АКШ Ливиядагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди
Кошмо Штаттар Триполинин жанындагы салгылашууларга байланыштуу «терең тынчсыздануусун» билдирди. 7-апрелде мамлекеттик катчы Майк Помпео Халифа Хафтарга баш ийген күчтөрдү борбор шаарды алуу операциясын дароо токтотууга үндөдү.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар мамлекеттер Ливиядагы кырдаалга кабатырлыгын билдирип, айрым өлкөлөр өз жарандарын эвакуациялоого даярданышууда.
Соңку маалыматтарга караганда, башкалаа Триполи үчүн кармашта өткөн бейшембиден тартып кеминде 23 киши курман болду.
4-апрелде 2011-жылдан бери экиге бөлүнүп калган өлкөнүн бир тарабын көзөмөлдөгөн улуттук армиянын кол башчысы Халиф Хафтар эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөт жайгашкан Триполини алууга буйрук берип, аскердик операция баштаган.
Эл аралык коомчулук тарабынан таанылган премьер-министр Файез Сарраж ага баш ийген күчтөр Хафтардын армиясына туруштук берерин, Ливиянын шаар-кыштактары агрессорлордон, мыйзамсыз күчтөрдөн тазаланарын айтты.
Хафтарды Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Орусия колдоп келген. Өткөн ишембиде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров чатакты тынч жол менен чечүүгө, БУУну жааттташкан тараптардын ортосунда диалог баштоого демөөрчү болууга чакырган.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн расмий жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө, Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.