Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 11.12.2019

Президент Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахая менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты талкуулайт. Ошондой эле Бишкек шаарында Ислам... Читать дальше...

Ооганстандагы кош чабуулдан бир киши өлүп, 60тай киши жарадар болду

Azattyk.org 

Жергиликтүү жетекчилер жана НАТОнун өкүлдөрү Баграмдагы АКШнын негизги аба базасында 11-декабрдагы жанкечтилердин кош жардыруусунан бир киши өлүп, 60тай адам жарадар болгонун кабарлашты. Аскердик база жайгашкан Парван провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Вахид Шахкар жардыруудан кийин 30 мүнөттөй атышуу болгонун, кол салгандар базага кирүүгө аракет кылышканын айтты. Кош чабуул АКШ Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жанданткандан кийинки учурга туш келди. Читать дальше...

ЖК айрым жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандантууну колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизип, жол эрежесин бузгандарга айыппулду арзандатты жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Бул мыйзамдарды парламенттин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты. Ал мыйзам долбооруна ылайык, жасалма номер тагып жүргөн айдоочуларга мындан ары 20 миң сом айыппул салынат. Ал эми: - жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар; - автоунааны туура эмес жерге токтоткондор; - машинелердин... Читать дальше...

Партбилетин сатпаган мекенчил коммунист

Azattyk.org 

Бейшебек Акунов социализм заманында мамлекеттик жооптуу кызматтарда бел чечпей иштеди. Кийин заман өзгөргөндө коммунисттик билетин таштап, башка партияларга өткөн жок.

Эрдоган АКШ жана Орусиянын президенттери менен сыймыктанарын айтты

Azattyk.org 

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинди дүйнөлүк лидерлер деп атап, алар менен сыймыктана турганын билдирди. Анын айтымында, "Европада ушундай мыкты жолбашчылар жетишпей жатат". 10-декабрда Анкарадагы университетте студенттер менен жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган Европада "лидерлик кризис, боштук бар" деп эсептей турганын билдирди. Ал Трампты ачыктыгы үчүн мактоого татыктуу деп санайт. “Каалайсыңарбы же жокпу, Трамп мырза бул - белгилүү ысым. Читать дальше...

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштады

Azattyk.org 

Мамлекеттик Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштады. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 732 сомду түзүп, буга чейинки күбөлүккө караганда 570 сомго арзан болот. Эми быйылкы жылдын июнь айынан бери берилип жаткан убактылуу күбөлүктү алган жарандар жаңысына алмаштырышы керек. Кыргызстанда 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар... Читать дальше...

Ток менен жүгүргөн темир тулпар

Azattyk.org 

Зарлык Нышан уулу экологияга зыян келтирбеш үчүн ток менен жүгүргөн автоунаа сатып алган. Тактап айтканда ал үч жылдан бери "Ниссан Лиф" үлгүсүндөгү электромобиль айдайт. Бир жолу кубаттаганда 120 чакырымга чуркаган автоунаанын баасы 10 миң доллар турат. Учурда Кыргызстанда мындай 30га жакын машине бар.

Бишкекте Абдыкерим Сыдыков эскерилди

Azattyk.org 

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыковдун 130 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат. «Абдыкерим Сыдыков кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн башатында» деп аталган илимий жыйынга окумуштуулар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик ишмердин урпактары катышууда.  Анын жүрүшүндө Сыдыковдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү салымы боюнча докладдар окулду. Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында туулган. Читать дальше...



Ичкилик ичип машине айдагандардын айыппулун 10 эсе көбөйтүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга айыппулду 10 эсеге көбөйтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди. Арапбаевдин айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айыппул аз болуп сезилет. Ошондуктан ал өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айыппулду 10 эсе көтөрүүгө чакырды. Читать дальше...

Кытайдын тажрыйбасына даяр эмеспиз

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

Диний ишеним илимди чектебейт

Azattyk.org 

Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине чектөө болбосо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.

Милиция: Алмаматов кармала элек

Azattyk.org 

Коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду издөө уланууда. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Алмаматовго КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган. Бирок азырынча бул аракеттен майнап чыга элек. Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку соттун 30-октябрдагы токтомуна ылайык... Читать дальше...

«Коопсуз шаар»: Эреже бузган айдоочулардын 51% айыппул төлөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген март айынын тартып жол эрежесин бузуу боюнча 873 631 токтом чыгарылган. Анын ичинен азыркы учурга чейин 448 040 токтом боюнча айдоочулар айыппул төлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, төлөнгөн айыппулдардын суммасы 534 миллион 684 миң сомду түздү. Саркулов учурда айыппулду төлөбөй жүргөндөрдөн аны өндүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Четте табылган кыргыз паспорту боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын паспорттору чет өлкөдө кылмышка шектүүлөрдөн чыгып жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын паспорту Германияда оор кылмыш үчүн айыпталган адамдардан табылганын эске салып, бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды. - Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси «бул 1994-жылы берилген паспорт экен» деп актанып жатат. Андай эмес. Мына, кыргыз паспорту ар кайсы жактан чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт кандай чара көрүлүп жатканы... Читать дальше...

Кумтөрдөгү кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү эки адам дайынсыз кеткен кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү. Бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, ал комиссия кырсыкка себеп болгон жагдайларды жана кендеги абалды изилдеп чыгышы керек. Депутат Аида Исмаилова болсо кырсык боюнча өкмөттү толук маалымат берүүгө чакырды. Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп... Читать дальше...

Сүлүктүдө шахтада ууланып төрт киши каза болду

Azattyk.org 

Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андан алынга маалыматка ылайык, окуя 10-декабрда саат бештер чамасында Сүлүктүдөгү «Ормон» аттуу көмүр казган шахтада болгон. Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Учурда тиешелүү текшерүү жүрүп жатат. Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсыктар утур-утур болуп турат. Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча... Читать дальше...

Аялдардын эмгек укуктарын талкуулаган жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте аялдардын эмгек укуктарын талкуулаган жыйын өтөт. Иш-чараны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен уюштурууда. Талкуу аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган, шарты оор өндүрүш, жумуш, кесип жана кызматтардын тизмеси боюнча өкмөттүк токтомдун тегерегинде болот. Бул токтом 2000-жылы кабыл алынган. Ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштелип чыккан. Адистер Кыргызстан эгемендик жолуна түшкөн мезгилден... Читать дальше...

Вашингтондо АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Azattyk.org 

Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү. Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп Орусияны «АКШда өтө турган шайлоого таптакыр кийлигишпөөгө жана Украина менен жаңжалды токтотууга» чакырды. Ошону менен катар америкалык президент Москваны Иранда өзөктүк курал жасалышына каршы туруу аракеттерине колдоо көрсөтүүгө үндөдү. Кытай темасы да талкууланып, Корей жарым аралындагы абал тууралуу да сөз болду. Трамп «Твиттердеги» баракчасына: «Жолугушуу абдан жакшы өттү. Читать дальше...

Өзбекстанда газ тартыштыгынын улам аялдар жол бууду

Azattyk.org 

Өзбекстанда жаратылыш газы тартыш болгон аймактарда улам бир жерде нааразылык акциялары чыгып жатат. Хорезм облусунун Шават районуна караштуу Чигатой айылында он чакты аял кара жолду тороп турган сүрөт Интернетте тарап жатат. Аларды, «Азаттыктын» өзбек кызматынын маалыматына караганда, бир аздан кийин милиция кубалап кетирген.  Газ жетишпей жатканынан улам өткөн аптада өлкөнүн батыш жагындагы Нукус районунда жергиликтүү тургундар жолдорду бууса, борборго жакыныраак Сырдарья облусунда айдоочулар көчө торошкон. Читать дальше...

Нобел сыйлыгынын лауреатына каршы акция өттү

Azattyk.org 

Швецияда австриялык жазуучу Питер Хандкеге Нобел сыйлыгын тапшыруу бир катар нааразылык акциялары менен коштолду. Иш-чара өткөн имараттын жанында 100дөй адам чогулуп, «Алдамчыларга Нобел сыйлыгы берилбесин!» деген ураандарды айтышты. Жазуучуга премияны жана 948 000 миң доллар сыйлыкты Карл XVI Густав өзү тапшырды. Мурдагы серб лидери Слободан Милошевичти колдогон Хандкеге Нобел сыйлыгын тапшыруу Түркиянын, Албаниянын жана Косовонун нааразылыгын пайда кылган. Швед академиясы 77 жаштагы австриялык... Читать дальше...

Улуттук гвардиянын китепканасы толукталды

Azattyk.org 

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Улуттук гвардияга караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринде чакан китепкана ачылды. №10127 аскер бөлүгүндө китеп окуу бөлмөсү жүздөй китеп менен толукталды. Иш-чара 12-декабрдагы Адабият күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай «Китепкөй Кыргызстан» жумалыгынын алкагында уюштурулду. Бөлүктүн командири Мирлан Темиров: - Буга чейин китеп окуу бурчубуз бар эле. Азыр келген китептер өтө мыкты экен. Ар бирин карап чыктым. Тарыхта кала турган, жүрөктү ойгото турган... Читать дальше...

Бишкектин абасын ыштан тазалоо ыкмалары талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-декабрда «Бишкектин абасын ыштан кантип тазалайбыз?» деген темада талкуу болот. Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен бирге «Маалыматтар мектеби» өкмөттүк эмес уюму уюштурууда. Талкууга жогорку окуу жайларынын, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү жана Бишкек мэриясынын Экологиялык инспекциясынын адистери катышат. Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *