Абакта ачкачылык кармагандардын жакындары акцияга чыгышат
Нааразылык акциясы Жогорку Кеңештин алдында болорун "кургак ачкачылыкты" эки апта мурда баштаган Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева "Азаттык" радиосуна билдирди: -14-февралда парламенттин жанына чыгып, депутаттарга кайрылабыз. Ачкачылык кармап отургандар кечээ элге, парламентке кайрылуу жолдошкон. Эгер Жогорку Кеңеш бул кайрылууну карабаса, булар уколдон да баш тартабыз деп жатышат. "Саясий туткундарды коргоо комитети" абакта ачкачылык кармап отургандар жөнүндө кайрылууну Жогорку Кеңешке өткөн аптада берген. Читать дальше...