Азгырыктын азабы
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.
10-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экендигин белгиледи.
Улуттук Гвардиянын 10127-аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жүздөй китеп менен толукталды. Китептерди салтанаттуу тапшыруу иш-чарасы 12-декабрдагы Адабият күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Китепкөй Кыргызстан” жумалыгынын алкагында уюштурулду.
9-декабрда Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экенин белгиледи.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп, азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жазган милиция ардагерлерине Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши жооп кайтарды. Министрликтин расмий сайтына жарыяланган кайрылууда милиция саясатка аралашпай, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен гана алектениши керек экендиги айтылат. Бүгүн, 10-декабрда Атамбаевди колдогон 21 адамдын колу коюлган кат президент Жээнбековго жиберилгени маалымдалган. Анын авторлору өзүлөрүн... Читать дальше...
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Орусия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Донбасстагы атышууну токтотууну жана бардык туткундарды алмашууну макулдашты. Мьянма Гаага сотунда жооп берет. Чехиянын Острава шаарында белгисиз адам ооруканада 6 кишини атып кетти.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына бул өлкөнүн падышасы Салман бин Абделазиз Ал-Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн 10-декабрда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт. Жыйынтыгында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт... Читать дальше...
Жогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча ишин кароо 12-декабрда уланмай болду. Бүгүн адвокат Рабига Сыдыкова башка сот отурумуна жөнөп жатканына байланыштуу ишти кароону бөлөк күнгө которууну суранды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Адвокат өз сөзүндө Салянова лицензиянын мөөнөтүн узартууда кылмыш жасабаганын айтты. Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан... Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.
Финляндияда жаңы премьер-министр, 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ошентип, Марин дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калды. Жекшембиде анын талапкерлигин башкаруучу коалициядагы негизги партиясы болгон социал-демократтар жактырышкан. Ушул кезге чейин транспорт министри болгон Марин саясатка Тампере университетин аяктай электе эле аралаша баштаган. 2012-жылы ошол шаардын кеңешине кирип, бир жылдан кийин жетектеп калган. 2014-жылы Социал-демократтар партиясында төраганын орун басары... Читать дальше...
Орусияда метродогу жардыруу үчүн айыпталган теги кыргызстандык жана өзбекстандык он бир адамга карата сот өкүмү чыкты. 10-декабрда Экинчи батыш округдук аскер соту чыгарган өкүмгө ылайык, 29 жаштагы Аброр Азимов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Сот аны теракттын негизги уюштуруучусу деп тапты. Анын агасы, 31 жаштагы Акрам Азимов 28 жылга эркинен ажыратылды. Калгандарына 19 жылдан 28 жылга чейинки абак мөөнөтү чегерилди. 2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону... Читать дальше...
Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Сирия боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүш үчүн 10-декабрда Түркиядан, Ирандан жана Орусиядан делегациялар келди. Жыйын эки күнгө созулат жана анда Сириядагы согушту токтотуу маселелери, куралдуу кагылыштан кийинки Конституцияны иштеп чыгуу, саясий системаны алмаштыруу жана качкындар коопсуздугу өңдүү жагдайлар каралат. Бул «Астана жараяны» деген ат менен таанылган сүйлөшүүлөрдүн 14-айлампасы. Алгачкы кездешүү 2017-жылдын башында Түркияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен өткөн. Читать дальше...
«Арай Глобал» аттуу компанияга миңдеген доллар акчасын алдатып жибергенин айткан он чакты адам «Азаттык» радиосуна кайрылды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүн жарыялады. Ал категорияга туристтик жана бизнес сапарлар үчүн визалар кирет. Статистикага ылайык, мурдагы СССРди алганда, АКШ бийлиги эң көп Өзбекстан жарандарына виза бербейт. Тактап айтканда, быйыл элчиликке кайрылгандардын 68,06 пайызы виза ала албай калган. Өткөн жылга караганда бул көрсөткүч 6 пайызга өскөн. Экинчи орунда Кыргызстан турат. Жыл башынан бери арыздардын 67,75 пайызы четке кагылган. Читать дальше...
Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова Салянова адвокаттын лицензиясын узартууда эч кандай мотив, кылмыш болбогонун айтып жатат. Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Читать дальше...
Орусия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Донбасстагы атышууну таптакыр токтотууну жана эки тарапта капмалып турган бардык туткундарды алмашууну макулдашты.
Чехиянын Острава шаарында 10-декабрда белгисиз адам оорукананын травматология бөлүмүндө жаткан бир нече кишини атып кетти. Жергиликтүү полиция окуя болгон жерде 4 адам дароо жан бергенин, оор жаракат алган дагы эки киши көп өтпөй үзүлгөнүн маалымдады. Ок аткан 42 жаштагы кишиге издөөгө жарыяланган. Полиция тик учактардын коштоосунда шектүүнү колго түшүрүү операциясын баштаган. Көп узабай тартип сакчылары анын изине түшүп, машинесин курчоого алышканда ал киши өзүн өзү атып өлгөнү маалымдалды. Кылмышка эмне себеп болгону белгисиз. Читать дальше...
Бир жума мурун Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап, алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ал автоунаанын ээси аныкталып, машинеси айып токтотмого коюлганын айтты: - Жөнөкөй жаран экен. Прокуратурага да, Мамкаттоого да тиешеси жок. Ал номур жасалма, Мамкаттоонун базасында да жокко чыгарылыптыр. Ал айдоочу... Читать дальше...
Парижде 10-декабрда Украинанын чыгышындагы чырды басууну көздөгөн, Берлиндин, Париждин, Москванын жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы саммит өттү. Елисей сарайындагы сүйлөшүү узакка созулду жана тараптар төрт айдан кийин дагы жолугушууну макулдашты. Андан кийин Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский биринчи ирет көзмө-көз кездешти. Алар 2019-жылдын аягына чейин ок чыгарбоо режимин камсыз кылуу, туткундардын баарын башма-баш алмашуу тууралуу макулдашты. Читать дальше...
Милиция Бишкектеги атышуу боюнча шектүү эки киши кармалганын маалымдады.
Нур-Султан шаардык соту 10-декабрда жарандык активисттер Гүлмира Халькова менен Галия Тамабаеваны 10 күнгө, ал эми Марат Мусабаевди 15 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарды. Аларга «тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузду» деген айып коюлду. Алар өткөн айда Европа Биримдигинин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин алдында митингге чыгышкан жана аталган уюмду адам укуктарын сактоо боюнча казак бийлигине талапты күчөтүүгө чакырышкан. Бул жарандык активисттер келерки аптада борбор шаардагы митингдерге катышары айтылып жаткан. Читать дальше...
«Kyrgyztoday.kg» басылмасы Биринчи май райондук сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун пайдасына чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу «Азаттыкка» сайттын түзүүчүсү Бегалы Наргозуев билдирди. Келдибеков «Kyrgyztoday.kg» сайтын 2018-жылдын декабрында сотко берген. Ар-намысына шек келтирилгенин айткан саясатчы Келдибеков басылмадан 1 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. 2019-жылдын октябрь айында Биринчи май райондук соту Жогорку... Читать дальше...
Орусиялык бир катар маалымат агенттиктери Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков 83 жаш курагында ажал тапканын жазып чыгышты. Ага ылайык, экс-мэр Германиянын Мюнхен шаарында жүрөгүнө операция жасалгандан кийин жакшы боло алган эмес. Лужков 1936-жылы Москвада туулган. Ал 1958-жылы Нефтехимия жана газ өнөр жайы боюнча Москва институтун аяктаган. 1974-жылдан тарта Химиялык өнөр жай министрлигинде иштей баштаган. Бир жылдан кийин Москванын Бабушкин райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Андан кийин Москва кеңешине депутат болуп келген. Читать дальше...