Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 09.08.2018

10-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

10-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38, Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35, Баткен облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31, Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...33, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 13...18 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Минскте "Немис толкуну" агенттигинин кабарчысы кармалды

Azattyk.org 

Германиянын "Deutsche Welle" (“Немис толкуну”) эл аралык маалымат агенттигинин Беларустагы кабарчысы Павлюк Быковский "мамлекеттик “БелТА” агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алган" деген шек менен кармалды. Быковскийдин аялы Ольга Быковская 8-августта Тергөө комитетинин кызматкерлери анын күйөөсүнүн компьютерлери менен банк карточкаларын конфискация кылган соң камакка алышканын айтты. Тергөө комитетинин шаршембидеги билдирүүсүндө Быковский менен кошо дагы бир журналист Алексей Жуков, Беларустагы... Читать дальше...

Келишим менен кызмат өтөгөн аскерлердин маянасы көбөйөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда келишим менен кызмат өтөгөн аскерлердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйтүлөт. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 9-августта кабарлады. Маянанын жогорулашы катардагы, сержанттык жана улук курамдагы кызматкерлерге таандык болот. "Бул чечим аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максатында кабыл алынды" деп айтылат расмий билдирүүдө. Коргоо тармагындагылардын эмгек акысынын өлчөмү сыр сакталат. Читать дальше...

Бишкекке Орусия менен Беларустан троллейбустар келди

Azattyk.org 

Бишкек шаарына Орусия менен Беларустан жаңы 37 троллейбус алынып келди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган "Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу" долбоорунун алкагында сатып алынды.  37 троллейбустун он беши Беларус, 22си Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан. Троллейбус чыгарган заводдордун адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына транспортту башкаруу тууралуу кеп-кеңештерин берип, үйрөткөнү кабарланды.  Башкалаада... Читать дальше...

Бишкекте эт комбинатындагы өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкектеги мурдагы эт комбинатында 5 миң квадрат метрди каптаган өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрттү өчүрүүгө беш бөлүм, милиция кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынын адистери катышканын маалымдады.  Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде мурдагы эт комбинатынын имаратында өрт 9-августта саат 4:53дө чыгып, саат 11:23тө толук өчүрүлгөн.

Ормуков Индира Жолдубаевадан 50 миң сом өндүрүп берүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков 7-августта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазды.  Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди. Анын сотко жазган доо арызында Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кездеги өзүнө карата болгон аракеттерди "мыйзамсыз" деп табуу, "Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык андан жоопкер катары 50 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү камтылган. Ошондой эле соттук чыгымдарды төлөөнү Индира Жолдубаевага милдеттендирүүнү сураган. Читать дальше...

Бишкектеги эт комбинатында өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатында өрт чыкты. Өрт өчүргүчтөр таңкы саат 04:53тө келип, учурда беш бригада иштеп жатат. Тилсиз жоо болжол менен имараттын 5 миң чарчы метрин каптаган. Алдын ала маалыматка ылайык өрт электр жабдыктарды туура эмес пайдалангандан улам чыккан. ӨКМдин өкүлү билдиргендей, имаратта эт комбинатынын муздаткычтары гана болгон. Өрттөн жабыркагандар жок.

Нагасаки курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

Мындан 73 жыл мурда Жапониянын Хиросима шаарынан кийин эле Нагасакиге АКШ атом бомбасын таштаган. Адамзат тарыхындагы бул апаатты эскерүү иш-чарасына Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш учуп барды.



Активист Александр Толмачев камактан чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жашылдар партиясынын мүчөсү, активист Александр Толмачев камактан чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал 7-августта аппеляциялык арыздын негизинде бошотулду. Толмачев 4-августта бак-дарактарды кыюуга каршы акция учурунда кармалып,  "бейбаштык" беренеси менен беш суткага камакка алынган. Беш активисттин катышуусундагы акция Бишкектеги Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү кесилишкен жерде өткөн. Алар "Жашылдандыруу" ("Зеленстрой") муниципалдык ишканасынын жолду оңдоо максатында дарактарды кыйып жатканына нааразылык билдиришкен. Читать дальше...

"Жамаачыланган" жарандык авиация

Azattyk.org 

Быйыл 5-августта "Авиа Траффик" компаниясынын 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн учагы 27 мүнөттөн кийин "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болду. Ага чейин 29-июлда ушул эле компаниянын Ош-Анталия багыты боюнча 89 жүргүнчү менен жол тарткан учагы бурамасы чыгып кеткенден улам жерге кайра конууга мажбур болгон.

Өзбек имамдары суицидге каршы күрөшөт

Azattyk.org 

Жума намаз убагында өзбекстандык имамдар мечитке чогулгандарга өз жанын кыюу исламда кечирилгис чоң күнөөлөрдүн бири экенин түшүндүрүп жатышат.

ЖЭБ чуусу: TBEA өкүлү Мусажан Макелек камакта калды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалгандардын арасында Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек да бар экени белгилүү болду.   Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта Мусажан Макелектин камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, аны менен чогуу айыпталып, камалган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, "Электр станциялары"... Читать дальше...

Активист мэр шайлоого байланыштуу өкмөттү сотко берди

Azattyk.org 

Журналист жана активист Канышай Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу өкмөттү, президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, "Кыргызтест" мекемесин сотко берди. Мамыркулова "Азаттыкка" Суракматовдун мамлекеттик тилди билишин аныктаган сынакты "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты" Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок. Мындан улам ал 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Читать дальше...

Бурулайдын иши: жоголгон видео

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда Бурулайдын денесиндеги тактар бычактан эмес, жүрөктү кайра жандандыруучу аппараттан пайда болгону жана Бурулай ооруканадан каза тапканы жазылган.

Эгизбаевдин жакындарын колдош үчүн 8 миң доллардан ашык акча чогулду

Azattyk.org 

"Азаттыктын" кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин жакындарына колдоо максатында топтолгон каражат 8 миң доллардан ашты. Бул тууралуу "Элим, барсыңбы?!" кайрымдуулук фонду билдирди. Маалыматка караганда, чет мамлекеттерден 7700 доллар, Кыргызстан ичинде "Элсом" аркылуу 47 070, Европадагы мекендештерден 175 евро, Орусиядагы кыргызстандыктардан 5000 рубль түшкөн.   Уланбек Эгизбаев "Элим, барсынбы?!"  кайрымдуулук фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү эле. Анын өлүмүнөн кийин аталган фонд маркумдун... Читать дальше...

Журналисттерди сөккөн кызматкердин аракети комиссияда каралууда

Azattyk.org 

Коомдук телеканалдын (КТРК) журналисттерин сөгүп, акаарат айткан мамлекеттик кызматкердин аракетин комиссия териштирип жатат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, КТРКнын кабарчылары Интернетке жарыялаган видео талданууда. Мекемедеги этика боюнча комитет видеодо журналисттер менен кайым айтышып, жаман сөздөрдү айткан кызматкерге кандай чара колдонууну 9-августта аныктайт.  КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова 8-августта Интернетке видео жарыялаган. Анда Бишкек... Читать дальше...

Москва: "кыргызстандыктар жапырт мушташты" деген окуя иликтенип жатат

Azattyk.org 

"Орусиянын борбору Москва шаарында кыргызстандыктар жапырт мушташты" деген окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Окуя 4-августта Москванын Добрынин метросунун жанында болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастады. Маалыматка караганда, ооруканалардан бул окуянын катышуучулары кандайдыр бир жаракат менен түшкөнү тууралуу кабар берилген эмес. Учурда укук коргоо органдары окуяга катышкандарды жана анын себебин аныктоого аракет кылып жатышат. Элчилик аталган метронун тегерегинде кыргызстандыктардын... Читать дальше...

УКМК коррупцияга каршы күрөш эсебине 140 миллион сомдой акча которду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, 7-августта коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине 9,54 миллион сом которулду. Ушуну менен эсеп ачылгандан бери ага УКМК которгон акча 139,454 млн. сомду түздү. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура... Читать дальше...

Бишкекте мурдагы эт комбинатында өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги мурдагы эт комбинатында бүгүн, 9-августта таңга маал чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өрт Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратта чыккан. Аны өчүрүүгө беш бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн тартып адистер барышкан. Азыр аларга милиция да көмөктөшүп жатат.

Бишкектеги ун заводунда өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин ун заводунда бүгүн, 9-августта таңга маал чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өрт Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун заводунда чыккан. Аны өчүрүүгө беш бөлүм тартылган. Буга чейин Бишкектеги эт комбинаты өрттөнүп жатканы айтылган. ӨКМ кырсык эт комбинатында эмес, ун заводунда болгонун кабарлады. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53төн тартып адистер барышкан. Азыр аларга милиция да көмөктөшүп жатат.

Сатыбалдиевдин, Калиевдин, Авазовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, райондук соттун чечими менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Жолдошбек Назаров... Читать дальше...

Шаардык сот Исаковдун камактагы мөөнөтү боюнча кассациялык арызды карайт

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн экс-премьер-министр Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү боюнча кассациялык арызды карайт. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдиргендей, жараян саат 15.30га белгиленген. Буга чейин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырган. Анын абактагы мөөнөтүн узартууну тергөө органдары өтүнгөн. Адвокат Токтакунов Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон деп эсептеп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Читать дальше...

АКШ Скрипалдарга кол салууга байланыштуу Орусияга жаңы санкция киргизүүдө

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, санкциялар 20-августтан тартып күчүнө кирет. Департамент 8-августта орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияга Британияда болгон кол салуунун артында Орусия турганы жана нерв клеткаларын шал кылуучу зат колдонгону аныкталганын билдирди. Орусия өкмөтү эл аралык мыйзамдарды бузуп, өз жарандарына каршы химиялык жана биологиялык курал колдонгону аныкталганы айтылат АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Хизер Нойерттин билдирүүсүндө. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *