Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык жыйын аяктады
Германиянын Мүнхен шаарында өткөн коопсуздук боюнча эл аралык жыйындын 18-февралдагы акыркы күнү толугу менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналды. Америкалык сенаторлор европалыктарды жаңы администрациянын келиши менен трансатлантикалык кызматташтыктын негиздери өзгөрүүсүз калганына ишендирүүгө аракеттеништи. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ирандык дрондун калдыктарын алып келип көрсөттү. Ал дрон ай башында Сириянын аймагынан кое берилип, Израил тарабынан атып түшүрүлгөнүн айтты. Читать дальше...