Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 24.02.2018

Чүй: имамдар бирдиктүү формага өтөт

Azattyk.org 

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан Жумагуловдун тапшырмасы менен имамдар бирдиктүү формага өтө баштады. Учурда Ысык-Ата районунун 47 имамы казыяттын расмий логотиби басылган атайын форма тиктиришти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, дин кызматкерлери бирдиктүү форманы өз каражатына тиктиришет. Эми мындан кийин имамдар ар кандай расмий жыйындарга бирдиктүү форма кийип барышат.   Коомчулукта дин кызматкерлеринин кийимине байланыштуу ар кандай сындар айтылып келет.

Жемкорлук жеңилбес ажыдаарга окшош

Azattyk.org 

Transparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупциянын деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи.

Кыргызстанда 80% айыл өкмөттөр дотацияда

Azattyk.org 

Жалпы өлкө боюнча 483 айыл өкмөттүн 382си борбордук казынага көз каранды. Бул маалымат 22-февралда аймактарды өнүктүрүүгө багыталган өкмөттүн жыйынында айтылган. Акыркы төрт-беш жыл ичинде дотацияда отурган айыл өкмөттөрдүн саны кыскарган эмес. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнө жана Экономика министрлигине 2018-2023-жылдарга аймактардын өнүгүүсү боюнча программа иштеп чыгуусун тапшырды. 2017-жылдын аягында ишке киришкен президент Сооранбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп белгилеген.

Таш-Көмүр, Кара-Балта шаарында мэр шайлоо күнү белгиленди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаарында мэрди шайлоо 7-мартка белгиленди. БШКнын “шаар мэрин шайлоо” жобосуна ылайык калаа башчысын шаардык кеңештин депутаттары атайын сессияда жашыруун шайлоо аркылуу тандашат. Шайланган мэр шаардык кеңештин мөөнөтү аяктаганга чейин отурат. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мэрликке талапкерди шаардык кеңештеги фракциялар жана өкмөт башчы көрсөтө алат. Ошондой эле шаар башчынын жогорку билими жана мамлекеттик кызматтагы эмгек тажрыйбасы үч жылга жетиши керек.

Эс алуу борборундагы өрттүн себептери такталууда

Azattyk.org 

23-февраль түнү саат 10го жакын Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Причал” конок үйүндө өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматында өрт имараттын чатырынан башталган. Учурда тилсиз жоонун чыгымы жана себептери аныкталып жатат. Өрттөн жабыркагандар жок.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *