Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 26.04.2019

Freedom House казак бийлигин активисттерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековду бошотууга чакырды.   Уюмдун билдирүүсүндө таза шайлоого чакырган баннер көтөрүп чыккандык үчүн камакка алуу катаал жаза экени айтылат. Ошондой эле мындай көрүнүш өлкөдө президенттик шайлоонун акыйкат өтүшүнө күмөн туудура турганы белгиленген.   Эки активист 21-апрелде Алматыдагы марафон учурунда таза шайлоого чакырык таштаган акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды... Читать дальше...

Ош шаарында жаңы диализ борбору ачылды

Azattyk.org 

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай долбоор «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашты. Ага Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдүү Республикасы) компаниясы көмөк көрсөттү. Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн. Читать дальше...

Айылына бала бакча курган мекендеш

Azattyk.org 

Ноокен районунун тургуну, Орусияда тиш догдур болуп иштеген Момунжан Алиев туулуп-өскөн айылына 60 орундуу жаңы бала бакча куруп берди. Имараттын курулуш ишине ал 6 млн. сом сарптаган. Мекендешибиз бала бакчаны аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекетке белек катары тартуулаганын айтат.

Кытай "Бир алкак - бир жол" долбоору боюнча сынга жооп берди

Azattyk.org 

Кытайдын президенти Си Цзиньпин өзүнүн эски Жибек жолун калыбына келтирүүгө багытталган "Бир алкак - бир жол" планы эл аралык соода кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталганын билдирди. 26-апрелде Бээжинде өтүп жаткан Бир алкак - бир жол" форумунда сөз сүйлөгөн учурда Кытай президенти  АКШ, Евробиримдик жана башка көптөгөн чет элдик өнөктөштөрдүн нааразылыгын жараткан кытайлык фирмалардын конкуренцияга каршы субсидиялары жокко чыгарыла турганын айтты.   «Биз чыныгы атаандаштыкка жолтоо болгон жана  өзүн актабаган эреже... Читать дальше...

27-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17, Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Балыкчы шаарынын мэри 14-майда шайланат

Azattyk.org 

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 14-майга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ал эми Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаикованын ордуна келген. Шаикова паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу кызматтан алынган. (BTo)

Уйга жетпес карагердин байгеси

Azattyk.org 

Сардарбек Рыскулов саяпкерлик менен мүнүшкөрлүк, өткөндүн санжыргалуу турмушун кемелине келтирип баяндап берүүнүн устасы болчу.

Уран казууга каршы чыккандар резолюция кабыл алышты

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы өткөн нааразылык акциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; Ошондой эле уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу» талаптары коюлду. Бүгүн, 26-апрелде борбордук аянтта болгон акцияда катышуучулар «Уранды эмес ууруларды казгыла!»... Читать дальше...



Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» форумунун ачылышына катышты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Кытайдын Бээжин шаарында «Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ачылыш аземине катышты. Анда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү. Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышып жатат, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келген. Читать дальше...

Шыкмаматов: Президент уранды иштетүүгө каршы мыйзамга кол коёт деп ишенем (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда уран кенин иштетүү боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирет деп ишенерин айтты. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Ала-Тоо аянтында уранды иштетүүгө каршы өткөн акцияда билдирди. «Президент бул маселе боюнча пикирин билдирет болуш керек. Бирок азыр ал Кытайда, ага чейин Европада жүрүп келди. Мен саясатчы катары ал өз оюн айтат деп ойлойм. Ошондой эле биз сунуш кылып жаткан мыйзамды колдоп, кол коюп берет деп ишенем». Читать дальше...

Рада украин тилинин макамын көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Рада украин тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейткен мыйзам долбоорун акыры кабыл алды. Президент Петро Порошенко талкуу жараткан бул документке кол коюп кетерин билдирди. Орусия муну "украиндештирүү" аракети деп мүнөздөдү.

Бишкекте уран казууга каршы акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында бүгүн, 26-апрелде Кыргызстандын аймагында уран казууга каршы нааразылык акция өтүп жатат. Алар акцияны Жогорку Кеңештин алдында баштаган. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар адамдар катышууда.   Акцияга чыккандар колдоруна «Уранды эмес ууруларды казгыла!», «Урансыз келечек!», «Урансыз Ысык-Көл!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушат. Ошондой эле өкмөттөн буга чейин өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү... Читать дальше...

«Бир алкак – бир жол»: Кытай сынга жооп берди

Azattyk.org 

Форумдун ачылышында Кытайдын лидери Си Цзинпин долбоордун жүргүзгөн иштери, негизги пландары тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө буга чейин айтылып келген кемчиликтерди жоюуга убада берип, кооптонууларды азайтууга аракет кылды.

"Бир алкак - бир жол" дүйнө лидерлерин чогултту

Azattyk.org 

Ондогон өлкөнүн лидерлери, расмий өкүлдөрү, Эл аралык валюта корунун президенти, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкатчысы Бээжинде чогулушту. Кытай “Бир алкак – бир жол” демилгесинин экинчи саммитин өткөрүп жатат. Анын алдында айрым өлкөлөр Кытай менен алакасына саресеп салууда.

УКМК: эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Кыргызстандын жараны, эл аралык террористтик уюмдун согушкери (А.А.И.) кармалганын билдирди. Ал 23-апрелде колго түшкөн. Маалыматка караганда, шектүү 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү максатында Кыргызстанга келген. «Бул факты... Читать дальше...

Жээнбеков: Кыргызстан-Украина ортосундагы мамиле өнүгөт деп ишенем

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Украинанын президенти болуп шайланган Владимир Зеленскийди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Сизди Украинанын президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем,- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.  Украинада... Читать дальше...

Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар боюнча бир жылда 110 иш ачылган

Azattyk.org 

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлгөн, ал эми 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76% Ош, 12% Жалал-Абад аймагынын тургундары жана алардын 94% эркек, 6% аялдар болгон. Ошондой эле айыпталгандардын 60% 30 жашка чейинкилер экени айтылат. Көзөмөл орган... Читать дальше...

Шри-Ланкада өлгөндөрдүн саны 100 кишиге аз болуп чыкты

Azattyk.org 

Шри-Ланка бийлиги Пасха майрамындагы теракттардан каза болгондордун саны болжол менен жүз кишиге аз болуп чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Би-би-си Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып кабарлады. Буга чейин жекшембиде болгон жардыруулардын курмандыктары 359га жеткени айтылган. Учурда каза тапкандардын саны 253түн тегерегинде деп эсептелди.  21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманканалар... Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте уран казууга каршы акция өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 26-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында айрым жарандар Кыргызстан аймагында уран кенин казууга таптакыр тыюу салуу талабы менен акцияга чыгышат. Алар кыргыз өкмөтүнөн өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү талап кылышат. Уюштуруучулардын бири Назикбек Кыдырмышев мындай деди: -  Бул маселе жалаң эле Ысык-Көлгө тиешелүү эмес. Эртең Ысык-Ата, Кочкордон казып Кара-Балтадан иштете бериши мүмкүн. Биз уран казууну жана кайра иштетүүнү толук токтотууну талап кылабыз. Читать дальше...

Зеленский: БШК жыйынтыкты жарыялоону атайылап создуктурууда

Azattyk.org 

Украинадагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен шоумен Владимир Зеленский өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоону атайылап создуктурууда деп айыптады. Анын айтымында, БШК атайылап эле Жогорку Рада жаңы президенттин инаугурациясын 27-майга чейин белгилөөгө жетишпей калсын деп убакытты созууда. Эгер шайланган президенттин ант берүү аземи андан кийинки күндөргө жарыяланса, анда Зеленский парламентти таркатуу тууралуу жарлык чыгара албай калат.  Украин мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...

Казакстанда кесилген кыргызстандыктардын жакындары өкүмгө макул эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловдун, Чыңгыз Абакировдун жакындары Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Алар сот ишти акыйкат эмес карады деп эсептешет. 26-апрелде соттолгондордун жакындары Бишкекте маалымат жыйын курарын билдиришти. 24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Читать дальше...

Путин эки күндүк сапар менен Пекинге барды

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусунан кийин эки күндүк сапарга Кытайга келди. Ал Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүсү боюнча Кытай лидерине жана АКШ бийлигине кенен маалымат берүүгө даяр экенин билдирди. 26-апрелде Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын Путинди Пхеньянга чакырганын жана ага орус лидери макул болгонун кабарлады. Бирок так датасы айтылган жок.   Путин Түндүк Корея лидери менен жолугушуусун “маңыздуу талкуу болду" деп баалады. Читать дальше...

Депутаттар кол топтоо механизмин мыйзамдаштырууну сунуштоодо

Azattyk.org 

Парламенттеги бир катар депутаттар "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү" мыйзамга петиция жана онлайн түрүндө кол чогултууну киргизүү долбоорун сунуштап жатышат. Бүгүн 26-апрелде Бишкекте мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жана петициянын механизмдерин иштеп чыгуу боюнча коомдук талкуу өтөт. Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунун өзөгүн мындайча түшүндүрдү. - Мисалы, бир маселе боюнча беш миң кол топтолсо парламенттеги комитет карашы керек. Ал эми 10... Читать дальше...

Жээнбековдун Пекин сапары уланууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Пекин шаарында жумуш сапары менен жүрөт. Жээнбеков Бишкектен 25-апрелде учуп кеткен. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчысы “Бир алкак - бир жол” эл аралык форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү 2019” көргөзмөсүнө катышат.   Форумдун алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугат. Ошондой эле Жээнбеков экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча бир катар компания жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *