Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 14.12.2019

Равшан Жээнбеков эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочу саясатчыга күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен кине тагылганын кошумчалады.

Саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камалды (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочу саясатчыга күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен кине тагылганын кошумчалады. Мунун алдында Равшан Жээнбеков өзү журналисттерге кыскача маек куруп, аны бирөөнүн курулай сөзү менен гана айыптап жатышканын айткан. Ал бийлик коррупция менен күрөшө албай, жакырчылыкты... Читать дальше...

Курал менен паспорт берүүнүн "сыры"

Azattyk.org 

Аскер прокуратурасы 2010-жылдан бери чет элдик жарандарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сыйлык катары мыйзамсыз берилген куралдар боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын билдирди.

ТИМ сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун өкүлүнө жооп кайтарды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин сөзүнө жооп катары билдирүү таратып, аны менен макул эместигин кабарлады. Мекеме Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай чектөө жоктугун жана өлкө демократия принциптерин, адам укуктарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) көп түрдүүлүгүн эл аралык милдеттенмелерге ылайык сактап келе жатканын билдирет. Ошондой эле муну президент Сооронбай Жээнбеков да бир нече ирет белгилегени кабарланат. Читать дальше...

Кадрлар алмашса, коррупция азаймак

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы үч медиага коюлган доо тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уэллс "Твиттерге" бир тууган Матраимовдордун «Азаттык» радиосуна, "Kloop" жана "24.kg" басылмаларына карата ири суммада койгон доолоруна байланыштуу комментарий калтырды. “Эркин маалымат каражаты демократиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ошондуктан биз Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин, Конституцияда көрсөтүлгөндөй колдоого алууга чакырабыз”, - деп келтирет бюро Элис Уэллстин сөзүн. Читать дальше...

Суданда бийликтен кулатылган президент эки жылга кесилди

Azattyk.org 

Судан мамлекетинин бийликтен кулатылган президенти Омар ал-Башир өлкөнүн борбору Хартумда коррупцияга айыпталып, эки жылга камакка алынды. "Ал-Жазира" телеканалы кабарлагандай, ал чет элдик валютаны мыйзамсыз сактоого, чек ара боюнча акча алууга жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого айыпталууда. Мурдагы мамлекет башчы 75 жашка чыкканына байланыштуу жазасын түзөтүү борборунда өтөй турган болду. Омар ал-Башир бир нече айлык каршылыктардан кийин быйыл апрелде аскерлер тарабынан кулатылган. Нааразылык экономикалык ураандар менен башталып... Читать дальше...



Ат-Башы ГЭСинин токко урунган кызматкери ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Ат-Башы ГЭС мекемесинин эки кызматкери токко урунуп, бири Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициядан билдиришкендей, окуя 13-декабрда болду. Жабыркаган адамдын (К.М) абалы азыркы учурда оор деп бааланууда. Экинчи кызматкердин абалы канааттандырарлык деп кабарланууда. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Читать дальше...

Султанбаев: Чындык менен байлыктын ортосунда кармаш жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Журналисттер союзу үч медиа каражатына жана “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновго жалпы 60 млн. сомдук доонун коюлуп жатышын сөз эркиндигине жана демократияга бөгөт катары баалайт. Бул тууралуу аталган союздун төрөгасы Абдыкадыр Султанбаев билдирди. - Сот чагылгандай тездик менен, ак-карасын аныктабай туруп, чечим чыгарышы шек санатты. Дагы жакшы, бир күндөн кийин катачылыгын түшүнүп үч медианын эсебин камактан чыгарды. Сот мына ушундай жагдайды эске алышы керек. Мындан аркы чечими... Читать дальше...

Түндүк Корея дагы бир ракетаны сынады

Azattyk.org 

Түндүк Корея 14-декабрда билдирүү таратып, өзүнүн Сохэ полигонунда алыскы аралыкка атыла турган ракетасын “ийгиликтүү” сынаганын жарыялады. Бул билдирүү Пхеньян АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына басым коюп жаткан учурда жарыяланды. Өлкө лидери Ким Чен Ын өзөктүк курал боюнча токтоп калган сүйлөшүүлөрдү бүтүрүү үчүн жыл аягына мөөнөт койгон. Ким өткөн жылы Пхеньянда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен болгон саммитте ортодогу ишеничти бекемдөө үчүн Сохэ аянтчасын жабууга макул болгон. Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидрометтин" кабарлашынча, Кыргызстанда 13-декабрда башталган туруксуз аба ырайы 15-декабрда уланат. Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда суу кар жаашы мүмкүн. 15-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй,  Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Читать дальше...

БУУ чөп бизнесине колдоо көрсөттү

Azattyk.org 

БУУнун өндүрүштү өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл аймагында чогултулган экологиялык жактан таза, дары чөптөрдү кайра иштете турган чакан цех ачты. Азырынча ички базарды гана камсыз кылган бул цех 27 түрдүү чай чыгарууда.

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан тогуз аскер өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 14-декабрда таңга жуук жасалган чабуулдан кеминде тогуз аскер кызматкери курман болду. Ошол эле учурда башка маалымат каражаттары жана “Талибан” кыймылы кол салуудан 24 адам өлгөнүн билдиришүүдө. Талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид жергиликтүү медиага жоочулар көзөмөл-өткөрмө бекетке пландалган чабуул жасаганын айткан. Борбордук Газни провинциясынын Карабах районунда болгон окуянын башка жагдайлары кабарлана элек. Ички иштер министрлигинин расмий... Читать дальше...

Саймаитинин өлүмү: УКМК журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берет

Azattyk.org 

Уйгур ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбековду суракка чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылды. УКМК ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да суракка чакырыларын кабарлап, алар Кыргызстанга келсе өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кепилдик берилерин кабарлады. Мекеме журналисттик... Читать дальше...

Ошто жалган автомектеп ачып алган киши кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында лицензиясыз автомектеп ачып, тургундарды алдап жүргөн деген шек менен 33 жаштагы Ноокат районунун тургуну (П.К.) кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, кеп болгон жаран шаардын Өскөналиев көчөсүнөн кеңсени ижарага алып, сыртына “Автомектеп” деген жазууну илип койгон. Ал келген адамдарга өзүн башкача ат менен мектептин директору катары тааныштырып, автоунаа айдоого укугу бар күбөлүк алып берүүнү убада кылып жүргөн. Читать дальше...

ЕККУнун өкүлү ЖМКларга коюлган миллиондук доолорду айыптады

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандын үч маалымат каражаты - «Азаттык» радиосу, Kloop жана 24.kg басылмаларына карата ири суммада доо коюлганына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Анын сөзү ЕККУнун сайтында жарыяланды. “Кыргызстандагы аталган ЖМКлар соттук талашта өз кызыкчылыгын коргоого аргасыз болуп жатканына мен өтө кабатырмын. Жарандык иштин алкагында кадыр-баркын коргоодо ири суммада доо коюлганы ЖМКлардын эркиндигине тескери таасир этет. Читать дальше...

Кыргызстандагы коррупциянын дөө-шаалары

Azattyk.org 

«Эркин Европа» радиосунун Борбор Азия маселелерине арналган «Мажилис» талкуусунда Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлардын чоо-жайын ачып берген соңку журналисттик иликтөөлөр тууралуу кеп болду.

Орусиянын соту жеке компанияга Путиндин ылакап атын берүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Роспатенттин «Псевдоним Платов» соода маркасын каттоодон баш тарткан чечимине каршы “Интеллект жана укук” («Интеллект и право») компаниясынын доо-арызын Орусиянын интеллектуалдык укуктар боюнча соту канааттандырган жок. Бул тууралуу орусиялык “Медуза” басылмасы аталган соттук мекемеге таянуу менен жазды. Буга товардык белги Орусиянын азыркы президенти Владимир Путиндин КГБнын чалгын мектебинде окуган кезиндеги ылакап аты менен дал келгени себеп болду. “Интеллект жана укук” компаниясы «Псевдоним... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Матраимов боюнча Токтакуновдун арызы УКМКга өткөрүлдү

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсептик журналынын (журнал учета информации) автоматташтырылган базасына катталганын билдирди. Мекеме социалдык тармактардагы “укук коргоочунун арызы каралбай жатат” деген маалыматтарды төгүндөдү. Башкы көзөмөл мекемеси расмий билдирүүдө, ал арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилгенин, мурдараак... Читать дальше...

Бишкекте кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленип жатат

Azattyk.org 

Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына арналган борбордогу иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, бир катар депутаттар, спорт ардагерлери жана спорт ишмерлери катышып жатат. Салтанатта волейбол федерациясынын астында түзүлгөн “Энелер лигасы” Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин сааты... Читать дальше...

Трамп: АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрүнүн биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Кытай биринчи соода макулдашуусунун биринчи фазасы боюнча принципиалдуу келишимге жетишти. Буга байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн көтөрүү жөнүндө мурдараак кабыл алынган чечимин 15-декабрда күчүнө киргизбей турган болду. Трамп "Твиттердеги" баракчасына жазгандай, Кытай бир катар структуралык өзгөрүүлөргө барууга жана америкалык айыл чарба жана өндүрүш товарларын масштабдуу түрдө сатып алууга макул болду. Президент бир нече кытай товарларынын... Читать дальше...

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергөө камагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу тууралуу 14-декабрда маалымат берип, анын адвокатынын айткандарын төгүндөдү. Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов Атамбаевдин абалы канааттандырарлык экенин, дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп жатканын билдирди. Күн мурда Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев мурдагы президент өзүн начар сезип жатканын, кан басымы түшүп кеткенин журналисттерге билдирген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *