Меркел Кыргызстан менен түзүлгөн бизнес келишимдерди кубаттады
Берлинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду кабыл алган Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди кубаттады.
"Биз түзүлгөн бизнес келишимдерине кубанып турабыз. Бирок бул макулдашууларды дагы кеңейтүүгө болот. Кечээ Мюнхенде өткөн немис-кыргыз форуму дагы жакшыраак жана ургаалдуу бизнес кызматташтыгынын башаты болду деп ойлойм", - деди Меркел.
Аны улай президент Жээнбеков кыргыз-немис бизнесмендеринин ортосунда жалпысынан бир миллиард евродон ашык келишимдерге кол коюлганын айтты.
"Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына соода-экономика тармагы, суу-энергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, өнөр-жай, айыл чарба жана туризм кирет", - деп билдирди Жээнбеков.
Кыргыз президенти соңку жылдары эки өлкө ортосундагы саясий байланыштар активдешкенин, буга 2016-жылы Меркелдин Кыргызстанга сапары өбөлгө түзгөнүн айтып, өзүн расмий сапары менен Германияга чакырганы үчүн немис канцлерине ыраазычылыгын билдирди.
15-апрелде президент Жээнбеков башында турган кыргыз делегациясы Баварияда болгон. Германиянын бул аймагында эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өткөн эле.