Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 20.02.2018

Казакстан кыргызстандыктарды эки берене менен айыптады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулуна аны менен кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси, "Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү", 264-"Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу беренеси менен айып тагылды. Бул тууралуу Tengrinews... Читать дальше...

Балалуу келинди машине сүзгөн көчөгө жол чырак орнотулат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи жарымында жалпы он беш көчөнүн кесилиштерине жол чырактар коюлат. Анын ичинде кандуу кырсык болгон Элебесов – Витебск көчөлөрүнүн кесилиши да бар. Эки көчөнүн кесилишинде 9-февралда кичи автобус жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзгөн. Ал алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапкан. Анын эки жашар кызынын жамбаш сөөгү талкаланган, азыр бир бутунан ажырап ооруканада жатат. Кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп камакка алынган. Читать дальше...

ЖЭБдеги кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда катталган кырсыктын себебин иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отурумунда ишкананы модернизациялоо үчүн жумшалган 386 млн доллардын чоо-жайы талкууга алынат. 26-январда аталган ишканада суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта баш калаанын абоненттери беш күн бою жылуулуксуз калган. Кырдаалдын себептерин аныктоо үчүн өкмөт мекеме аралык, Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *