Айыл жерин өнүктүрүү фонду Кыргызстандын түштүгүндө үй-бүлөлүк фермерликти өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Ага жергиликтүү дыйкан, малчы жана токойчулар катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу “Суу пайдалануучулар ассоциациясынын” жетекчиси Эркинбек Кожоевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, аймактык алгачкы иш-чара айыл чарбасын көтөрүү менен элет жерин өнүктүрүүгө багытталган. "Дүйнөлүк айыл чарба форумунун колдоосу менен ушул... Читать дальше...
Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институт быйыл борт коштоочу окуусуна абитуриенттерди кабыл албайт. Буга жергиликтүү авиакомпаниялардын жана борт коштоочуларга суроо-талаптын аздыгы себеп болду.
Казакстандын Жамбыл облусундагыжол кырсыгынан 11 киши каза болду. Отузга жакын киши жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлаганын “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунун 181-чакырымында "Toyota Camry" машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Министрликтин басма сөз катчысы Нурдилде Ораздын айтымында... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиада өтүүдө. Анда 10 пилоттук жаңы конуштардын (Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата) 18 жаштан жогорку жашоочулары футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене көнүгүүсү боюнча нормативдерди тапшырышат. Бул демилге БУУ менен биргелешкен долбоордун алкагында Бишкек мэриясы жана БУУнун үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУ балдар фондусу),... Читать дальше...
Өкмөт «Кыргызстан-Кытай» газ куурун сала турган кытайлык компания менен курулуш иштерин такташа баштады. Долбоордун курулушу 2019-жылы старт алат деп белгиленген.
Бишкекте СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиевдин туулган күнүнө карата эл аралык опера жылдыздарынын катышуусу менен концерт болду. Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 19-апрелде опера ырчысы Алмаз Исматбаев “Ыраазымын” аттуу концерт койду. Ага Азербайжандын эмгек сиңирген артисткасы Сабина Вахабзаде, Мариинск театрынын солисти Юлия Сулейеманова, Казакстан операсынын солисти Мадина Оразбай катышты. Иш-чараны “Дордой” ассоциациясы каржылап, 23-апрель СССРдин эл артисти... Читать дальше...
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышына каршы эмес. Партиянын саясий кеңеши экс-президент жана КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин “кылмыш иштери боюнча жаңы жагдайлар ачылган учурда, алар укук коргоо жана сот органдары тарабынан толук бойдон мыйзамга ылайык гана каралышы керек” деп айткандарына тилектештигин билдирет. Бул маселе Саясий кеңештин 19-апрелдеги жыйынында каралды. Читать дальше...
Бишкекте «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери беш күндөн бери базарда түнөп, иштеген жерин кайтарып жатат. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги бул жерге соода борборун куруу пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тарта базарды жапкан. Ал эми соодагерлер базар жетекчилиги сунуштаган имаратка ижара акысы кымбат деген жүйө менен кирүүдөн баш тартышууда.
АКШ президенти Дональд Трамп өкмөт отурган Триполи шаарын алыш үчүн чабуулдарын баштаган “Ливия улуттук армиясы” деп аталган армиянын башчысы Халифа Хафтар менен телефондон сүйлөштү. CNNдин маалыматына караганда, сүйлөшүү дүйшөмбү күнү болгон менен маалыматты жума күнү гана таратты. Ак үй тараткан билдирүүдө “Президент Трамп фельдмаршал Хафтардын Ливиянын мунай ресурсунун коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү ролун тааныганы” айтылат. Сүйлөшүү учурунда терроризмге каршы күрөшүү... Читать дальше...
Кыргызстанда бала 9-классты бүткөнгө чейин мектепте милдеттүү билим алууга тийиш экендиги тууралуу мыйзам толук сакталбай жатат.
Кыргыз өкмөтү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 19-апрелде Чүйдүн Сокулук районундагы “Cool Bros.” тигүү ишканасынын иши менен таанышкан учурда билдирди. Ишкананын башкы директору Азимбек Жолдубаев белгилегендей, бул фабрика 2,2 гектар аянтта жайгашкан, мында өндүрүштүк имарат кеңседен, эксперименталдык цехтен, дизайнердик бөлүмдөн, бычуу бөлүмүнөн жана кызматкерлер үчүн ашканадан турат. Читать дальше...
Кыргыз-казак чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыргыз жаранын кармады. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 30 жаштагы Кыргызстандын жараны “Токмок-Автодорожный” чек ара өткөрмө бекети аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Текшерүү учурунда анын ID-card паспорту жасалма экени аныкталган. Тийиштүү документтер толтурулган соң шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)