Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 24.04.2018

Бишкек шаарында жол куруу үчүн 350дөй гараж бузулду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясынын курулуш жана жер иштетүү башкармалыгы “Көчө-жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын баштады. Ага ылайык борбор калаанын Чыгыш-5 кичирайонунда 348 гараж бузулуп, алынды. Натыйжада 15 миң чарчы метр жер бошотулду. Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, темир гараждардын ээлерине буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага карабай алгысы келбегендердики бузулган. Бир тобу ыктыярдуу түрдө көчүрүп кеткен. Төрөкул Айтматов көчөсүн кеңейтүү боюнча жүрүп жаткан... Читать дальше...

Армян оппозициясы премьер-министр апта соңуна чейин шайланарын жарыялады

Azattyk.org 

Дүйшөмбү күнү кечинде Еревандын “Республика” аянтындагы миңдеген адамдар катышкан митингде каршылык кыймылынын лидери, оппозициялык депутат Никол Пашинян премьер-министр апта соңуна чейин шайланарын жарыялады. “Азаттыктын” армян кызматынын кабарлашынча, Пашинян Серж Саргсяндын кызматтан кетүүсү боюнча митингге чыккандардын биринчи талабы аткарылганын айтып, ал эми экинчи талап Улуттук кеңештен эл өкүлүн өкмөт башчысы кылып шайлоо экенин эске салды. - Элдин ичинен жаңы премьер-министр шайлангандан кийин, убактылуу өкмөт түзүлүшү керек. Читать дальше...

Мугалимдер мобилдик тиркеме аркылуу окутула баштайт

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди дистанциялык түрдө окутуу платформасын иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда айтылгандай, атайын иштелип чыккан мобилдик тиркеме менен мугалимдер эми ар кандай нерселерди үйрөнүп, кесиптик потенциалын арттыра алат. Учурда министрликтин алдындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда тренинг-сабактар, онлайн курстар жана тесттик тапшырмалар тиркемеге ылайыкташтырылып санариптештирилип жатат. Читать дальше...

ИИМ: Кыргызстанда бир жылда 14 тонна маңзат алынды

Azattyk.org 

2017-жылы маңзатка каршы күрөштүн алкагында 1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, ал операциялар учурунда 14 тонна маңзат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Алынган заттын бир тоннадан ашыгыраагын кара куурай (марихуана), 200 килограммын гашиш жана 74 килограммын героин түзөт. Маңзаттын баары жок кылынган. Мыйзамсыз маңзат ташыган топтордун арасында катардагы жарандар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, укук коргоо, күч... Читать дальше...

Торонтодо автоунаа сүзүп кеткен тогуз киши мерт болду

Azattyk.org 

Канаданын борбору Торонто шаарында белгисиз айдоочу автоунаасын тротуарга айдап, тогуз адам мерт болду. Машине тебелеп кеткен дагы 16 киши оор жараат алды. Автоунаанын айдоочусу окуядан кийин дароо эле кармалды. Полиция анын аты-жөнү, жаш курагы жана кылмышка барган себеби тууралуу маалымат бере элек. Күч кызматтары факт иликтенип жатканын кабарлады. Буга байланыштуу полиция окуя болгон районду бир нече күнгө жапты. Транспорттордун күнүмдүк кыймылы жакынкы көчөлөргө жылдырылып турат. Окуянын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *