Бишкекте ММА боюнча биринчи жолу калаа биринчилиги өтөт
Мелдешти шаардык мэрия менен өлкөнүн ММА федерациясы уюштурат
Мелдешти шаардык мэрия менен өлкөнүн ММА федерациясы уюштурат
"Түштүктөгү баян" деп аталган cноуборд-трэвэл фильмдин премьерасы Бишкектеги «Космопарк» кинотеатрында бүгүн өтөт. Ага фильмдин башкы каармандары да келишет. Фильм «Бул жерде жашоого болот” тасмасынын логикалык уландысы. Үч достун Сочи, Эльбрус, Дагестанга чейин бараткан жолдо ар кандай окуяларды баштан өткөргөнү баяндалат. Фильмди орусиялык режиссер Игорь Попелюх тарткан. (NT)
Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдиргендей, материалдардын көптүгүнө байланыштуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартуу тууралуу токтом кабыл алынды. Быйыл 26-январда Бишкек жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Читать дальше...
“Мутакалим” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан иш-чара "Аялдар жана кыздар - тынчтыктын жана туруктуулуктун жол баштоочулары" деген долбоордун алкагында өткөрүлөт. Ага бийлик, жарандык коомдун өкүлдөрү, диний чөйрөдөгү кыз-келиндер, облустардагы казыят кызматкерлери чакырылган. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, талкуу кыз-келиндер жана жаштар арасында диний радикализмдин алдын алууга багытталган. Бир жыл мурун Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандык кыз-келиндердин саны 200гө чамалады. Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, олимпиаданын үчүнчү этабына 2337 окуучу катышат. Олимпиада Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында бүгүн-эртең болот. Биринчи жолу олимпиадага көз карандысыз уюмдар тартылат. Быйыл олимпиаданын тапшырмаларын иштеп чыгуу боюнча тендерде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору утуп алган. Республикалык олимпиададан жеңген окуучулар жогорку окуу жайларга сынаксыз жана акысыз кабыл алынат. (NT)