Ооганстандагы чабуул үчүн «Талибан» жоопкерчилик алды
11-декабрда АКШнын Баграмдагы негизги аба базасындагы кош жардырууда бир киши өлдү. Ал эми жараат алгандардын саны 90 кишиге жетти, алардын арасында беш грузин жоокери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү жетекчилер жана НАТОнун өкүлдөрү билдирди. Беш жоокери жараат алганын Грузиянын Коргоо министрлиги да ырастап, алардын жарааты жеңил болгондуктан ооруканага жаткырылбаганын кошумчалады. Аскердик база жайгашкан Парван провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Вахид Шахкар жардыруудан кийин 30 мүнөттөй атышуу болгонун... Читать дальше...