Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 21.12.2019

Сыргак Кенжебаев эки айга камалды

Azattyk.org 

Алматынын аэропортунан кармалган ишкер Сыргак Кенжебаев эки айга камалганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын жубайы, парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова кабарлады.  УКМК азырынча буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.  Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда кармалганын 19-декабрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал жолдошун белгисиз жарандар уурдап кетиши мүмкүндүгүн билдирип, казак президенти Касым-Жомарт Токаевден да жардам сураган. Читать дальше...

Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияда экени айтылып жаткан. Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру. СССРдин Эл артисти. Ал 1941-жылы 12- январда Фрунзеде төрөлгөн. Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. Читать дальше...

Жаш музыканттарга дем берген сынак

Azattyk.org 

"Сорос" фондусунун Eurasia Emerging Artists музыкалык сынагына 16 жаш музыкант катышты. Финалисттер Атай Огонбаев, Клод Дебюсси, Никколо Паганини, Калый Молдобасанов, Петр Чайковский, Саид Бекмуратов, Муратаалы Күрөңкеев, Шекербек Шеркулов, Дмитрий Шостакович, Ниязаалы Борошев, Сергей Прокофьев жана башка музыка генийлеринин чыгармаларын аткарышты. Концерт соңунда АКШда 2020-жылдын жай мезгилинде уюштурула турган Eurasia фестивалына жолдомону үч музыкант кыз жеңип алды.

Адвокаттар басымга даттанышты

Azattyk.org 

Кыргызстанда адвокаттарга карата басым жөнүндө камтамачылык бир учурда үч жактоочу Аскер прокуратурасына суракка чакырылган соң жаралды.

Президенттин учагы бузулуп калганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду ташыган учак Санкт-Петербург шаарынан кайтып келе жатып абага көтөрүлө албай калган. Буга учактын техникалык абалы себеп болгонун Жарандык авиация департаменти ырастады. Натыйжада президент Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация мекенине каттамдык учак менен кайтууга аргасыз болгон. Кыргызстандын бийлик башчыларын ташып жүргөн «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган. (ZKo)

Арча-Бешикте өлтүрүлгөн адамдын тек-жайы аныкталды

Azattyk.org 

57 жаштагы К.Ш. аттуу адамды бычактап өлтүрүүгө шектүү адам издөөгө алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда бул иш боюнча 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда 21-декабрда саат 15:30 чамасында белгисиз адамдын сөөгү табылган. Анын денесинин бир нече жеринде бычактан калган жарааттар болгон.(ZKo)



Британиянын Өкүлдөр палатасы Брекзит боюнча мыйзам долбоорун экинчи окуудан кабыл алды

Azattyk.org 

20-декабрда парламентте кабыл алынган мыйзам долбоору мурдагы, премьер-министр Борис Жонсон октябрда өткөрүүнү көздөгөн вариантынан бир кыйла айырмаланат. Жаңы мыйзам долбооруна палатадагы 358 депутат макул болуп, 234 депутат каршы чыкты. Оппозициянын өкүлдөрү жеңилгенин мойнуна алышты. Мыйзам долбооруна ылайык, Британия Евробиримдиктен 2020-жылдын 31-январында чыгат. Андан кийин жаңы соода келишими жөнүндө сүйлөшүүлөр башталат. Оппозиция британ өкмөтү келерки жылдын аягына чейин ага жетишпейт деп билдирүүдө... Читать дальше...

Салих: Өзбекстанда реформалар жүргөн жок

Azattyk.org 

22-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт. “Эрк” демократиялык партиясынын төрагасы, Стамбулда бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих "Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин деле саясий реформалар жүргөн жок, алдыдагы шайлоо да эски ыкма менен өткөнү жатат" деген пикири менен бөлүштү.

Эски айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Azattyk.org 

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруудагы узун кезек күтүүлөрдү эске алуу менен кыргыз өкмөтү эски айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн 15-февралга чейин узартууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 1-декабрдан тарта Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштаган. Учурда 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө берилген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүүдө. Ал эми аймактарга жеткирүү милдетин "Кыргыз почтасы" ишканасы аркалоодо. Читать дальше...

Разаков: Мекендештерибиз ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштегени үчүн пенсия алышат

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, жыйында биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын аймакта жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашуулар түзүлдү. Булардын ичинде жыйындын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу бар: - Эгерде биздин жарандар Орусияда канча бир убакыт иштеп... Читать дальше...

Аба ырайы: күн суук болот

Azattyk.org 

22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар калың түшөт.   Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 24-26-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, Нарын облустунда 20-25 градус суук болот. Читать дальше...

Бишкекте чак түштө киши мууздалды

Azattyk.org 

Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы борбордук көчөлөрдүн бирине жакын жерден 50-60 жаштардагы адамдын сөөгү табылган. Күбөлөрдүн "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, окуя 21-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында болгон. Күбөнүн сөзүнө караганда маркумдун жүрөк тушунда жана кекиртегинде бычактын изинен калган жарааттары бар. Окуя болгон жерге милиция жана "Тез жардам" кызматы келген. Бишкек шаардык милициясы бул ишке тиешеси бар шектүүнү жана маркумдун тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Читать дальше...

Лубянкага жасалган чабуулда жабыркаган ФСБнын кызматкери каза болду

Azattyk.org 

Бул маалыматты ТАСС агенттигине федералдык тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко маалымдаган. Анын сөзү боюнча, "бир кызматкер ошол жерден жан берген, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилип, кийинчерээк каза тапкан". 19-декабрдын кечинде президент Владимир Путин Кремлде Орусиянын коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жаткан кезде бир чакырымга жетпеген аралыкта аталган коопсуздук мекемесинин баш кеңсесине чабуул жасалган. Жол кайгуул кызматынын бир офицерине ок тийип, ошол жерде мерт болгон. Читать дальше...

«РПО РМТР»: Ала-Букада жергиликтүү санарип үзгүлтүксүз иштейт

Azattyk.org 

Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) "Азаттык" жиберген түшүндүрмөсүндө Ала-Бука районундагы Кош-Болот айылында жергиликтүү телеканалдар санариптик негизде, 26-теле жыштыгы аркылуу көрсөтүлөрү айтылган. Ага ылайык, тиешелүү жабдуулар толук, 100% иштейт жана жергиликтүү телеканалдар үзгүлтүксүз көрсөтүлөт, эч кандай техникалык тыныгуулар да болгон эмес. 19-декабрда аталган бирикменин адистери жергиликтүү бийлик... Читать дальше...

Бишкектин 2020-жылкы бюджети 10,98 млрд. сом

Azattyk.org 

2020-жылга карата борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин жалпы чыгаша бөлүгү 10 млрд. 89 млн. 148 миң сом. Мунун ичинен мамлекеттик мекемелерди каржылоого 822, 837 млн. сом каралган. Ага Бишкек шаар кеңешин, мэрияны, төрт райондук администрацияны, 22 аймактык башкармалыктарды жана башка мекемелерди каржылоо кирет. Мындан тышкары бул суммадан шаар мэриясынын чет мамлекеттерден алган карыздарын төлөө да каралган. Бюджеттин чыгаша бөлүгү үстүбүздөгү жылга караганда 190 млн. сомго көп, бул 2020-жылы... Читать дальше...

ЖМК: Орусия менен Украина газ боюнча келишимге жетишти

Azattyk.org 

Орусиянын маалымат агенттиктеринин жазып чыккан маалыматка ылайык, Москва менен Киев Орусиянын газын Европа жана Украина аркылуу алып өтүү жөнүндө алдын ала макулдашты. Буга чейинки макулдашуунун мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрында аягына чыгат. РИА маалымат агенттиги кабарлагандай, Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Козак жана энергетика министри Александр Новак макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлгөнүн, ага декабрдын аягына чейин кол коюларын маалымдашкан. Украин президентинин администрациясы... Читать дальше...

Европарламент Кытайды "саясий тарбиялоочу лагерлерин" жабууга чакырды

Azattyk.org 

Европарламент Кытай бийлигин Шинжаңдагы "кайра тарбиялоочу саясий лагерлерин" токтоосуз жабууга чакырган резолюцияны 19-декабрда кабыл алды. Резолюцияда расмий Бээжинден "адамдарды себепсиз, соттук териштирүүсүз кармап, камоону" токтотуу, камактагыларды жана Сахаров атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, уйгур окумуштуусу Илхам Тохтини бошотуу талап кылынган. Европарламенттин депутаттары Кытайдын түндүк-батышындагы мусулман азчылыктары себепсиз камалып, кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтарды чын деп эсептерин маалымдап... Читать дальше...

Кандан жуккан сарык, аксаган медицина

Azattyk.org 

Бейөкмөт уюмдардын айтымында, Кыргызстанда залалдуу шишик менен ооруган балдардын көбү гепатиттин С түрүн жуктурган. Буга Республикалык кан борборунда ПЦР жана инактиватор сыяктуу кандын курамын зыянсыздандыруучу жабдуулардын жоктугу себеп болгону айтылууда.

Аялдардын киришине тыюу салган чайхана Ош облусунун аймагында аныкталган жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова "Азаттыкка" билдирди: - Чайханага илинген деген сүрөт социалдык тармактарга жарыяланары менен биз Ош облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берип, аялдардын киргизбеген чайхананы аныктоону тапшырдык. Иликтөөнүн натыйжасында облус аймагында андай чайхана аныкталган жок. Аймактагы бардык коомдук тамактануу жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан андай тыюуга жол берилбей турганы эскертилди... Читать дальше...

Премьер-министр социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

Azattyk.org 

Өкмөт башчы өлкө түштүгүнө жасаган иш сапарынын алкагында Аравандагы Төбө-Коргон айылдык ооруканасынын, Жалал-Абад шаарындагы № 1 поликлиникасынын абалы менен таанышты. Абылгазиев бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп чыкты. Мекемелердин жамааттары менен маектешип, оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулады. Мындан тышкары Абылгазиев өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. ... Читать дальше...

Окуучулардын жол кырсыгына каршы жүрүшү

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын 300дөй окуучусу балдар катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында жөө жүрүшкө чыгышты. Балдарды ЖКК кызматкерлери коштоп жүрдү. Маалыматтарга ылайык быйыл шаарда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары арбын катталгандыгы байкалат. 3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болгон.

Дональд Трамп коргонуу бюджетин көбөйттү

Azattyk.org 

АКШ президенти 20-декабрда 2020-жылы коргонуу бюджетин көбөйтүүнү көздөгөн мыйзамга кол койду. Андагы шарттар орусиялык Nord Stream 2 долбооруна санкция киргизип, ишин токтотууну жана банк эсептерин жабууну талап кыла алат. 11 миллиард долларлык Nord Stream 2 долбоору аягына чыгарына бир нече жума калган. Аны ишке ашырып жаткан швейцариялык Allseas Group компаниясы чечим чыкканга чейин ишин токтотконун маалымдады. Nord Stream 2 долбоору Балтика деңизинин түбү аркылуу газ куурун жаткырып, Орусиянын... Читать дальше...

Атамбаевдин адвокаттары "кырмызы баштык" боюнча суракка чакырылган

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев 13-декабрда жана 17-декабрда Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылган. Прокуратура маалымдагандай, учурда Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Ташта кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштер жүрүп жатканына байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак беришет. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *