Түркмөнстанда президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, парламент спикери жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан жабык жыйында тунгуч президент Сапармурат Ниязовду эскерүүнү чектеп-кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу "Түркмөнстан хроникасы" сайты кабарлады.
Ага ылайык, эми мындан ары Сапармурат Ниязовду эскерүү иш-чарасы Ашхабадда гана өтөт жана ал Ниязовдун эстелигине гүл коюу менен гана чектелет. Аймактагы бийлик өкүлдөрү аны эскерип, арбагына багыштап куран окуу сыяктуу диний жөрөлгөлөрдү өткөргөнгө болбойт.
Буга чейин тунгуч президент өлгөн күнү өлкөнүн бардык аймактарында ишкана-мекемелердин жетекчилери анын арбагына багыштап куран окуп, эскерүүсү салт болуп калган.
Ашхабадда Сапармурат Ниязовду соңку эскерүү иш-чарасы 21-декабрда өттү жана ага азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов катышкан жок. Өткөн жекшембиде мамлекеттик телеканалда аптаны жыйынтыктаган программада тунгуч президенттин эстелигине гүл коюу иш-чарасы тууралуу сөз болгон жок.
Сапармурат Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан 2006-жылга чейин, көзү өткөнчө башкарган. 1999-жылы ал өлкөнүн түбөлүк президенти болуп калган. Ниязов бийликте турганда өзүнө "Түркмөнстандын баатыры" деген наам ыйгарган жана бир катар медаль, ордендер менен сыйлаган. Анын урматына Ашхабад баштаган бир катар шаарларда алтын жалатылган эстеликтер тургузулган жана "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшүн жайганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
«585*ЗОЛОТОЙ» посчитала, сколько тратят на покупку солнцезащитных очков к лету в Ростове-на-Дону
Команда Сервисного локомотивного депо «Сольвычегодск» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» стала победителем эстафеты ГТО железнодорожных игр «Мы вместе»
Armani Privé, кутюрная коллекция осень-зима 2024
У инвесторов появилась возможность купить ЦФА на "Атомайзе" прямо в мобильном приложении Росбанка