Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 24.04.2018

Өткүрбек Жамшитов 30 миң сом маяна менен иштегенин айтты

Azattyk.org 

Башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган кезде 30 миң сом маяна менен иштегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы анын талапкерлигин карап жаткан учурда билдирди.  Анын айлык акысы тууралуу КСДП фракциясынан Дастан Бекешев сурады. Эл өкүлү прокуратура кызматкерлери айдап жургөн кымбат баалуу автоунааларды мисал келтирип, алар айына 30 миллион сомдой маяна алып жаткандай элес калтырарын айтты. Бекешев муну коррупцияга байланыштырып... Читать дальше...

Депутат Момбеков: "Өткүрбек Жамшитовду эрте мактабаш керек"

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кызматташтарына кайрылып, башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовду эртелей мактай бербеш керек экенин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн парламентте көпчүлүк коалиция Жамшитовдун талапкерлигин карап жаткан учурда айтты: - Азыртан мактап жатасыңар. Эртең депутаттарга каршы кылмыш иштерин ачышы да мүмкүн. Башынан эле мактай бербей, талаптарды коюшуңар керек, - деди КСДП фракциясынын депутаты Момбеков.   Жамшитовду башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. Читать дальше...

Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы вице-премьерлик кызматка өткөн Алтынай Өмүрбекованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим 24-апрелде чыгарылды.  Буга чейин Жогорку Кеңеште "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат болгон Өмүрбекованын ордуна Сагындык Келдибаев келди.  20-апрелде премьер-министр Маухаммедкалый Абылгазиев башында турган кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы дайындалган. Алтынай Өмүрбекова социалдык багытта вице-премьер-министр кызматына киришкен. (SE)

Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңештин депутаты болду

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Сагындык Келдибаевди Жогорку Кеңешке “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат кылып каттап, 24-апрелде мандат тапшырылды. Ал вице-премьер-министрлик кызматка кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар тараткан. Өзү "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген.  Жаңы депутат 51 жашта. Читать дальше...

Кыргызстан Чили жана Сербия менен виза режимин жеңилдетет

Azattyk.org 

Кыргызстан Чили жана Сербия менен виза режимин жеңилдетет.  Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Кыргыз өкмөтү менен Сербия өкмөтүнүн ортосундагы жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун" үчүнчү окууда жактырды. Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили өкмөтү менен да түзүлүүдө. Бул тууралуу 24-апрелде парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.  Келишим шарттарына ылайык... Читать дальше...

Ташкентке ыктаган түркмөн бийлиги

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 23-апрелде эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди. Ал Ташкентте кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат

Azattyk.org 

Парламенттеги көпчүлүк коалиция бүгүн башкы прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат. Депутаттар Жамшитовдун пландарын өзү менен суроо-жооп иретинде талкуулап жатышат. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар.  Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. Аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жактырды. 25-апрелде маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Читать дальше...

Өкмөттүн "эски-жаңы" кадрлары

Azattyk.org 

Жаңы куралган кыргыз өкмөтү коомдук-саясий чөйрөдө кайра кайтып келген эле эски өкмөт катары бааланды. Мындай баага өкмөткө мурда иштеген кадрлардын кайра дайындалышы негиз болууда. Бул өкмөттүн дарегине "реформа кылууга жөндөмсүз" деген сындар да айтыла баштады. Жаңы ишке кирген министрлер кабинетинин тарапкерлери болсо "өкмөткө саясаттан алыс, прагматик жетекчилер тандалды" деп жатышат.



Театр актерлорун капа кылган маяна

Azattyk.org 

Соцтармакта театр кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы тууралуу тамашалуу видеосу тарады. Кыска роликте театр актерлору өздөрүнүн айлык акысын жемкорлук боюнча чуулгандуу окуяларга салыштырып шакаба кылышкан. Маданият министрлиги артисттердин айлык акысынын аздыгы көптөн бери чечилбей жаткан көйгөй экенин, бул маселе мурда да, азыр да өкмөттүк деңгээлде коюлуп келатканын билдирди.

Парламентте Кыргызстандын АКШдагы элчисинин отчету каралып жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угууда.  36 жаштагы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси болуп 2014-жылдын этегинде дайындалган. Ага чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеген.

Макрон өзөктүк келишимди коргойт

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануел Макрон мамлекеттик сапар менен Кошмо Штаттарга барды. Бүгүн анын Ак үйдө президент Дональд Трамп менен расмий сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимдин тагдыры башкы темалардын бири болору күтүлүп жатат. Вашингтон буга чейин келишимди оңдоо зарыл экенин, болбосо андан чыгып кетерин эскерткен.

Башкы прокурордун кызматына Өткүрбек Жамшитов көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына Өткүрбек Жамшитовду сунуш кылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик аппараттагы маалымат булактары кабарлашты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жамшитовдун талапкерлигин 24-апрелдеги жыйында талкуулай тургандыгы кабарланды.  Парламенттин басма сөз кызматы башкы прокурордун маселеси аталган комитеттин күн тартибинде жоктугун... Читать дальше...

Башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитов сунушталды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовду сунуштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ак үйдөгү булактар кабарлашты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети Жамшитовдун талапкерлигин 24-апрелдеги жыйында талкуулайт деп кабарланды.  Парламенттин басма сөз кызматы башкы прокурордун маселеси аталган комитеттин күн тартибинде жоктугун, бирок жыйындын жүрүшүндө сунушталышы мүмкүндүгүн билдирди. Читать дальше...

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына тасмалар кабыл алына баштады

Azattyk.org 

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы адам укугуна арналган даректүү тасмалардын кезектеги фестивалына фильмдерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. "Бир дүйнө - Кыргызстан -2018" даректүү фильмдер фестивалына эмгектер 25-апрелден 25-майга чейин кабыл алынат. Убактысы бир сааттан ашпашы керек. Атайын топтун тандоосунан өткөн тасмалар фестивалга катышат. Фестивал быйыл “Бүгүн, эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан менен 12-17-ноябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Читать дальше...

Келдибаев: Орус жарандыгым жок экенин элчилик тастыктаган

Azattyk.org 

“Республика – Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаев өзүнүн жарандыгы тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, кош жарандыгы бар деген маалыматтар чындыкка коошпойт. - Мен орус жарандыгымды 2014-жылдын 23-декабрында тапшырып, анан шайлоого аттангам. Муну Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да ырастап бере алат. Мени кош жарандыгы бар деп инимди опузалаган Кадыралиевдер жалган маалымат таратып жатат, - деди Келдибаев. Келдибаев вице-премьер-министрлик... Читать дальше...

Ош шаарында 12 кабат үйдөн чыккан өрттөн алты киши жабыркады (видео)

Azattyk.org 

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган. Аларга Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары... Читать дальше...

Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн алты адам жабыркады (видео)

Azattyk.org 

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.  Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Аларга Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары... Читать дальше...

Китепти сүйгөн жаштардын клубу

Azattyk.org 

Акыркы учурда Бишкекте китеп сүйүүчүлөр клубу түзүлө баштады. Аларга барган ар кандай кесиптеги жаштар түрдүү темадагы китептерди окуп, талкуулашат. Китеп окуунун мындай үлгүсү жаштардын китепке, авторлорго болгон кызыгуусун арттырат.

Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абаддагы милициянын ишин сынга алды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков “Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын жыл башынан берки кылмыштуулук менен күрөшүү аракетин сынга алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Өмүрзаков Жалал-Абад облусунда былтыркы жылдын биринчи кварталында 589, быйыл ушул эле убакыт ичинде 748 кылмыш катталганын айтып, фактылар 159га өскөнүн белгиледи. Ал муну буга чейинки жетекчиликтин уюштуруу иштериндеги чалагайымдыгы жана кылмыштын алдын алуудагы кызматкерлердин шалаакылыгы менен байланыштырды. Читать дальше...

Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абаддагы милициянын ишин сындады

Azattyk.org 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын жыл башынан берки кылмыштуулук менен күрөшүү аракетин сынга алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Өмүрзаков Жалал-Абад облусунда былтыркы жылдын биринчи кварталында 589, быйыл ушул эле убакыт ичинде 748 кылмыш катталганын айтып, фактылар 159га көбөйгөнүн белгиледи. Ал муну буга чейинки жетекчиликтин уюштуруу иштериндеги чалагайымдыгы жана кылмыштын алдын алуудагы кызматкерлердин шалаакылыгы менен байланыштырды. Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте салттуу музыка боюнча жыйын өтөт

Azattyk.org 

“Ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоодогу салттуу музыканын ролу” аттуу эл аралык илимий практикалык конференция Бишкекте Улуттук илимдер академиясында болот. Жыйында “Салттуу музыкалык искусствону изилдөө маселелери” жана “Маданият, искусство жана дүйнө тааным маселелери” деген отурумдар белгиленген. Анда кыргыз элинин музыка дүйнөсүнүн өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу сөз болот. Конференция эртең да ошол эле жерде уланат. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган жумалык алкагында өтүп жатат. Читать дальше...

Дональд Трамп Эммануэл Макронду кабыл алды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кечинде Ак үйдө Франциянын президенти Эммануэл Макронду кабыл алды. Француз мамлекет башчысы Вашингтонго келээри менен жубайы Брижит Макрон экөө белек катары ала келген аска дарагын (скальный дуб) Трамп жана биринчи айым Мелания менен чогуу Ак үйдүн короосуна отургузушту. Дарак Биринчи дүйнөлүк согушта 9 миң америкалык аскер каза болгон Франциянын районунан алынып келинген. Андан кийин эки президент, алардын жубайлары Вашингтондун тарыхый жайларына тик учак менен саякат жасашты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *