Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 05.12.2019

Депутаттар аткезчиликти талкуулашты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты. Депутаттар Кыргызстанда контрабанда тыйылбай, кылмыштуулуктун саны көбөйүп жатканын сынга алышты. Өкмөт чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл камералар орнотулуп, аткезчиликке системалуу бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын билдирүүдө. Атказчилик маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйынында накталай акчаны чек ара аркылуу алып өтүүдөгү көмүскө иштер боюнча... Читать дальше...

Пелоси Трампка импичмент жарыялоого киришүүнү суранды

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасына президент Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоого киришүү өтүнүчү менен кайрылды. “Президент өз кызыкчылыгынын пайдасы үчүн, улуттук коопсуздугубузга шек келтирүү менен кызматынан кыянаттык менен пайдаланган. Америкада эч ким мыйзамдан жогору турбайт”,-деди Пелоси 5-декабрда жасаган билдирүүсүндө. 4-декабрда коомдук угууларды баштаган Өкүлдөр палатасынын Соттук комитети импичмент беренелерин түзүү үчүн жооп берет. Читать дальше...

Жасалма документ фабрикасы

Azattyk.org 

Швецияда көпчүлүктүн көз жаздымында, көлөкөдө калган жамаат бар. Башка өлкөлөрдөн келген жарандардын ишке салынышын 21-кылымдагы кулчулукка теңесе болот.

Босния-Герцеговинада өкмөт башчы дайындалды

Azattyk.org 

Босния-Герцеговинада 14 ай мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин акыры премьер-министр дайындалды. 5-декабрда өткөн добуш берүүдө парламент экономист Зоран Тегельтиянын талапкерлигин колдоду. 58 жаштагы Тегельтия жыл соңуна чейин өкмөттү курап, андан соң өз аракетин керектүү, Евробиримдикке мүчөлүккө түртө турган реформаларды баштоого жумшарын билдирди. Партиялардын саясий лидерлери орток пикир таба албагандыктан Босния-Герцеговинада өкмөт башчы шайланбай келген. Төрт миллион калкы бар,... Читать дальше...

Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Жарандык активист, «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Эрдоган: Түркия НАТОнун пландарына каршы чыкпайт

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара НАТОнун Польша менен Балтиканын коргонуу системасын колдоо боюнча планына мындан ары каршы чыкпай турганын билдирди. Эрдогандын айтымында, эми Түркия аскердик альянстан терроризмге каршы күрөштө колдоо күтөт. Бул тууралуу түрк президенти 5-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Түркия Сириядагы күрт кошуундарына каршы аскердик операциясына байланыштуу НАТОдогу башка өнөктөштөрүнүн сынына кабылган. Сириядагы күрт кошуундары... Читать дальше...

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралда өтөт

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-декабрда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өтөрүн жарыялады. Бир нече күн мурда парламент өзүн өзү таркаткан. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңылануусу» менен түшүндүргөн. Оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши буга каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Алиевдердин үй-бүлөсүнүн бийлигин дагы бекемдерин билдирген. Октябрь айынан тарта Азербайжан өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр башталган. Читать дальше...

Үйү өрттөнгөндөр, камсыздандыруунун кайгысы

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө беш балалуу үй-бүлө тилсиз жоонун айынан үй-жайсыз калды. Үй-жайдан, тиричиликке керектүү бардык мүлкүнөн кол жууган бул үй-бүлө азыр кошунасынын бир бөлмөсүндө жашап жатат. Көп балалуу үй-бүлө үчүн турак жайды кайра калыбына келтирүү азыр чоң маселе болуп турат. Ысык-Көл облусунда 150 миңден ашык турак үй бар. Алардын 6 миңден ашыгы гана камсыздалган.



Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Жарандык активист, "Фейсбуктагы" "БеспределKG" баракчасынын модератору Автандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда. Читать дальше...

Депутаттар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү канааттандырарлык деп тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы өкмөт жүргүзүп жаткан күрөштү канааттандырарлык деп тапты.  Маселени алгач Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карап, канааттандырарлык деген токтом долбоорун даярдаганын комитет төрайымынын орунбасары Искендер Матраимов 5-декабрдагы жыйында билдирди. Аны жыйынга катышкан 75 депутат колдоду.  Жыйынга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышып, 2019-жылдын башынан бери 126 кылмыш иши катталганын... Читать дальше...

Калпакты мазактагандарга каршы демилге

Azattyk.org 

«Улуттук баш кийим жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте колдоо тапса, ак калпакты мазактагандар 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып төлөйт. Мындай мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жактырды.

Парламент аткезчиликке каршы күрөштү жарым-жартылай колдоду

Azattyk.org 

Өкмөттүн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана аткезчилик менен ташылып келген товарларга каршы жүргүзгөн ишин Жогорку Кеңеш жетишсиз деп тапты. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет бул маселени Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет менен бирге карап, ага «канааттандырарлык эмес» деп баа берген. Бирок депутат Өмүрбек Бакиров аны «жетиштүү эмес» деп өзгөртүүнү сунуш кылып, жыйынга катышып отурган 74 депутат колдоду. Читать дальше...

Токаев Крымдын айынан Киевди капа кылды

Azattyk.org 

Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Крым тууралуу айткандары боюнча Киев Нур-Султанга нааразылык билдирип, тиешелүү жооп кайтара аларын эскертти.

Милиция феминналени уюштуруу ишин да иликтеп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасын уюштуруу жагын милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу 5-декабрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламентте айтты.  Андан тышкары, музейдин мурдагы жетекчиси Мира Жангарачеванын «коркутуу болду» деген арызынын негизинде да иликтөө жүрүүдө. Материалдар Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.... Читать дальше...

Экс-премьерлер Сатыбалдиевди колдоп чыгышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын бир нече мурдагы премьер-министри Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди колдоп, кайрылуу таратышты. Бул кайрылууга өкмөттү ар кайсы жылдары башкарган Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев кол койгон. Анда бул кылмыш ишинин алкагында Сатыбалдиевди 11 жылга соттоо боюнча мамлекеттик айыптоонун өтүнүчү туура эмес экени айтылып, иштин... Читать дальше...

Францияда мамлекеттик кызматкерлер жапырт иш ташташты

Azattyk.org 

Францияда пенсия реформасына каршы мамлекеттик жумушчулар жапырт иш таштап, массалык жүрүштөр башталды. Транспорт, билим берүү тармактарынын жана өкмөттүк ооруканалардын кызматкерлери президент Эммануэл Макрондун бирдиктүү пенсия системасына өтүү боюнча демилгесине каршы чыгышты. Алардын бири Силви Леон буларды айтты: - Чын, иш таштоолор кыжырга тиет, жүргүнчүлөр нааразы. Бирок мындай иш-аракет мыйзам чегинде жүрүп жаткан болуш керек. Балким алардын да талаптары бар, аны угуп, талкуулаш керек.... Читать дальше...

Аткезчилик парламенттин талкуусуна түштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана Мамлекеттик бажы кызматындагы аткезчилик боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Казакбаев: Феминналеге каршы маанай радикал мүнөздө болду (видео)

Azattyk.org 

Бишкекте аялдардын укугуна арналган феминнале көргөзмөсүнө каршы чыккандардын маанайы радикал мүнөзгө өтүп кеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Азаттык» радиосуна билдирди: - «Бир топ кыргыз жигиттери барып, маданият министрин коркутуп-үркүтүштү» деп жатышат. «Көргөзмөнү жаап, талкалайбыз» деп, «музейдин кызматкерлерин коркутушту» дешти. Бул радикал кадам болбой, эмне? Укук коргоо органдары муну карашы керек. Ошого туруштук бере албай, Гапар Айтиев атындагы музейдин директорун бошотуп... Читать дальше...

Өкмөт: «Азаттыкта» айтылган 700 млн. доллардын бюджетке тиешеси жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттөн «Азаттык» жарыялаган иликтөөдө айтылган 700 млн.  доллардын мамлекетке тиешеси бар-жогун тактап сурады.  Бул суроого вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берди: - 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген. Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун айтты: - «Азаттыкта» айтылган 700 млн. Читать дальше...

Москва Болгария элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Москва болгариялык дипломатты өлкөдөн чыгарарын билдирди. Орус бийлиги Москвадагы Болгариянын элчиси Атанас Кристинге өлкөдөн чыгып кетүүгө 24 саат берилгенин Болгариянын Тышкы иштер министрлиги 5-декабрда билдирди. Беш жума мурда София тыңчылык чуусуна байланыштуу орус атташесине виза бербей койгон. Андан мурда дагы бир орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберген. Болгариялык прокурорлор ошондой эле орусиячыл депутат Николай Малиновду арам акчаны адалдоого жана Москва менен тыгыз кызматташып келген... Читать дальше...

Бишкекте автоунаада баратып ок аткан адамды милиция издеп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында автоунаада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамды милиция издеп жатат. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди. 5-декабрда Түштүк магистралдын жанында «Ала Арча» соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил машиненин айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуя тартылган видеону «Фейсбуктун» колдонуучулары Интернетке чыгарышты. (SE)

Лукашенко: Беларус Орусия менен бирдиктүү парламент түзбөйт

Azattyk.org 

“Беларус эч качан башка мамлекеттин, атүгүл бир тууган Орусиянын да курамына кирбейт жана кирүүнү көздөгөн эмес”,-деди президент Александр Лукашенко 5-декабрда парламенттин депутаттары менен жолугушууда. Ал ошондой эле Орусия менен Беларус мунай боюнча бир катар маанилүү суроолорду чечише электигин белгиледи. Лукашенко кошумчалагандай, эки өлкө эч качан бирдиктүү парламент түзүү тууралуу сүйлөшкөн эмес. Мындай билдирүүлөрдү ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусун утурлай жасады. Эки... Читать дальше...

Халилзад Ооганстанга барды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын башташ үчүн 4-декабрда Кабулга барды. Ал президент Ашраф Гани жана башка Ооганстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушкан соң Катардын баш калаасы Дохага учуп кетти. Халилзад ал жактан талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жанданта турганын АКШнын Мамдепартаменти билдирди. Буга чейин сүйлөшүүлөр сентябрда токтоп калган. Буга Кабулдагы талибдердин чабуулдарынын күч алышы түрткү болгон. Читать дальше...

Депутат Бекешев: Камчы менен аялды коркутпай, ууруну колго чапкыла

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбеков «коррупцияга каршы саясат артыкчылыктуу багыт» дегени менен укук тартибин коргоо органдары берилген тапшырмаларды аткара албай жатат деп эсептейт. Мындай пикирин парламентарий 5-декабрда жалпы жыйында билдирип, коррупционерлер менен аткезчилер Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшкөнүн айтты.  - Алар Кыргызстанда жыргап жатышат. «2020-жылы парламентке келебиз» деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды... Читать дальше...

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк райондорунда жаан, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…5... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *