Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 24.04.2018

Мэрия: Албек Ибраимов кызматтан кетүүгө камына элек

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматын тапшырууга камынып жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова "Азаттыкка" билдирип, шаардын жетекчиси ушул күндөрү Бишкектин 140 жылдык мааракесине даярдык көрүү менен алектенип жатканын билдирди.  Буга чейин социалдык тармактарда "Албек Ибраимов кызматын тапшырууга арыз жазганы, шаардын 140 жылдык майрамы өткөндөн кийин иштен кетери" тууралуу айың кеп тараган.  Бишкек шаарынын мааракеси 29-апрелде өтөт. Читать дальше...

Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет

Azattyk.org 

29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет. Майрамдык иш-чаралар башкалаанын борборунда жана башка эс алуу жайларында өтөт. Мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" берген маалыматка караганда, юбилейди өткөрүүдө маданий жана спорттук иш-чараларга басым жасалмакчы. Ага шаар бюджетинен канча акча коротулаары азырынча так айтыла элек.  Кыргызстандын баш калаасы 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. 1926-1991-жылдары Фрунзе деп өзгөргөн. Эгемендикти алгандан бери борбор калаа Бишкек баатырдын атын алып жүрөт. Читать дальше...

Дастан Бекешев Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү сунушунан баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунан баш тартаарын билдирди. Ага ылайык Интернетте негизсиз сын жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек экендиги жазылган. - Тилекке каршы, мыйзам долбоору айрым журналисттер тарабынан туура эмес талданып, коомчулукка бурмаланып көрсөтүлгөн. ЖМКлар "демилге социалдык тармактардагы жана Интернеттеги сөз... Читать дальше...

13 өлкөнүн укук коргоочулары "Telegram" каналын колдошту

Azattyk.org 

13 өлкөнүн укук коргоочу уюмдары "Google", "Amazon", "Microsoft" жана "Apple" компанияларына кат жазып, Орусиядагы "Telegram" каналына бөгөт коюуну жана Интернетти чектөөнү айыпташты. "Telegram" каналынын адвокаты, “Агора” эл аралык уюмунун жетекчиси Павел Чиков мындай мазмундагы катты өзүнүн "Telegram" каналына жазды.    Каттын авторлору мессенжерге бөгөт коюуну орус бийлигинин "сөз эркиндигине чабуулу" деп аташкан.   Катка Орусиянын, Британиянын, Израилдин, АКШнын, Ирландиянын, Египеттин... Читать дальше...

Өзбекстан ТАПИ газ куурунун курулушуна катышат

Azattyk.org 

Өзбекстандын ТАПИ - Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия - трансулуттук газ куурунун курулуш долбооруна катышуу ниети бар. Бул тууралуу 23-апрелде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушкандан кийин билдирди. Эки лидердин жолугушуусунан кийин өзбек тарап атайын жумушчу топ түзүп, бул багытта иш баштоого даяр экени кабарланды. Буга чейин Бердымухамедов газ куурун тартуу үчүн Өзбекстандан материалдык жана моралдык колдоо сурай турганы айтылып жаткан. Читать дальше...

БУУ армяндарды сабырдуулуукка жана диалогго үндөдү

Azattyk.org 

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Армениядагы тынч жол менен өтүп жаткан окуяларга көңүл буруп, бийликти жана оппозицияны мындан ары да сабырдуу болуп, адам укуктарын жана мыйзамды сактап, сүйлөшүүгө үндөдү. Дүйнөлүк уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө Гуттериш Армениянын өзүндө жана жалпы эле чөлкөмдө тынчтык менен туруктуулукту сактоонун маанисин баса белгилеген. Улуттар Уюмунун баш катчысы буга чейинки ЕККУнун Тоолуу Карабакта кырдаалды курчутуудан алыс болууга чакырганына кошулду. Дүйшөмбүдө... Читать дальше...

Шаматов: Англисче үйрөнгөндө жаңылгандан коркпо

Azattyk.org 

Дүйшөн Шаматов буга чейин билим берүү тармагындагы эксперт катары белгилүү болуп келсе, соңку беш жылдан бери Казакстандагы Назарбаев университетинде профессор-окутуучу катары эмгектенип келет. Ал магистрант, докторанттарга илим изилдөө жаатында сабак берет. Шаматов “Азаттыкка” маек куруп, Казакстандагы билим берүүнүн артыкчылыктары, англис тилин үйрөнүүнүн оңой жолдору тууралуу айтып берди.



Президент сотко ишенимди калыбына келтирүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага элдин сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Мамлекет башчы Токбаеваны 24-апрелде кабыл алды.  Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маселелерге көңүл бурду. Ал жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи. Читать дальше...

Ооганстанда тогуз жоокер жана полиция офицерлери өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооган бийлиги «Талибан» кыймылынын жаңы чабуулдарынан тогуз аскер жана полиция офицерлери каза тапканын 24-апрелде билдирди. Фарах провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мухаммад Насер Мехри «Талибандын» жоочулары өткөрмө бекетке кол салганда кеминде беш  жоокер өлтүрүлүп, дагы экөө жараланганын билдирди. Бир нече саатка созулган кармашта талибдердин алты согушкери өлтүрүлүп, дагы үчөө жарадар болду. Өлкө чыгышындагы Ганзи провинциясындагы кол салууда жергиликтүү полициянын алты кызматкери каза таап, жетөө жарадар болду. Читать дальше...

Жол оңдоо: эл тыгындан тажады

Azattyk.org 

Ушул тапта Бишкектин отузга жакын көчөсү ремонтко жабылып, унаалардын тыгынын күчөттү. Айрыкча, чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги тыгынга шаар тургундары нааразы. Шаар мэриясы көчөлөр план боюнча оңдолуп жатат деп түшүндүрсө, карапайым тургундар бир учурда ондогон ири көчөлөрдү жабуу чечими ыңгайсыздык жаратты деп сынга алышты.

Жол оңдолуп, эл тыгындан тажады

Azattyk.org 

Ушул тапта Бишкектин отузга жакын көчөсү ремонтко жабылып, унаалардын тыгынын күчөттү. Айрыкча, чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги тыгынга шаар тургундары нааразы. Шаар мэриясы көчөлөр план боюнча оңдолуп жатат деп түшүндүрсө, карапайым тургундар бир учурда ондогон ири көчөлөрдү жабуу чечими ыңгайсыздык жаратты деп сынга алышты.

Жалган маалымат берген талапкерлерди жоопко тартуу жөнүндө сунуш түштү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат болуш үчүн тапшырган документтеринде жалган же жасалма маалыматтар аныкталган талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуш кылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” билдирди.  - Шайлоо мыйзамдарына толуктоо киргизиш үчүн сунушталып жаткан эреже иштелип чыгып, жакында парламентке жиберилет, - деди ал.  Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат... Читать дальше...

Депутаттар Кыргызстандын АКШдагы элчисине эскертүү беришти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, ишиндеги кемчиликтери үчүн ага эскертүү берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" комитеттин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев билдирди: - Диаспоралар менен иштешүүдөгү, жарандарды кабыл алуу жаатындагы кетирген кемчиликтери боюнча бизге арыз-мүңдар түшүп жатты эле. Ошолорду айтып, эскертүү бердик. Ишин канааттандырарлык эмес деп табуу жөнүндө да сунуш түштү. Читать дальше...

25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо нөшөр болуп, кар жаашы мүмкүн. Ушундай эле аба ырайы күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында болот. Бийик тоолуу райондордогу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет. Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дарыялар ташып, суу кирет. Абанын температурасы: Чүй, Ош, Талас... Читать дальше...

Клара Кабиловага мандат берүү маселеси чечиле элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Кабилованын кош жарандуулугу бар-жогу иликтенип бүтө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” билдирди: - Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, анын орус жарандыгы жок. Орусия мамлекетинен маалымат алуу үчүн Юстиция министрлиги аркылуу кайрылдык. Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде турган Клара Кабилованын орус жарандыгы бар болушу мүмкүн экени айтылып... Читать дальше...

ЖАМКтын кызматкери пара берип кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине үч миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) механикалык көчмө колоннасынын башчысы И.Ю. кармалды.  УКМКнын маалыматына ылайык акча каражаты кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана колдонууга берилген мүлктү максатсыз колдонуу фактылары боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын оңуна чечип берүүгө жумшалган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

Бишкекте автордук тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте 26-29 апрелде "Асанбай" арт-борборунда "Артдокфест" аттуу автордук тасмалардын кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучу "Internews Kyrgyzstan" уюмунун өкүлү Бермет Маликова кабарлады. Анын айтымында, ар кыл жанрдагы автордук документалдык тасмалардын эл аралык фестивалында "Телевизордон көрө албай турган тасмалар" көрсөтүлөт. 2007-жылы негизделген бул фестиваль быйыл Бишкекте өткөрүлөт. Анда көрүүчүлөрдүн назарына жети тасма тартууланат.  Алардын катарында Виталий Манскийдин "Туугандар" ("Родные") тасмасы... Читать дальше...

Спикер: парламенттин бюджетинен 30 миллион сом үнөмдөлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2017-жылга бекитилген бюджеттен 30 миллион сом үнөмдөдү. Бул тууралуу спикер Дастан Жумабеков 24-апрелде журналисттер менен бейформал жолугушкан кезде билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин 2017-жылдагы бюджети 790 миллион сомдун тегерегинде бекитилген. Чыгаша 760 миллион сомду түздү.  Жумабеков үнөмдөлгөн каражат парламенттин ишмердигин өнүктүрүүгө, мыйзам чыгаруу ишин жакшыртып, аткарылышын көзөмөлдөөгө коротуларын кошумчалады. (KJ)

Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Azattyk.org 

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Коалиция аны толугу менен колдоду. Депутаттар Жамшитовдун пландарын өзү менен суроо-жооп иретинде талкуулашты. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар. Ага чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет талапкерди жактырган. Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. Читать дальше...

"Иска Стройдун" үлүш ээлери нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

"Иска Строй" курулуш компаниясы куруп жаткан үйдүн бүтүшүн 600дөй адам күтүп жатат. Алардын ар бири батир алууга 20 миңден 50 миң АКШ долларына чейин акча төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар "Азаттыкка" кабарлады. 2017-жылдын 3-октябрында Ленин райондук соту бул компаниянын ээси Нарынбек Сариевди  эки айга камакка алууга өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту ошол эле жылдын 18-октябрында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Жакында эле Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын бөгөт чарасын өзгөртүп... Читать дальше...

Ош шаарына таза суу берүү эки күнгө токтотулат

Azattyk.org 

Ош шаарына таза суу берүү эки күнгө токтотулат. “Суу канал” ишканасы маалымдагандай, тазалоо иштерине байланыштуу 24-апрелде түнкү саат 00:00дөн 26-апрель саат 00:00гө чейин суу токтойт. Эки күн аралыгында суу кампалары жана түтүктөр тазаланмакчы.  Ош шаарында 300 миң суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Жыл сайын жазында жана күзүндө эки күнгө суу өчүрүлүп, ремонт жүргүзүлөт.  (YI)

Торонтодо адамдарды тебелетип кеткен айдоочунун аты аталды

Azattyk.org 

Канаданын борбору Торонто шаарында автоунаа сүзүп, кайтыш болгон кишилердин саны 10го жеткенин полиция кабарлады. Дагы 15 адам жарадар.  23-апрелде белгисиз киши автоунаасын тротуарга айдап, адамдарды тебелетип кеткен.  Айдоочу окуядан кийин дароо эле кармалды. Ал 25 жаштагы Алек Минассиан аттуу студент экени, жергиликтүү коллежде билим алаары кабарланды. Шектүү адамдарды атайылап сүзгөнү айтылганы менен анын бул жоругунун чоо-жайы тактала элек. Шаар полициясынын башчысы Марк Сондерс шектүү... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *