Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 16.12.2019

Бухаресттеги өрт үчүн айыптуулар кесилди

Azattyk.org 

Румыния соту 2015-жылы Бухаресттеги түнкү клубда болгон өрт үчүн айыптуу 13 кишини кести. Кырсык 65 кишинин өмүрүн кыйып, өлкөдө массалык нааразылыкка алып келген. Бухаресттин муниципалдык соту 16-декабрда клубдун 3 ээсин ар бирин 11 жыл 8 айга эркинен ажыратты. Алар өрткө алып келген коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп табылды. Өрт 2015-жылдын октябрында рок концерт маалында тутанган. Шоу салют менен коштолгон. Ошол фейерверк менен камсыздаган компаниянын 3 өкүлү 10 жылдан 12 жылга чейин кесилди. Читать дальше...

Сталиндин сүрөтү тартылган шоколад сатыктан алынды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы орус музейи анын аймагындагы кафеден сыртына Иосиф Сталиндин сүрөтү тартылган шоколадды сатыктан алып салды. Маалыматка караганда, бул кардарлардын нааразылыгынан улам жасалды. Адегенде "Фейсбук" колдонуучуларынын бири кофе менен кошо Сталин деген шоколад берилерин жазып, анын постун 400дөн көп киши бөлүшкөн. Бир күндөн кийин музейдин басма сөз кызматы шоколад сатыктан алынганын маалымдап, товарды кафени ижарага алгандар заказ кылганын, музей жетекчилиги менен макулдашылбаганын белгиледи. Читать дальше...

Майып балалуу энелер үй жыйнап акча табат

Azattyk.org 

Майып балалуу энелер уюм түзүп, тиричилигине каражат таба башташты. Хабаровскиде сабалган кыргызстандык айдоочулар. Анкарадагы кыргыз эненин көркөм дүйнөсү. Улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү даңазалаган топ. Чыгармачылыгы менен айырмаланган таланттарга ыйгарылган Чыңгыз Айтматов сыйлыгы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Эбин тапкан энелер

Azattyk.org 

Майып балалуу энелер уюм түзүп, тиричилигине каражат таба башташты. Хабаровскиде сабалган кыргызстандык айдоочулар. Анкарадагы кыргыз эненин көркөм дүйнөсү. Улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү даңазалаган топ. Чыгармачылыгы менен айырмаланган таланттарга ыйгарылган Чыңгыз Айтматов сыйлыгы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Младичтин апелляциясы мартта каралат

Azattyk.org 

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын калган иштерин караган Гаагадагы сот босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын 17-18-март күндөрү карамай болду. Судьялар бул чечимин 16-декабарда жарыялашты. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон 77 жаштагы Младич Сребреница шаарчасындагы геноцид, Босния-Герцеговинадагы босниялык мусулмандар менен хорваттарды өлтүрүү, Сараевону камоолго алуу, БУУнун коргоо бөлүктөрүнүн аскерлерин барымтага алуу үчүн 2017-жылы өмүр бою кесилген. Читать дальше...

Германияда Косовонун жараны террорчуларга көмөктөшүү үчүн айыпталууда

Azattyk.org 

Германиянын прокуратурасы Косовонун жаранына Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдоду деген айып такты. Бул тууралуу 16-декабрда кабарланды. Шектүү адам июнда камакка алынгандан бери абакта отурат. Прокурорлордун айтымында, Хасан Б. аттуу киши 2016-2017-жылдар аралыгында террордук уюмдун Сириядагы жоочуларынын эсебине 11 жолу акча жөнөтүүгө көмөктөшкөн жана өз эсебинен да 3 сандуу каражат которгон, муну менен чет өлкөлүк террордук уюмду колдогон деп айыпталууда. Ал ошондой эле... Читать дальше...

Дудук балдардын үнсүз спектакли

Azattyk.org 

Бишкекте Дүлөйлөр жана дудуктар жатак мектебинин окуучулары "Чоң курсак" деп аталган спектаклди даярдап жатышат. Алар аны видеого тартып, таратып, дудук балдарга коомчулуктун көңүлүн бургусу келет. "Азаттык" актёрлорду жана уюштуруучуларды кепке тартты.



Сабалган мигранттар боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Казакстандагы митингдерде ондогон кишилер кармалды. Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголду. Индияда коңшу мамлекеттерден барган мусулман эместерге жарандык берүүнү караган мыйзам элди көчөгө чыгарды.

Кундуз Жолдубаева сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 16-декабрда  сурак берип чыкты. Ички иштер министрлиги ал Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары сурак берип, коё берилгенин маалымдады. Анын алдында Атамбаевге таандык "Апрель" телеканалы Жолдубаева камакка алынышы ыктымалдыгын маалымдаган болчу.  Ушул жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттети... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлап, жаңжалдашкан кишилер тарап кеткенин билдирди. Тажикстандан бул жаатта расмий маалымат айтыла элек. 16-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмо орнотуп жатканы маалымдалган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон аймакта Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү... Читать дальше...

Казакстан: Эгемендик майрамындагы митинг

Azattyk.org 

Казакстанда Эгемендик күнү белгиленип жатат. Нур-Султан жана Алматы шаарларында оппозиция жана жарандык коомдун активисттери акцияларга чыгып, саясий туткундарды бошотууну, адам укуктарын коргоону талап кылышты.

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Azattyk.org 

16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо башташкан. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон аймакка Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери барып... Читать дальше...

Хабаровскидеги окуя боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган учурда билдирген. Кеңешчи Тышкы иштер министрлигине 16-декабрда чакыртылган. ​ Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп... Читать дальше...

Индияны жаатташтырган жарандык мыйзамы

Azattyk.org 

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Жаңы мыйзамга ылайык, Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилет.

Ливандагы митингде ондогон адамдар жабыркады

Azattyk.org 

Ливанда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда ондогон адамдар жабыркады. Башкалаа Бейрутта өкмөткө каршы акциялардын жаңы толкуну эки түн катары менен уланды. Ишембиде күч түзүмдөрү демонстранттарга каршы жаш чыгарчу газ чачып, желим таяктарды колдонду. Нааразылык акциясына чыккандар полицияга таш ыргытышты. Бул ирет көчөгө чыккандар эки ай мурда демонстранттардын талабы менен кызматтан кеткен премьер-министр Саад Хариринин кайрадан өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршылыгын билдиришти. ... Читать дальше...

Режиссер Болот Шамшиевдин абалы оор

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин абалы оор деп бааланууда. Бул маалыматты президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк ырастады. Анын маалыматы боюнча, Шамшиев ооруканага ноябрь айынын аяк ченинде жаткырылган. Учурда реанимацияда жатат. - Башында абалы оор болчу. Бир жума мурун бир аз жакшы болуп калган. Азыр кайра оорлошуп кетти. Ден соолугу бир калыпта болбой жатат. Кыргызстандын... Читать дальше...

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы акциялар уланууда

Azattyk.org 

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялар беш күндөн бери уланууда. 16-декабрда Нью-Делиде полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн кайрадан көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Бир нече демонстрант кармалганы кабарланды. Акциялардын алгачкы күнүндө эле кеминде беш адам каза тапкан. Айрым аймактарда интернет байланышы үзгүлтүккө учурады. Жаңы мыйзамга ылайык, Ооганстан, Бангладеш жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилет. Читать дальше...

Кара-Суу: өрт чыккан мектептин спорт залы оңдолуп жатат

Azattyk.org 

15-декабрда Кара-Суу районундагы №73 Токтогул атындагы мектептин спорт залында өрт чыккан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Жанышбек Омошов билдирди. Маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычтан чыккан. Өрт өчүргүчтөр келгенче спорт залдын 20 чарчы метр өрттөнүп, дагы 10 чарчы метрдей аянт жараксыз абалга келген. Кырсык дем алыш күндөрү болгондуктан эч ким жабыркаган эмес. Жанышбек Омошовдун айтымында, кырсык болгон мектепке айыл өкмөт башчысы барып... Читать дальше...

Украина оппозициялык блогерди Бакуга депортациялады

Azattyk.org 

Украина азербайжандык оппозициялык блогер Элвин Исаевди Бакуга депортациялады. Азербайжан Башкы прокуратурасы аны оор кылмышка шектүү деп издөө жарыялаган. Бул тууралуу Азербайжандын мамлекеттик миграция кызматы 14-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, 39 жаштагы Исаев “Украинанын миграциялык мыйзамдарын” бузгандыгы үчүн 12-декабрда өлкөдөн чыгарылган. Блогер мекенине келери менен, Баку сотунун 22-августта чыгарган чечимине ылайык, камакка алынды. Исаевге кандай айып тагылганы расмий билдирүүдө айтылган жок. Читать дальше...

Элчилик Хабаровскидеги окуя боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын ОМОНдун зомбулугуна кабылганы боюнча маалымат берди. Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта окуяга байланыштуу элчилик тынчсыздануусун билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылганы айтылат. Ошондой эле кыргызстандыктар кабылган окуяны тыкыр териштирип, күнөөлүүлөр Орусиянын мыйзамдары менен жоопко тартылат деген ишенимин билдирген. ... Читать дальше...

Пакистанда шал оорусуна каршы өнөктүк башталды

Azattyk.org 

Пакистанда балдардын шал оорусуна каршы беш күндүк өнөктүк башталды. Быйыл бул кооптуу жугуштуу илдетке 100дөн көп киши чалдыкты. 16-декабрдан тартып он миңдеген киши үймө-үй кыдырып 5 жашка толо элек 39 миллиондон ашык баланы эмдөөгө катышмакчы. План боюнча чыгыштагы Панжаб провинциясында 19 миллиондон ашуун бала эмделет. Өнөктүктүн алдында Саламаттык сактоо министрлиги Хайбер Пахтунхва жана Панжаб чөлкөмдөрүндө үч ымыркай ооруга чалдыкканын кабарлады. Пакистан балдардын шал оорусу кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Читать дальше...

Райондук соттун Молдомуса Конгантиевди актаган өкүмү күчүндө калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунунун мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди 16-декабрда чыгарганын Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. Прокуратура райондук сотто Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап... Читать дальше...

Депутат Бакчиев: суракка дагы чакырылышым мүмкүн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев 16-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) эки саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу депутат «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатканда айтты. Анын айтымында, ал мындан 8-10 жыл мурдагы иштерге байланыштуу суракка чакырылган. - Суракта тактоочу суроолор болду. Мен кандай статуста чакырылып жатканым боюнча бир нерсе деп боолголой албайм. Муну убакыт көрсөтөт. Бирок суракка дагы чакырылышым мүмкүн экенин четке какпайм, - деди Бакчиев. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *