Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 13.08.2018

Улуттук стратегиянын убадасы жана убарасы

Azattyk.org 

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында ошондой эле 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы бекитилди.

Түркиядагы кыргыздар этнофестивалга катышты

Azattyk.org 

Түркиянын Эрзурум шаарында өткөн фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Сербия, Украина сыяктуу отуз өлкөдөн 89 спортчу катышты. Анда спортчулар көкбөрү, жаа тартуу жана башка салттуу спорт түрлөрү боюнча өнөрүн көрсөттү. Ошондой эле фестивалда кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз боз үйлөрү тигилди. Фестивалды Түркиядагы Этноспорт конфедерациясы уюштурду. Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Ал сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Читать дальше...

Түркия валюта маселесин чечиш үчүн "бардык чараларды" көрөт

Azattyk.org 

Түркия лиранын курсу төмөндөп жаткан шартта финансылык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн "бардык керектүү чараларды" көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы 13-августта билдирип, өлкөдөгү банктарга тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. Бир күн мурда түрк финансы министри Берат Албайрак өкмөт валюта базарындагы олку-солку абалды жөнгө салуунун планын иштеп чыкканын айткан эле. Дүйшөмбү күнү лиранын АКШ долларына карата курсу кайрадан рекорддук төмөнкү чекке түштү. Учурда бир АКШ доллары 6,8 лирага бааланууда. Читать дальше...

Сания Шакированын жакындары сот чечимине нааразы

Azattyk.org 

Автокырсыктан каза болгон “Дүйнөнүн сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын энеси сот чечимине нааразы. Бул тууралуу Насипа Мамбеталиева Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облустук соту Шакирова түшкөн автоунаанын айдоочусунун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып жиберди. Мындай чечимге маркумдун ата-энеси нааразы болуп өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырышты. 2-июнда болгон жол кырсыгында “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" сынагынын байге ээси Сания Шакирова каза таап... Читать дальше...

Иса Өмүркулов: Ишкерлерди негизсиз текшерүү күчөдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө ишкерликке толук эркиндик берүү жөнүндө убада аткарылбай, күч органдары негизсиз текшерүүнү улантып жатышат. - Өкмөттүн, күч органдарынын кылып жаткан ишине көзөмөл кылбаса болбойт. Биз үчүн орчундуу маселе - экономиканын өнүгүшү. Ал үчүн инвестиция тартып, ишкерликти өнүктүрбөсөк, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиянын аткарылышы кыйынга турат, - деди Иса Өмүркулов. Читать дальше...

АКШ-Түркия алакасы лираны алсыратты

Azattyk.org 

Анкара менен Вашинтондун ортосундагы чыңалган мамиле түрк лирасынын кунун качырды. АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алды. Ага чейин Вашингтон Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган.

Газни шаарында талибдер менен кармаш уланууда

Azattyk.org 

Ооганстандын Газни шаары үчүн өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш төртүнчү күн катары менен уланып жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нажиб Даниш аймакка кошумча күч жөнөтүлгөнүн билдирди. Ооганстандын расмий өкүлдөрү АКШнын атайын күчтөрү аба соккуларын жана жөө аскерлердин операцияларын координациялоого жардам берип жатканын айтышты. Бирок Американын армиясы азырынча бул маалыматты ырастай элек. Газни шаары ооган баш калаасы Кабул... Читать дальше...



Элге таарынган “Эл куту”

Azattyk.org 

Мындан жыйырма жыл мурда Бишкектин чок ортосунан реставрация кылуу үчүн алынган “Эл куту” монументинин жагдайы кантти? Аталган скульптуралык-архитектуралык композиция 1995-жылы коюлуп, аз өтпөй анын айрым бөлүктөрү түстүү металл катары уурдалып кеткени айтылган. Калганы кайра калыбына келтирүү үчүн жыйналып алынган. Эки жыл мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында эстелик коюлган аймак башка бир жеке фирмага узак мөөнөткө ижарага берилип кеткени тууралуу сөз жүрүп, кайра унутулду.

Тажикстанда тик учак аскага урунду

Azattyk.org 

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди салып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын билдирди. Борттогу 13 альпинист жана экипаждын үч мүчөсү аман экени кабарланды. Бирок алардын абалы кандай экени так белгисиз. Окуя жекшембиде, жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да, тик учак Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон. Исмоили Сомони - Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири. Читать дальше...

Караколдун мэрин иштен кетирүү демилгесин өкмөт башчы колдобогонун айтты

Azattyk.org 

Каракол шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү тууралуу шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдогон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Данияр Арпачиев өзү билдирди.  Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим тууралуу маалымат келип түшө элек экенин билдирди.  Буга чейин 31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен ишенбестик көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан эле. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иштери канааттандыраарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн. Читать дальше...

Эки Кореянын саммитине даярдык көрүлүүдө

Azattyk.org 

Түндүк менен Түштүк Корея сентябрь айында Пхеньян шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин кезектеги саммитин өткөрүүнү макулдашты. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлады. Дүйшөмбү күнү эки өлкөнүн делегациялары чек арадагы демилитаризация аймагында жолугуп, саммитке даярдыкты талкуулашты. Түштүк Кореянын делегациясын Эки Кореяны бириктирүү иштери боюнча министр Чо Мён Гюн жетектеп келсе, түндүк кореялыктарды анын кызматташы Ри Сон Гвон баштап барды. Читать дальше...

Румынияда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акциялар уланууда

Azattyk.org 

Румыниянын борбору Бухарестте жекшемби күнү миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыгышып, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. 12-августта өкмөттүк имараттардын жанындагы аянтка чогулган эл бийликтеги Социал-демократиялык партияны "коррупцияга жол берди" деп айыптады. Нааразылык акциясынын үчүнчү күнүндө жабыркагандар тууралуу кабар түшкөн жок. Эки күн мурда полиция демонстранттарга суу бүркүп, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Айрым митингчилер полицияга таш, шише ыргытышкан. Натыйжада ал күнү 500дөй адам жабыркаганы кабарланган. Читать дальше...

Каспий саясий жол менен бөлүндү

Azattyk.org 

Каспий деңизби же көлбү? Аны жээгиндеги беш өлкө кайсы статус, кайсы принцип менен бөлүшү керек? Бул маселе жыйырма жылдан ашуун чечилбей келген. Акыры мунасага келишип, 12-августта президенттер Каспийге өзгөчө статус берип, бөлүп алууну макулдашты.

Пакистанда жаңы парламент ишке киришти

Azattyk.org 

Пакистанда жаңы шайланып келген депутаттар бүгүн парламентте ант берип, расмий ишке киришти. Жаңы парламент бул аптанын соңун утурлай спикерди жана анын орун басарларын шайлайт. Андан соң гана депутаттар жаңы премьер-министрдин талапкерлигине добуш беришет. 25-июлдагы парламенттик шайлоодо оппозициячыл саясатчы, мурдагы крикет оюнчусу Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, Улуттук ассамблеяда 115 мандат алган. Бирок коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн талап кылынган 137 мандаттык чекти багындыра алган эмес. Читать дальше...

Сулайманов: Улуттук стратегияны ишке ашырууга каражатты аныкташ керек

Azattyk.org 

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруунун каражатын такташ керек. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, буга чейинки 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясында каралган бир катар иш-чаралар каражаттын жоктугунан улам ишке ашпай калды.  Ошондуктан Сулайманов убада берүүдөн мурун аны кайсы каражатка жана кантип ишке ашырса болоорун тактап алуу зарыл экенин белгиледи. ... Читать дальше...

Мэр шайлоо боюнча активисттин арызын кароодон сот баш тартты

Azattyk.org 

Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан Биринчи май райондук соту баш тартты. Бул тууралуу журналист өзү кабарлады. Анын айтымында, аталган райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, арызды кабыл алганга болбой турганын билдирген. Канышай Мамыркулова өз арызында Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Читать дальше...

Бишкектеги жардыруу боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкектеги Исанов көчөсүндө 10-августта болгон жардыруу боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек. 10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган. Читать дальше...

Жээнбеков: Улуттук стратегия адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталган

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында "өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы документтин мурдагы стратегиялардан айырмасы - адам дараметин өнүктүрүүгө багытталат жана бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот" деп айтты. - Бул максат үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүдөн башка стратегияда соттук, демократиялык жана укуктук багыттарга өзгөчө көңүл бурулду. Эң жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдетибиз - сот реформасын ишке ашыруу. Читать дальше...

Жалал-Абадда МАИ кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 9-августта шаардагы көчөлөрдүн биринен өз милдетин аткарып жаткан кызматкерди белгисиз айдоочу коюп кеткен. Жабыркаган инспектор ооруканага кайрылган. Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси менен иш козголгон. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 31 жаштагы тургуну кармалып... Читать дальше...

Нарында катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Azattyk.org 

Нарын шаарында катуу шамал жети үйдүн чатырын алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-августта түшкө жакын шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге жеткен. Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылды. Учурда кырсыктын чыгымын эсептөө иштери жүрүп жатат. (BkA)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *