“Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу иш-чара башталды
Ош шаарында “Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык салтанаты өтүүдө. Маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу менен башталды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты. 19-апрелде Оштун борбордук аянтында “Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Читать дальше...