Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 24.12.2019

Болот Шамшиевдин мурасы уланабы?

Azattyk.org 

«Кыргыз керемети» деген атак-даңкка ээ болгон кыргыз кино чеберлеринин бири, атактуу режиссер Болот Шамшиевдин сөөгү жерге берилди.

Даниярдын Орусиядагы ийгилиги

Azattyk.org 

Өзбекстанда парламенттик шайлоону президентти колдогон партия утту. Орусия Крымга темир жол каттамын ачты. Орусияда кыргызстандык музыкант ийгилик жарата алды. "Каректе Евразия" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.

Убактылуу күбөлүктүн убарасы

Azattyk.org 

Өкмөт айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүн дагы узартканы жатат. Ал арада убактылуу берилген күбөлүктөрдү оригиналга алмаштыруу иштери узун кезек менен коштолууда.

ЖЭБ иши: Исаковдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылат

Azattyk.org 

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча 15 жылга соттолгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Замир Жоошев билдирди. Жоошев учурда арыз даярдалып жатканын кабарлады. Ал эми башка соттолуучулар апелляциялык арыз береби - азырынча белгисиз. 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмү менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдинг”... Читать дальше...

Юрист Токтакунов опуза жөнүндө арыз жазды

Azattyk.org 

Укук коргоочу жана камактагы бир нече саясатчынын адвокаты Нурбек Токтакунов телефондон коркутуу болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылды. Токтакунов “Азаттыкка” маалымдагандай, арызда 18-декабрда өткөн "#REакция 2.0" тынчтык акциясынын алдында белгисиз бирөө чалып, «акцияга барба» деп эскертүү болгонун жазып берген. "24.kg" сайты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында адвокаттын арызы боюнча териштирүү башталганын жазды.  18-декабрда укук коргоочу Динара Ошурахунова белгисиз адам телефон чалып, коркутканын билдирген. Читать дальше...



Күбөлүк күткөндөрдүн кезеги узун

Azattyk.org 

Өкмөт айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн жарактуу мөөнөтүн дагы узартканы жатат. Ал арада убактылуу берилген күбөлүктөрдү оригиналга алмаштыруу иштери узун кезек менен коштолууда. Жарандар жумалап документ ала албай убара болуп, күн сайын жүздөгөн киши кезек күтүп жатышканын айтып арызданышты. «Унаа» мамлекеттик ишканасы болсо айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн кошумча тейлөө жайлары ачылып, кызматкерлер дем алышсыз иштеп жатканын билдирүүдө.

Жалал-Абадда жарыгы өчкөн айылдарга электр энергиясы берилди

Azattyk.org 

22-декабрдын түнүндө авариялык кырдаалдан улам электр жарыгы өчкөн айылдарга толугу менен жарык жеткирилди. Бул тууралуу "Жалал-Абад электро" ишканасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Сузак, Базар-Коргон райондоруна жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондоруна электр тогу үзгүлтүккө учураган. Калың кардын айынан Сузактагы подстанцияларда чубалгылар үзүлүп, айрым мамычалар оодарылып кеткен. Калыбына келтирүү жумуштарына 32 ыкчам топ тартылып, техника бара албаган аймактарга энергетиктер ат менен жөө барышкан. Читать дальше...

Закымга кеткен залкар

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу 24-декабрда Опера жана балет театрында өттү. Топурак салууга президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, элчилер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, шакирттери, замандаштары катышты.

Алайга памирлик кыргыздар көчүп келди

Azattyk.org 

Алай районунун Сары-Могол айылына Памирден 11 үй-бүлө көчүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна билдирди.     - 49 памирлик тууган көчүп келди. Алардын 12си мектеп окуучусу. 2020-жылы апрелде алар Талды-Суу айылына көчүрүлөт, - деди Нуркыз Кадырбекова. Памирден келген 11 үй-бүлө учурда Сары-Могол айылындагы мектепте жашап жатат. 2020-жылдын апрель айынан баштап Алайдын Талды-Суу айылында жети үй-бүлө үчүн үй курулат. Читать дальше...

Москва соту тыңчылыкка шектелген Уиландын абактагы мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 24-декабрда камактагы америкалык жаран Пол Уиландын бөгөт чарасын карап, 29-мартка чейин тергөө абагында калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Мындан бир күн мурун АКШнын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Барт Горман орус бийлигине кайрылып, Уиланды бошотууга чакырган. Ал америкалык жарандын "тыңчылык" кылганы тергөөдө далилденбегенин билдирген. Горман ошондой эле Уиланды дарыгерлерге көрсөтүүгө уруксат берилишин суранган. Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон... Читать дальше...

Гүлжигит жылдын мыкты футболчусу

Azattyk.org 

19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды. Бул наам үчүн Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан. Футболчуга сыйлык Бишкекте өткөн салтанатта тапшырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын "Football awards-2019" жыл мыктыларын тандоо салтанаты 23-ноябрда Бишкекте өтүп, жыл ичинде футбол тармагында ийгилик жараткандарга сыйлыктар ыйгарылды.

Түркмөнстанда тунгуч президентти эскерүүгө чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Түркмөнстанда президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, парламент спикери жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан жабык жыйында тунгуч президент Сапармурат Ниязовду эскерүүнү чектеп-кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу "Түркмөнстан хроникасы" сайты кабарлады. Ага ылайык, эми мындан ары Сапармурат Ниязовду эскерүү иш-чарасы Ашхабадда гана өтөт жана ал Ниязовдун эстелигине гүл коюу менен гана чектелет. Аймактагы бийлик өкүлдөрү аны эскерип, арбагына багыштап куран... Читать дальше...

Мэрия: Окуучу үчүн иштен алынган айдоочунун күнөөсү болбогону аныкталды

Azattyk.org 

11 жаштагы баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койду деп иштен алынган №7 автобустун айдоочусу күнөөсүз экени аныкталып, кайрадан ишке алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэриядан билдиришкендей, видеожазууларды деталдаштырып кароо учурунда айдоочу окуучуга эч кандай укуктук негизге каршы мамиле кылбаганы аныкталган. Бала өзү бара турган акыркы аялдамадан түшпөй, кайра артка кеткен. Бир канча убакыттан кийин гана ал акчасын жоготуп алганын айтып, автобустан өзү түшүп кеткен. Читать дальше...

Сот ИИМди кыйноого алынган жаранга миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Azattyk.org 

24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигин (ИИМ) кыйноого кабылган Эсенбек Анарбек уулуна моралдык чыгым катары 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Акыйкаттык» - «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди. Мекеменин өкүлү Нурислам Раимжановдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот чечимди аткарууну Финансы министрлигине жүктөп, ИИМди каржылоого каралган каражаттан бөлүп берүүнү милдеттендирген. Раимжанов ырастагандай алар 10 миллион сом доо өндүрүп берүүнү талап кылышкан. Читать дальше...

Гонконг коррупцияны кантип жеңди?

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

Хабаровск крайында Су-57 аскердик учагы кыйрады

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск крайында Су-57 үлгүсүндөгү кыргын салуучу аскердик учагы сыноо маалында кулап түштү. Анын бортундагы учкуч учактан чыгып кеткенге үлгүрдү. Авария Комсомольский-на-Амур аймагынан 120 алыстыкта орун алды. Учак жергиликтүү авиазаводго таандык болчу. "РИА Новости" маалымат агенттиги ошол маалда учактын кыймылдаткычы сыналып жатканын жазды. "Baza" телеграм-каналынын маалыматы боюнча, издеп-иликтөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн аралаштырбай коюшту. "Интерфакс"... Читать дальше...

"Мемориал" Орусиядагы саясий туткундардын жаңы тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

"Мемориал" укук коргоо борбору Орусиядагы саясий туткундардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Ага 314 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын 250сү дин тутуу эркиндигин жайылтуу же диний көз карашынан улам, 64ү саясий көз карашына байланыштуу темир тор артында отурат.  Укук коргоочулар бул тизмеге тек-жайы жана ишмердиги такталган кишилер гана киргенин белгилеп, саясий туткундардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын кошумчалашкан.   2019-жылдын октябрында бул тизмеде 305 адамдын аты-жөнү бар эле. Читать дальше...

Киев менен жикчилдер жыл жаңырганча туткун алмашууну макулдашты

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобу ушул жылдын аягына чейин туткундарды башма баш алмашуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңсеси 23-декабрда кабарлады. Сүйлөшүү видеоконференция форматында өттү. Бул топтогу Украинанын өкүлү Валерия Лутковская макулдашууну төрт жылдан бери туткунда отурган жарандар үчүн "чоң бакыт" деп сыпаттады. Орусиянын чабарманы Борис Грызлов тараптар бири-бирине эч кандай шарт койбой туткун алмашуу тууралуу орток пикир табышканын бышыктады. Читать дальше...

Батукаевдин иши боюнча айыпталуучулардын бирин тез жардам алып кетти

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталуучулардын бири, дарыгер Абдухалим Раимжановду тез жардам кызматы алып кеткендиктен сот жараянды 26-декабрга жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди. Соттук кароо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан. Адвокаттар отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүүнү өтүнүшкөн. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып... Читать дальше...

"Талибандын" чабуулунан бери дегенде жети ооган жоокери мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясындагы көзөмөл бекетке "Талибан" куралдуу кыймылы кол салып, кеминде жети жоокер ажал тапканын билдирди. Коопсуздук күчтөрүнүн дагы алты кызматкери жарадар болду. Кандуу окуя таңга маал Давлат-Абад районунда орун алды. Куралдуу кол салууну "Талибан" уюштурганын мойнуна алды. Мунун алдында америкалык бир жоокер набыт болгон. AFP маалымат агенттиги кол салууну "Талибан" куралдуу кыймылы уюштурганын мойнуна алганын жазган. Анда аталган... Читать дальше...

Элеттик келиндерге иш берген Назгүл

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *