Кадамжайда Кызыл китепке кирген көп жылдык дарактар кыйылууда
Баткендин Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында Кургак учукка каршы оорукананын короосундагы көп жылдык дарактар четинен кыйылууда. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна аталган оорукананын бөлүм башчысы Абдумомун Ахынов тастыктады. Анын айтымында, Кызыл китепке киргизилген жапон жаңгагы, каштан, дуб сыяктуу 215 түп көп жылдык чоң дарак кыйылып кетти. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов бак кыйылган жер участогу мурда ошол ооруканада иштеген кызматкерлердин балдарына таандык экенин айтты. Читать дальше...