Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 06.04.2019

Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек»

Azattyk.org 

Апрель окуяларынын тогуз жылдыгынын алдында «Азаттык» радиосу «Ата-Мекен» партиясынын лидери, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, учурда камакта отурган саясатчы Өмүрбек Текебаевге бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

Караколдогу бейөкмөт уюмдун кеңсесинде өрт чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан "Спектр" коомдук фондунун кеңсесинде өрт чыкты. Өрт өчүрүү кызматынын алдын ала маалыматына ылайык өрт атайылап коюлган. "Тилсиз жоодон" жабыркагандар жок.  Эки бөлмөлүү кеңседеги буюмдар ар кайсы жерде чачылып жатат. Уюмдун кызматкерлери кеңседе баалуу буюмдар болбогонун, бирок көп жылдан бери чогултулуп келген баалуу документтер күйүп кеткенин айтышууда. Кыйноого каршы коалиция өрттү "Спектр" коомдук фондунун ишмердигине жана жарандык позициясына байланыштырды. Читать дальше...

Атамбаев КСДПнын курултайын өткөрдү

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) курултай өткөрдү. Жабык өткөн жыйындан кийин Атамбаев саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин маалымдады.

Алмазбек Атамбаев: Эл алдында тазамын

Azattyk.org 

6-апрелде Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы жабык өттү. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер иш-чарага киргизилген жок. Курултайда мурдагы саясий кеңеш жоюлуп, жаңы саясий кеңеш түзүлдү.

Эмгек сиңирген артист Жаркын Балыкбаева дүйнө салды

Azattyk.org 

Эмгек сиңирген артист, театрдын алдыңкы актрисаларынын бири Жаркын Балыкбаева узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнө салды. Актриса Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштечү. Жаркын Балыкбаева Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Ырчы Мойдунов мындан төрт жыл мурун жүрөгүндөгү дарттан каза тапкан. Ооруканада көз жумган актрисанын сөөгү 8-апрелде жерге берилет. (KR)

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 7-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Талас жергесинде түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17, Баткен облусунда түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

Базар-Коргондогу базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлдү

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы борбордук базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлүп, акыркы бир аптанын ичинде эки жолу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун акими Айбек Бегимкулов «Азаттыкка» билдирди:  - Жаз алды менен райондогу айылдарда элдик жыйындар өтүп, анда жергиликтүү тургундар борбордук базарды иретке келтирүүнү талап кылышты. Чындыгында район борборундагы чоң базарга башка жактан да келип соода кылышат. Өткөн жумада өрт өчүрүү жана башка тийиштүү кызматтар менен базардын ичинде рейд... Читать дальше...

КСДПнын саясий кеңешинин жаңы курамы 42 кишиден турат (тизме)

Azattyk.org 

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайында мурдагы саясий кеңеш жоюлуп, жаңы саясий кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу партиянын өкүлү Асел Кодуранова кабарлады.  Саясий кеңештин курамына парламенттин сегиз депутаты, журналисттер жана коомдук ишмерлер кирди. 1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович. 2. Абдыразаков Батырбек Шайдуллаевич 3. Айтикеев Мирбек Онолбекович 4. Артыков Анвар Артыкович 5. Ашканбаев Таалай Таабалдиевич 6. Борбукеева Рита Нурманбетовна 7. Докенов Эрнис Шарапидинович 8. Читать дальше...



Абдирасулова: коомчулук Атамбаевди өзү бузду

Azattyk.org 

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова экс-президент Атамбаевдин кечирим сураганын кабыл алып, ага ыраазы экенин «Азаттыкка» билдирди: - Биздин коомчулук эки жүздүү. Бийликте турган кишиден коркуп, айбыгып, сыйлап турабыз. Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде катачылык кетирип жатты. Анын катачылыгын айтсак, башкалар бизге чабуул коюп жатышты. А бүгүн Атамбаевди «жакшы» дегендер ага каршы чыгып жатышпайбы. Мен ошого ыза болдум. Эгер биз Атамбаевди колдосок ал жакшы эле президент болмок. Атамбаевди коомчулук, өзүбүз буздук. Читать дальше...

Муфтият тор соода, пластикалык операция жана эмдөө боюнча чечим чыгарды

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.  Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам түйүндүк маркетингге (тор соодага) тыюу салынды.  Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды. «Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган... Читать дальше...

«6-апрелди жек көрөм...»

Azattyk.org 

2010-жылдагы апрель окуяларына быйыл тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган. 6-апрелде Талас районунун тургуну Нурлан Рыскуловго эки ок тийген. Каргашалуу окуядан кийин бир топ жыл ооруп жүрүп, 2013-жылы 37 жашында кырсыктан каза тапкан. Маркумдун жубайы Тамара Рыскулова апрель ыңкылабын, күйөөсүнүн тагдырын ый аралаш эскерди.

Момбеков: Атамбаев башкаруу учурундагы каталарын мойнуна алды

Azattyk.org 

6-апрелде өткөн КСДПнын курултайынан чыгып, журналисттерге сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаев өз каталарын мойнуна алганын айтты. Ал ошондой эле өзүнө жана учурда Атамбаевдин жанында жүргөндөргө карата бийлик кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады: - «Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. Читать дальше...

Кодуранова: жаңы саясий кеңеште парламенттин 8 депутаты бар

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Асел Кодуранова партиянын курултайынан кийин журналисттерге чыгып сөз сүйлөп жатып, мурунку саясий кеңеш жоюлганын жана жаңысы түзүлгөнүн айтты: - Мурунку саясий кеңешти жокко чыгарып, жаңысын шайладык. Анын курамына 55 киши кирди. Анда Жогорку Кеңештен 8 депутат бар. Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП курултай өткөрдү. Ага «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок.

Экс-президент укук коргоочудан кечирим сурады

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев алар менен биригүүгө кол сунган адамдарга ыраазычылыгын билдирди: - «Биригебиз» деген ар бир адамга сүйүнөбүз. Жарандык коомдун өкүлдөрү жазган сөздөрүн окуп ыраазы болуп жатам. Азиза Абдирасуловага рахмат. Менден күнөө кетсе кечирип койсун. Ошондой адамдарга ыраазымын, - деди Атамбаев. Бүгүн «Форум» имаратында КСДПнын курултайы жабык өттү.

Алмазбек Атамбаев: Биз саткандарга кошулбайбыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, 4-апрелде экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирди: - Чектөөлөр мыйзамсыз. Алар Конституцияга каршы келет. Берки курултайды уюштургандардан "Негизги максатыңар кандай?" деп сураган турбайсыңарбы. Негизги максаты - Атамбаевди каматуу. Ал партиянын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турат. Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен эл алдында, Кудай алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөш эмес... Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык келинди өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

5-апрелде Түркиянын Манавгат 2-аймактык соту кыргызстандык Екатерина Четиндин өлүмү боюнча өкүм чыгарды.  Сотто 42 жаштагы түрк жараны Мехмет Четин "жеңеси Екатерина Четинди өлтүргөн" деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. 2018-жылы 27-февралда Анталиянын Манавгат аймагында 34 жаштагы Екатеринанын сөөгү табылган. Екатеринаны кайниси муунтуп өлтүрүп, андан кийин полиция чакырганын жергиликтүү басылмалар жазышкан. Анталия шаардык прокуратурасы чогулткан далилдерге караганда, келин күйөөсү менен ажырашуу үчүн сотко кайрылган. Читать дальше...

Бишкекте түрдүү дин өкүлдөрү көчөт отургузушту

Azattyk.org 

Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү Бишкектеги Тоголок Молдо эс алуу паркына 100 даана көчөт тигишти. 6-апрелдеги саамалыкка элүүдөн ашуун адам чогулду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат Токтомушев, Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн эпискобу Даниил жана башка диний уюмдардын лидерлери жана өкүлдөрү эс алуу багынын түрдүү аймагына жаңы көчөттөрдү отургузушту. Дарактарды Бишкек мэриясынын Жашылдандыруу чарбасы берди.  Көчөт отургузуу иш-чарасын Дин иштери... Читать дальше...

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: кечээ жана бүгүн

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, мамлекетти 15 саясатчыдан турган Убактылуу өкмөт колуна алган. «Азаттык» Убактылуу өкмөттө мүчө болгон саясатчылардын жолуна жана учурдагы абалына сереп салды.

Пакистан түрмөдөгү 360 индиялыкты бошотот

Azattyk.org 

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жакын арада Араб деңизинде мыйзамсыз балык уулоого чыгып, кармалып калган 360 индиялыкты түрмөдөн бошоторун жарыялады.  5-апрелдеги билдирүүнү серепчилер өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну басаңдатуу аракети катары кабыл алышты. Индия менен Пакистандын мамилеси ушул жылдын февраль айында куралдуу кагылышуудан кийин начарлап кеткен.  «Пакистан түрмөдөгү 355 индиялык балыкчыны жана беш жаранды жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотот. Читать дальше...

Аба майданында жашаган Арлендин таржымалы

Azattyk.org 

«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам 70 күндөн бери жашап жатат. Арлендин аялы, эки баласы Норвегияда жашайт. Аны 2016-жылы Кыргызстанга депортациялашкан. Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Документтери так болбогону үчүн Кыргызстанга да кире албай отурат.

Мэрия жолду кеңейтиш үчүн Ботаникалык бактагы дарактарды кыйбайт

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы Кара-Көл көчөсүн кеңейтиш үчүн Ботаникалык бактагы дарактарды кыюудан баш тартканын билдирди. «Ботаникалык бактын аймагы корукка алынган өзгөчө жер болуп эсептелет жана анын чек араларын аныктоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн милдети болуп саналат», - деп айтылат мэриянын маалыматында. Буга чейин активисттер бакты коргоп калыш үчүн нааразылык акцияларына чыгып жүрүшкөн. Алардын айтымында, «баш калаанын өпкөсү» деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алынып келип... Читать дальше...

Бишкекте бак кулап, үч автоунааны басып калды

Azattyk.org 

Бишкектеги Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короосунда бак кулап, үч автоунааны басып калды. Түндө жааган катуу жаандан улам тамыры чирип калган бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Окуя таңга жуук болгондуктан эч ким жабыркаган жок. Учурда окуя болгон жерде "Бишкек жашылдандыруунун" кызматкерлери иштеп жатат.  Автоунаа ээлери келтирилген чыгымын төлөп берүүнү шаардык мэриядан талап кыларын айтышууда. (JJo/KR)

Ноокенде аялдар арасында футболдук мелдеш өтүүдө

Azattyk.org 

Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында элеттик кыз-келиндер жана аялдар арасында футболдук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири Каныкей Турсунбаева билдирди. Аримжан жана Чоң-Багыш айылдарынан чогулган аялдардын 10 командасы топ тепкенден тышкары, кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана тамак-аш азыктарынын жармаңкесин уюштурушкан. «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» програмасынын алкагында уюштурулган иш-чара аялдардын спортко кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *