Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 25.04.2019

Уран казуу толук токтомой болду

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчыда эл менен жолугушууда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынганын жарыялады.

Ооганстанда кол салуудан кеминде тогуз полиция кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан кеминде тогуз полиция кызматкери набыт болду. Фарах провинциясынын бийлигинин өкүлү Абдул Самел Салехи билдиргендей, полиция кызматкерлери жоочулардын буктурмасына кабылган. Чабуул 24-апрелдин кечинде Анардара районунда полиция жолго коюлган бомбаны зыянсыздандыруу аракетин көргөн учурда жасалган. Салехи согушкерлер полициянын райондук штабын аз убакыт барымтада кармап турганын, ортодо көп саатка созулган кагылышуу болгонун да кошумчалады. Кийинчерээк жоочулар штабдан сүрүп чыгарылган. Читать дальше...

Путин Пхеньянга коопсуздук кепилдиги берилиши керектигин айтты

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшкөндөн кийин бул өлкөгө өзөктүк программаны токтотуу үчүн "кепилдик" керектигин журналисттерге билдирди.    Анын айтымында, өзөктүк программаны аяктоодон мурда Пхеньянга эл аларалык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берилиши керек.   Эки өлкө башчыларынын биринчи жолку бетме-бет сүйлөшүүсү 25-апрелде Орусиянын Түндүк Корея менен чектешкен Владивосток шаарында өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана Пхеньяндын өзөктүк программасын талкууга алышты. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин оң баалады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди. Негизинен Ысык-Көлдөгү уран кенине байланыштуу жагдай, тышкы карыз, инвестициянын өлкөдөн чыгарылып кетиши, кадр саясаты, өкмөттүн өз түзүмү тууралуу суроолор берилип, талкуу болду.

Балбан Алигаджи Гамидгаджиев Азия чемпионатында күмүш байге алды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Алигаджи Гамидгаджиев ушул күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Гамидгаджиев 24-апрелде эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Ал алгач монголиялык Ганхуяк Ганбаатарды (4:2), чейрек финалда жапониялык Такахиро Мураяманы (15:7), жарым финалда Абдурасул Вахобовду (10:7) жеңди. Бирок... Читать дальше...

Пакистан соту журналисттин күрөөгө бошотулган мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Пакистандын соту журналист Шахзеб Жилланинин күрөөгө бошотулган мөөнөтүн 27-апрелге чейин узартты.  «Dunya News» телеканалынын иликтөөчү журналисти Шахзеб Жиллани «кибертеррорчулук» жана «Пакистандын абройлуу мекемелери тууралуу ушак-айың тараткан» деп айыпталууда.   25-апрелде Карачи шаардык соту Пакистандын Федералдык иликтөө агенттиги журналистке каршы сотко кайрылбаганын билдирди. Аталган орган Жилланинин үстүнөн полицияга 6-апрелде арыз жазган.  Өткөн аптада «Чек арасыз кабарчылар» уюму... Читать дальше...

Тажикстанды ташкын каптады

Azattyk.org 

Тажикстанда сел кеминде эки адамдын өмүрүн алды. Путин менен Ким эки өлкө мамилесин, Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулашты. Бээжинде "Бир алкак, бир жол" стратегиясынын саммити башталды. Окумуштуулар Марстагы силкинүүнү байкап, үнүн жаздырып үлгүрүштү.



Сот тандоо кеңешинин мурдагы мүчөсү алдамчылыкка шектүү катары кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жарандарды алдап, ири суммада акча алган деген шек менен Асел Төлөмүшева аттуу жаран кармалды. Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаеванын «Азаттыкка» айтканына караганда, Төлөмүшева сот иштеринде юридикалык көмөк көрсөтүүгө убада берип бир жарандан 50 миң, экинчисинен 57 миң доллар алган бойдон дайынсыз болуп кеткен. Ушундай эле арыз менен дагы эки жаран кайрылып, бириси 6, экинчиси 17,5 миң долларын Төлөмүшева ишенимге кирүү менен алдап алып кеткенин билдиришкен. Читать дальше...

Талаш эмнеден чыккан?

Azattyk.org 

22-апрелде кечке жуук тажик жараны Кыргызстан менен чек арадагы Ак-Сай айылынан сегиз жаштагы баланы «трактордун айнегине таш ыргытты» деп алып кеткенден кийин Исфара-Ворух жолу жабылып кайра ачылды.

Жо Байден АКШ президенттигине талапкерлигин көрсөттү

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Демократиялык партиядан президенттик кызматка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Байден 25-апрелде жарыяланган кайрылуусунда айтты. Анда саясатчы Дональд Трамптын башкаруусуна байланыштуу Американын негизги баалуулуктары коркунучка кептелгенин белгиледи.   "Дал ушул себептүү бүгүн мен президенттик кызматка өз талапкерлигимди коерумду жар салам", –  деди Байден. Буга чейинки сурамжылоолор президенттикке талапкерлигин көрсөтүү ниети бар 18 демократтын... Читать дальше...

Шер-Нияз: Элдин рухун көтөрө турган эч нерсе жасалган жок (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өкмөттүн 2018-жылдагы отчетун угуп жатып маданият тармагына көңүл бурулбай жатканын катуу сындады. Ал бүтүндөй бир тармак тууралуу сөз беш-алты сап менен жазылып көрсөтүлгөнүнө нааразы болду: - Эртең эле биз кетебиз баарыбиз, башкалар келет. «Биз бийликте турганда, парламентте, өкмөттө жүргөндө эл аралык деңгээлде ушундай жаштарды өстүрдүк» деп кайсы маданияттын, кайсы инсандын атын атай алабыз? Эч кимди атай албайбыз! Биз... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков: бийлик уранды иштетүүдөн жөн эле баш тартпайт

Azattyk.org 

26-апрелде Бишкек шаарында Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясы өтөт. Уюштуруучулардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков өкмөттүн уран кенин иштетүүгө тыюу салган чечими акцияны токтотпой турганын айтты:  - Бийликке ишенич жок. Алардын чечими эки багытта болушу мүмкүн. Биринчиси - «бүгүн алдап туралы». Экинчиси - «бир аз созобуз да убакыт өткөндөн кийин эл тынчып кала турган болсо кайра ишти баштай беребиз» деген. Анткени бул долбоордун артында чоң күчтөр турат. Читать дальше...

Украин тилин колдонуу тууралуу мыйзам колдоо тапты

Azattyk.org 

Жогорку Рада 25-апрелде украин тилин колдонуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Экинчи жана акыркы окууда жактырылган документ «Украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу» деп аталат. Президент Пётр Порошенко буга чейин аталган мыйзамга кол кое турганын билдирген.  Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил болуп калды. Аны колдонууну чектөөнү каалагандар жоопко тартылууга тийиш. Ошондой эле украин тилине коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылык берилиши керек.  Жеке сүйлөшүүлөр... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү: 26-28-апрелдерде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.  25-27-апрелдерде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт.  26-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Читать дальше...

Ингушетия: акцияга чыккан активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасында полиция ингуш элинин Дүйнөлүк конгрессинин тең төрагасы, активист Ахмед Погоровдун жана анын эки бир тууганынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "Яблоко" партиясынын Ингушетиядагы бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Муцолгов билдирип, Карабулак шаарындагы тинтүү 25-апрелде таң эрте башталганын, Погоровдун үйү жайгашкан көчөнү брондолгон техника тосуп, беткапчан, куралданган спецназ келгенин кошумчалады.   Мындан тышкары активисттин жээнинин үйү да текшерилип жатканы кабарланды. Читать дальше...

Мадумаров: Кыргызстан ЕАЭБде тең ата боло албай жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) тең ата боло албай жатат. Бул туралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндөгү маегинде билдирди:  - Биз теңата боло албайбыз. Ал үчүн жок дегенде биз ийине чыгарышыбыз керек. ЕАЭБге киргенде күчтуү мамлекеттер сөзсүз түрдө күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн өнүмдөрүн сатыш үчүн «саясий протекционизм» Петр-1 өткөргөн биринчи. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамына 2015-жылы августта кирген. Читать дальше...

Ким Путиндин «астынан өттү»

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында кездешти.

Мэрия таштанды ылгоочу завод курууга тендер жарыялады

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы таштанды ылгоочу жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тендер эки стадия менен өткөрүлөт. Биринчисинде техникалык, экинчи стадияда коммерциялык сунуштар каралат. Тендердин жоболору менен мэриянын сайтынан таанышууга болот. Бишкектеги таштанды иштетүүгө гранттык жана насыя каражаттарды тартуу боюнча долбоорду 2013-жылы депутаттар бекиткен. Долбоорго ылайык, Бишкекте таштанды иштетүү «Бишкек санитардык... Читать дальше...

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды

Azattyk.org 

Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына  берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты. - Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын (ред: компаниянын) колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз, - деди Боронов. Читать дальше...

Польша менен Беларус орус мунайын өткөрүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Польша менен Беларус "Дружба" өткөргүчү аркылуу орус мунайын кабыл алууну токтотушту.  Буга батыштык сатып алуучулар "булганган жана сапаты начар" деген негизде орусиялык мунайды алуудан баш тартканы жүйө келтирилди.   Беларус 19-апрелде советтик доордо курулган "Дружба" өткөргүчү аркылуу келген мунайдын сапаты кескин начарлап кеткенин билдирген. Булганычтын булагы Орусиянын Самара-Унеча мунай өткөргүчүнө жакын жерден табылганын айткан. Мунай өткөрүүгө жооп берген "Гомельтранснефть - Дружба"... Читать дальше...

Байтак жолдон кош келет...

Azattyk.org 

«Сөз дайранын» бүгүнкү чыгарылышында байтак, баки, басыр, борч деген сөздөрдүн маанисин талдайбыз.

AI казакстандык эки активистти «абийир туткуну» деп тааныды

Azattyk.org 

«Amnesty International» (AI) эл аралык укук коргоо уюму казакстандык активисттер Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду «абийир туткуну» деп тааныды. Уюм казак бийлигин экөөнү тез арада боштондукка чыгарууга чакырды.  Уюмдун билдирүүсүнө караганда, Казакстанда тынч жыйынга чогулуу укугу «катаал түрдө чектелет». Өз пикирин билдирип чыккан Тулесова менен Толымбековго «административдик да, кылмыш санкциялары да салынбашы керек болчу». Эки активист Алматыдагы марафон учурунда таза шайлоого чакырык... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. Парламентте 103 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди. Эл өкүлдөрү өкмөттүн былтыркы иштери боюнча отчётун 24-апрелде жана бүгүн укту.   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,5% өскөн. Ошол эле учурда чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6% азайган. Ал эми калктын өкмөткө болгон ишеним индекси 0,6% төмөндөгөн. Былтыр республикалык бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *