smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 15.04.2019

Ооганстанда үйлөнүү үлпөтүндө үч киши окко учту

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында куралчан адам үйлөнүү үлпөтүнө чогулгандарга ок атып, андан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Азырынча мерт болгондордун тек-жайы ачык айтыла элек.  Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Тали Мангалдын айтымында, окуя 14-апрелдин кечинде Тани районунда болгон. Куралчан киши той маалында ок аткан соң качып кеткен. Бул кол салуудан 12 киши жарадар болду.  Азырынча бул окуяга бир да согушкерлер тобу жоопкерчилик ала элек. Тани районунда «Талибан»... Читать дальше...

Кызыл чырым: Сирияда кызматкерибиз алты жыл мурда уурдалган

Azattyk.org 

Эл аралык кызыл чырым уюму алты жыл мурда Сирияда уурдалган кызматкерлеринин бири ошол бойдон табыла элек экенин билдирди. 14-апрелде Женевада өткөн басма сөз жыйынында уюмдун өкүлү Доминик Стилхарт билдиргендей, жаңы зеландиялык медайым Луиза Акави 2013-жылдын күзүндө уурдалган. Ошол бойдон «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун туткунунда калып калган. Уюм 62 жаштагы медайымдын өмүрүнө коркунуч келтирип албайлы деген кооптонуудан улам бул тууралуу маалыматты жар салбай келген.  Жаңы Зеландиянын... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 15-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Караколдо Н. Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

XIX кылымдагы орус окумуштуусу, саякатчы Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына арналган иш-чарага Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышты. Ысык-Көл облусунун жетекчилиги жана орус элчилигинин өкүлдөрү Пржевальскийдин эстелигине гүлчамбар коюшту. Алар Пржевальскийдин Каракол шаарындагы музейине барып, өмүр жолу менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын алкагында саякатчы жөнүндө маалымат берилген митинг-реквием да болуп өттү. Элчи Николай Удовиченко менен Ысык-Көл облусунун жетекчиси... Читать дальше...

Ингушетияда митингге чыккан эки активист камалды

Azattyk.org 

Ингушетияда жер маселесине байланыштуу нааразылык акциясына чыккан активисттерди камоо жана алардын үйлөрүн тинтүү уланып жатат. Дүйшөмбүнүн таңында МАШР аттуу коомдук уюмдун башчысы Магомед Муцольговдун үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Жергиликтүү активисттер рейддер ингуш коопсуздук күчтөрүнүн эмес, федералдык кызматтын өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп жатканын айтышууда. Акциялардын башында турган Муса Мальсагов и Ахмед Барахоев 14-апрелде эки айга камалганы маалым болду. Аларга «полиция кызматкерлерине каршы күч колдонушкан» деген айып коюлуп жатат. Читать дальше...

«Кесип кербени» Нарынга, Таласка жана Караколго барат

Azattyk.org 

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин туура тандоого багыт берүүчү «Кесип кербени» долбоору 9-апрелде Бишкекте башталып, өлкөнүн түштүк аймагындагы бүтүрүүчүлөр менен жолугуп келди. Демилгечилер белгилегендей, долбоор жаштарга билим алуунун маанисин терең жеткирүү жана кесипке туура жол тандоо боюнча маалымат берүү максатында уюштурулган. Жолугушуулар учурунда балдарга Кыргызстандын эмгек рыногундагы суроо-талап көп болгон кесипке окуу, андан ары карьераны өркүндөтүү боюнча талкуулар өтүүдө. Читать дальше...

Финляндиядагы шайлоодо социал-демократтар алдыга чыгышты

Azattyk.org 

Финляндиядагы парламенттик шайлоодо солчул, буга чейин оппозицияда болуп келген Социал-демократиялык партия добуштардын 17,7 пайызынын топтоп, алдыга чыкты. Андан 0,2 пайыз азыраак добуш алган улутчул көз караштагы «Нукура финндер» партиясы экинчи орунда. 200 орундуу парламентте социал-демократтар 40 орунга, ал эми улутчулдар 39 орунга ээ болушту. Премьер-министр Юха Сипилянын партиясы төртүнчү орунга илинди. Парламентке ошондой эле Жашылдар партиясы, христиан-демократтар жана башка бир нече партиялар өтүштү. Читать дальше...

УКМКнын Антитеррордук борборуна жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Мирлан Тургунбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антитеррордук борборуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу жардыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.  Мирлан Тургунбеков буга чейин УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Ал коопсуздук кызматында 2000-жылдардан бери иштеп келе жатат.  УКМКнын Антитеррордук борборунун мурунку башчысы Асылбек Кожобеков кызматынан 1-февралда бошотулган. Читать дальше...



Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Azattyk.org 

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатын утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт.  Буга байланыштуу 15-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Боронов кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Ал милиция кызматкерлеринен жарандарга сылык мамиле кылып, аларга ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүнү, өздөрүнүн сырткы көрүнүшүн жана тартибин уставга жараша алып жүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, шаардык милиция кызматкерлерине таандык буюмдардын болушу, сырткы келбети текшерилди. Читать дальше...

«Акнет» компаниясына козголгон иштерди ИИМ иликтейт

Azattyk.org 

«Акнет» компаниясына козголгон иштерди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы иликтейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Мекеменин маалыматына караганда, Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берди. Финполиция «Акнетке» каршы Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү... Читать дальше...

Колдо бар алтындын баркы жок

Azattyk.org 

Кыргызстан 2018-жылы чет жакка 16 тоннадан ашык таза алтын экспорттоду. Аталган баалуу металлдын дагы беш тоннага жакыны концентраттын курамында чыгарылып кетти. Натыйжада өлкөдө азыраак гана алтын калды.

Суталиновдун жакындары сот имаратынын алдына митингге чыгышты

Azattyk.org 

Митингге чыккандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча айыпталып, түрмөдө отурган Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарууну талап кылышууда. Колдоруна «Генерал Суталиновго эркиндик!» деп жазылган плакаттарды кармаган  туугандары, жакындары, айылдаштары бийликти Суталиновдун ден соолугу начарлап кеткенине көңүл бурууга тийиш деп эсептешет.  15-апрелде Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу маселени карамак. Читать дальше...

Жыл башынан бери чек арадан мыйзамсыз өткөн 20дан ашык адам кармалды

Azattyk.org 

12-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) Чүй облусунан чек арадан мыйзамсыз өткөн Казакстандын үч жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Алар Казакстандын аймагынан Кыргызстандын өткөрмө пунктунан сырткары жерден өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМКга сотко чейинки өндүрүш жүргүзүш үчүн өткөрүлүп берилди.  Расмий маалыматка караганда, 2019-жылдын башынан бери 25 чет элдик жаран Кыргызстанга... Читать дальше...

Суталинов абалы оордугунан сотко жеткирилген жок

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда ушул тапта атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун иши каралууда. Суталинов өзү ден соолугунун начарлаганына байланыштуу сотко жеткирилген жок. Анын адвокаттары Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаев Суталинов катуу ооруп жатканын сотко айтышты. Ал эми соттук териштирүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу 7-майга жылды.  9-апрелдеги сот жараянында көрсөтмө берген дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген... Читать дальше...

Ат-Башы каналына түшүп кеткен баланы 100гө жакын куткаруучу издөөдө

Azattyk.org 

Аламүдүн районундагы Константиновка айылында Ат-Башы каналына чөгүп кеткен беш жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 11-апрелде чөгүп кеткен. Баланы издөөгө Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Ысык-Ата, Москва райондук өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнөн жана Токмок шаардык аскерлештирилген өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 94 куткаруучу тартылды. Аларга беш суучул жардам берүүдө. Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин (Ат-Башы каналында жана Чу дарыясында) жүрүп жатат.

Украина: талапкерлердин тиреши курчуду

Azattyk.org 

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөрүнө саналуу күндөр калды. Бирок талапкерлер ушул кезге чейин эрөөлдө бет келише элек. 14-апрелде стадионго Петр Порошенко келди, бирок Владимир Зеленский келбей койду.

Парламенттин Бюджет жана каржы комитети өкмөттүн ишин талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети бүгүн 15-апрелде өкмөттүн былтыркы жылдагы ишин талкуулайт. Баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасайт. Өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапкан. Өкмөт толук курамы менен парламентке барып, отчет берген. Суроо-жооптун жүрүшүндө депутаттар экономиканы жакшыртып, карапайым калктын социалдык маселелерин чечүү, инвестиция тартуу тууралуу кеп кылышты. Алар ошондой эле... Читать дальше...

Балдар менен иштеген милиция кызматкерлери жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери үчүн семинар өтөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага милиция бөлүмдөрүнүн жана Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу борборунун инспекторлору менен адистери катышат. Кыргызстанда жашы 18ге толо электердин саны 2 миллион 300дөй. Бул жалпы калктын 37%. Расмий статистикага караганда, балдар жасаган кылмыштардын саны былтыр 2018-жылы алгачкы үч айда 425 болсо, быйыл 272ни түздү. Рэкетчилик фактылары былтыр биринчи кварталда 21 болсо, быйыл 17. Читать дальше...

Президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Германияга барды. Бүгүн 15-апрелде ал Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен, андан кийин экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри Хуберт Айвангер менен жолугушат. Мындан тышкары Ханс Зайдель атындагы фондго барып, Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, эки тараптуу бизнес-форумдун ачылышына катышат. Президент «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасына барып, андан соң Германиядагы мекендештер менен жолугушат. Читать дальше...

Тамекиге каршы мыйзамдар талдоого алынат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте Кыргызстандын тамекиге каршы мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселеси талкууланат. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун конвенциясы жана Кыргызстандагы абал тууралуу кенен сөз болот. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда коомдук жайларда, мекемелердин ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Анын авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева эл аралык изилдөөлөрдүн... Читать дальше...

Ташкентте казак-өзбек кызматташтыгы талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн 15-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга алгачкы мамлекеттик сапары башталууда. Ташкентте ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, ортодо бир катар маанилүү документтерге кол коюлары, социалдык-экономикалык кызматташтыктан тышкары транзиттик-транспорттук алака тууралуу кеңири сөз болору айтылды. 19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип, анын ордуна парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген. Мамлекет башчысы... Читать дальше...

Суталиновду бошотуу маселесин кароо уланат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин кароо уланат. Аны ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин караган соңку отурум 9-апрелде өткөн. Адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, "түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес" деген пикирин айтышкан. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын... Читать дальше...

Иран: Селден каза болгондордун жалпы саны 76га жетти

Azattyk.org 

Иранда соңку апталарда селден жалпысынан 76 адамдын өмүрү кыйылып, чыгым 2,2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө бийлиги тараткан расмий маалыматта айтылат. Адатта кургакчыл келген түндүк-чыгыш провинцияларында нөшөр жааган жаан 19-марттан бери жүздөгөн адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө мажбур кылды. Сел суусу имараттарга, жолдорго, инфраструктура объектилерине жана айыл чарба тармагына залакасын тийгизди. “Жалпы өлкө боюнча 31 провинциянын 25и жабыркады. Бул 4400 айыл” деп билдирди ички иштер министри Абдолреза Рахмани-Фазли. Читать дальше...

Порошенко Зеленскийди кайрадан эрөөлгө чакырды

Azattyk.org 

Украин президенти жана президенттикке талапкер Петр Порошенко атаандашы Владимир Зеленскийди бүгүн 15-апрелге да эрөөлгө чакырды. Кечээ 14-апрелде “Олимпийский” стадионунда пландалган эрөөлгө Зеленский барган эмес. Ошондон кийин ал атаандашына кайрылып, "эртең да, бүрсүгүнү да эрөөлгө чыгууга даяр экенин" айтты: - Урматтуу Владимир Александрович. Эртең мени сизди сыяктуу эле программага чакырышты. Мен ошол жакта болом. Коркпоңуз. Эрөөлдүн эч коркунучу жок. Мен эч кимди кемсинтким келбейт. Бул өтө маанилүү жоопкерчилик. Читать дальше...

"Жибек Жолу" көргөзмөсүндө Ак илбирс күнү өттү

Azattyk.org 

Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү уланып жатат. Бүгүн көргөзмө бир күндүк тыныгуу алып, эртең кайра уланарын “Азаттыкка” уюштуруучу уюм - «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду кабарлады. Кечээ 14-апрелде Ак илбирс күнү өттү. Тематикалык видео көрсөтүлүп, балдар арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди. Ак илбирс байырлаган жерлерде орнотулган фото-капкан тууралуу кенен маалымат берилип, залда отургандарды тартып алган сүрөттөр кайра балдардын өзүлөрүнө көрсөтүлдү. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *