Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2019

Новости за 23.12.2019

Экс-мэрлердин соту: Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго айыппул салынды (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-декабрда мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыгып, судья Кубанычбек Касымбеков аны окуп берди.  Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, абактан бошотулду.  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов ушул күнү акыркы сөзүн сүйлөп, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөшкөн.  Экс-мэрлердин иштерине байланыштуу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макенов, «Бишкек Башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Аскат Түлөбердиев... Читать дальше...

24-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

24-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, кар күрткү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.​ Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5, Талас жана Чүй дубандарында түнкүсүн -15...-20... Читать дальше...

2019-жылы кыргыз спортчулары 1306 медаль утту

Azattyk.org 

Балбандар Айсулуу Тыныбековага, Улугбек Жолдошбековго, паралимпиадачы Жыргалбек Оросбаевге, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиевге, кикбоксчу Авазбек Аманбековго жана улуттук спорт түрлөрүнөн Бектурган Кожомуратовго 2019-жылы спорт тармагындагы жетишкендиги үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги атайын сыйлактарды тапшырды. Алар "Жылдын мыкты спортчулары" аталышты.  23-декабрда Бишкекте өткөн иш-чарада спортчулардын машыктыруучуларына да атайын сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бир... Читать дальше...

Мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү Текебаев менен Чотоновдун сотуна келүүдөн баш тартышты

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу өтүп жаткан сотко мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү келүүдөн баш тартышты. Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов сыяктуу күбөлөрдүн отурумга келүүдөн баш тартышына "коомдук-саясий кырдаалдын өзгөргөнү" негиздеме катары көрсөтүлдү.  23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишине байланыштуу кезектеги отурум болду.  Ноябрдагы отурумдарда экс-президент Роза Отунбаева... Читать дальше...

Чек арадагы чырда жабыркагандардын абалы дурус

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон чырда жабыркагандардын абалы дурус экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жараат алгандардын бири Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна которулган. 23-декабрда ага операция жасалат. Абалы салыштырмалуу жакшы. 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Андан тышкары дагы үч... Читать дальше...

Кочкор-Ата мэриясы өз эсебинен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизди

Azattyk.org 

Оштогу "Хай-теч Эмир" компаниясы Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-декабрда долбоор менен таанышып келди.  "Долбоор Кочкор-Ата шаарында 2019-жылдын 1-ноябрында ишке киргизилген. Кыймыл эң көп болгон 16 кесилишке 106 камера коюлду. Электр жарыгысыз эле 6 саатка чейин иштеген камералар үч режимде иштейт: күндүзгү жана түнкү съемка, унаалардын мамлекеттик каттоо номерлерин... Читать дальше...

Орусияда айыл чарба кооперативин түзгөн Жамбул

Azattyk.org 

Орусиянын Челябинск облусунда иштеген 42 жаштагы фермер Жамбул Айтпаев айыл чарба кооперативин түзгөн. Күнүгө ишкананын кызматкерлери элеттиктерден сүт чогултуп, аны андан ары сүт иштеткен комбинатка өткөрүшөт. Жамбул казак, бирок Орусияда төрөлүп, үй-бүлөсү менен ушул өлкөдө жашайт.

Бишкектин экс-мэрлери сотто акыркы сөзүн сүйлөштү

Azattyk.org 

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов 23-декабрдагы сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөштү. Андан соң сот тыныгууга чыкты. Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев түштөн кийин өкүм чыгышы ыктымалдыгын айтты.  Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда. Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип... Читать дальше...



«Кыргыз кереметинин» алпы кетти

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссёр, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал ноябрь айынан бери президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиниканын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Сузактын тоолуу айылдарында эки күндөн бери жарык жок

Azattyk.org 

Сузак районунун аймагындагы 10 айылда эки суткадан бери электр энергиясы жок болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Баш айылынын тургундары билдиришти. 21-декабрь түнүндө кар жааганда өчкөн свет азыркыга чейин бериле элек. Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев калкка жарык жеткирүү максатында энергетиктер ремонт иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. - Райондун тоо зонасындагы бир топ айылдарга барчу электр зымы үзгүлтүккө учурагандыктан светти берүү мүмкүн болбой жатат. Учурда райондун Жаңы-Айыл... Читать дальше...

ӨКМ: Катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Ош, Жалал-Абад облустарында катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 23-декабрдагы маалыматына караганда, 22-декабрда Оштун Чоң-Алай районунда ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал катталып, айрым айылдарда мектеп, Маданият үйү, турак үйлөрдүн жалпы аянты 689 чарчы метрлик чатырын учуруп кетти. Алайда катуу шамалдан алты үй жабыркады. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 80дей үйдүн чатыры талкаланды. Тиешелүү мекемелер комиссия түзүп, жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Читать дальше...

Журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлгөнүнө 10 жыл болду

Azattyk.org 

Белгилүү журналист, “Белый парус” басылмасынын редактору Геннадий Павлюктун өлтүрүлгөнүнө 10 жыл толду.  2009-жылы 16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кылмышкерлер Павлюктун колу-бутун байлап алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Ал оор абалда ооруканага түшүп, 22-декабрда каза тапкан. Бул окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынган. Сот кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Алдаяр Исманкуловду 17, казак жарандары Шалкар Уразилинди 11... Читать дальше...

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Парламенттеги көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо кеңешине сынак жарыялады. Эки бош турган орунга талапкер катары жарандык коомдон, окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жазуу жүзүндө келип түшкөн сунуштар 28-декабрга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.   “Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга ылайык, кеңешке мүчө болгусу келгендерге бир нече талаптар коюлган. Талапкер Кыргызстандын жараны болушу керек... Читать дальше...

Бишкекте “Жылуулук тартуула” акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду “Жылуулук тартуула” акциясын өткөрүп, фонддун тизмесиндеги үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Ошондой эле Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин каттосунда турган 200 кишиге жылуу кийим-кече берилген. Бул тууралуу фонддон кабарлашты. Фонд кайрымдуулук үчүн каражат чогулткан бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирет. “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду демөөрчү болууну каалаган жарандарды өз катарына чакырат. Демөөрчүлөр фонддун социалдык тармактардагы баракчаларына кайрылса болот. Читать дальше...

Президент: электр тармагындагы кызматтын сапаты оңолууда

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды. Мамлекет башчынын кайрылуусунда учурда гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун көбөйтүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканына белгилеген. “Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат. Кыргызстанда электр энергиясынын альтернативдүү булактарын тез өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү. Читать дальше...

Оң рулдуу машине менен эл ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов 2020-жылдын 1-январынан баштап оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүктү ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Депутат сунуш кылган мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга салынган тыюуну 2025-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган. Жогорку Кеңештин сайтында бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эл өкүлү сунуш кылган долбоордо "коммерциялык максатта оң рулдуу автоунаа колдонгон... Читать дальше...

Гонконгдо Шинжаңдагы уйгур азчылыгын колдогон акция болду

Azattyk.org 

Гонконг полициясы Шинжаңдагы уйгур азчылыгын колдогон акциянын катышуучулары менен кагылыша кетти. Маалымат агенттиктери кабарлашкандай, тартип коргоочулары Кытайдын желегин өрттөөгө аракеттенген демонстранттарды кармап кетишти. Мусулман азчылыктары куугунтукталып жатканы тууралуу маалыматтар көбөйгөн сайын Бээжин эл аралык коомчулуктун кысымына туш болуп келатат. Гонконгдун өзүндө болсо Кытайдын таасирине каршы бир нече айдан бери нааразылык акциялары уланып келатат. Айрым демонстранттар Шинжаңдагы... Читать дальше...

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

Azattyk.org 

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери алгачкы парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең Мирзиёевди колдошот.

Моди жарандык жөнүндө мыйзамды коргоду

Azattyk.org 

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди өлкөдөгү мусулмандар жарандык жөнүндө жаңы мыйзамдан чочулабашы керек деп билдирди. "Мыйзам мусулмандарга каршы багытталган" деген кооптонуу нааразылык толкунун пайда кылган. 22-декабрда Делиде башкаруудагы партиянын жыйынында премьер "бул документ Индиядагы 1,3 миллион мусулманга тиешеси жок, алардын абалы өзгөрбөйт деп ишендире алам”, - деди. Жободо Ооганстандан, Пакистандан жана Бангладештен келген мусулман эмес мыйзамсыз мигранттарга жарандык жеңилдетилген шартта берилери каралган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *