Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 14.08.2018

Тажикстандан мыйзамсыз ташылган дары-дармек кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармек ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 5-августта Баткендин Кызыл-Жол айылынан 75 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал башкарып келе жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган. Текшерүү учурунда лары-дармектин Тажикстандан ташылып келе... Читать дальше...

Орусияда авиабилеттер кымбаттаганы турат

Azattyk.org 

Шаршемби, 15-августтан тартып эл аралык каттамдар үчүн авиабилеттердин баасы 5-7% кымбаттай турганын орусиялык "Авиапорт" порталы эскертүүдө. Бул орус улуттук акчасынын долларга карата арзандап кеткени менен түшүндүрүлүүдө.  Чет өлкөлүк жана чет өлкөлөргө учкан орусиялык авиакомпаниялардын билеттери рубль менен сатылганына карабай баасы евро же доллар менен бычылат. Аны Эл аралык аба транспорту ассоциациясы жума сайын курска карата бекитип турат.  Бир жума мурда ассоциация бир долларды 63,50 рублга бааласа... Читать дальше...

Кыргызстан "Ачык асманга" бел байлады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү процессин баштады. Учурда иштелип жаткан тийиштүү мыйзам долбоору депутаттар эс алуудан кайтары менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Эл өкүлдөрү аны кабыл алса, Кыргызстанга чет элдик авиакомпаниялардын каттоосуна бешинчи этаптагы эркиндик берилет. Бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар.

Жарандык активист кыргыз тилин коргоп акция өткөрдү

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик тилге болгон мамилени сындап, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция өткөрдү. Ал Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда кыргыз тилине одоно мамиле жасалганын белгилеп жатат. Буга чейин мэрликке шайланган Азиз Суракматов талапкер кезинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлинен сынак тапшырган. Анын жыйынтыгында "Суракматов кыргыз тилин билет" деген чечим чыгарылган. Бирок бир катар жарандык активисттер мындай жыйынтыкка нааразы болуп, сынактын мыйзамсыз өткөнүн таануу боюнча сотко кайрылышкан. Читать дальше...

БУУ: ИМ тобунда дале 20-30 миң жоочу бар

Azattyk.org 

Өзүн "Ислам мамлекети" атаган террор тобу жеңилгени тууралуу маалыматтарга карабастан, анын катарында дале 20-30 миңдей жоочусу бар. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун 13-августта жарыяланган баяндамасында айтылат.  БУУ мынча жоочу Сирия менен Иракта калганын, арасында кыйла чет өлкөлүк жарандар бар экенин белгилейт. Ошол эле маалда бул террор тобунун Ооганстандагы жоочулары көбөйгөнү, алардын саны 3500-4000ге жетери болжолдонууда.  Абу Бакр аль-Багдади жетектеген "Ислам мамлекети" тобунун Ливияда... Читать дальше...

"Аю Холдингдин" вице-президенти Бишкек мэриясынын аппаратын жетектейт

Azattyk.org 

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп ишке киришкен соң мэриянын жооптуу кызматкерлери дайындала баштады. Баш калаанын мэриясынын аппарат жетекчилигине Балбак Түлөбаев дайындалды. Бул тууралуу Түлөбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты. Балбак Түлөбаев буга чейин “Аю Холдинг” ишканасынын вице-президенти болуп иштеп келген. Ал эми биринчи вице-мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара тургандыгын айрым маалымат агенттиктери жазып чыкты. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастай элек. Читать дальше...

Вестминстер сарайын сүзгөн автоунаанын айдоочусу кармалды

Azattyk.org 

Британиянын баш калаасы Лондондогу Вестминстер сарайынын тосмосун сүзүп токтогон автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция «Твиттердеги» баракчасы аркылуу кабарлады. Аты-жөнү азырынча аталбаган айдоочу эмне себептен мындай кылганы белгисиз. Полиция жабыркагандар бар экенин билдирүүдө. Алардын абалы жана саны тууралуу да так маалымат чыга элек. "Daily Mail" басылмасы күбөлөргө таянып, окуя жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки жети жарымдарда болгонун жазды. Полиция... Читать дальше...



Көчмөндөр оюнунда балбандар бох боюнча мелдешет. Өзгөчө күрөштүн жол-жобосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Монгол бох — күрөштүн эң байыркы түрлөрүнүн бири. Бул спорт менен аскерлерди согушка даярдаган. Мындай балбандар согушта алдыга чыгып айбат көрсөтүп, тайманбастыгы жана эр жүрөктүгү менен топту жарып душмандын мизин кайтарып турган.

Орусияда кыргызстандык сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы Интернационалисттер бакчасындагы көлмөлөрдүн биринде 21 жаштагы кыргызстандык чөгүп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маркум Ноокат районунун тургуну экени аныкталды. Ал бакчада достору менен эс алып жүрүп, кырсыкка кабылган. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча атасына жана жердештерине жардам көрсөтүлдү. Маркумдун сөөгү бүгүн Ош шаарына жөнөтүлөт. (BkA)

Аман мүнүшкөрдүн үч алгыры

Azattyk.org 

Нарын шаарынан анча алыс эмес Алыш айылынын 40 жаштагы тургуну Аман Исмаил III Көчмөндөр оюндарына бүркүтүн таптап, даярдап жатат. Тогуз жаштагы уулу Исламды мүнүшкөрдүн түйшүгү менен тааныштырып, үйрөтүү үчүн ээрчитип алат. Ал бул ирет алгыр куштардын адамга жөн жерден катылбасын, мүнүшкөрлүк атадан балага өткөн улуу мурас экенин далилдегиси келет. Амандын чарбагында Датка, Оймок жана Аксай аттуу үч бүркүт бар.

УКМК коррупцияга каршы күрөштөн 141 миллион сом өндүрдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн кезектеги 2 миллион сомду бирдиктүү эсепке которду. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган депозиттик эсеп ачылгандан бери атайын кызмат 141 миллион 604 миң сомду которгон. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында жемкордуктан өндүрүлгөн каражатты өзүнчө эсепке салууну буюрган. Учурда Финансы министрлигинин карамагында ачылган эсепке УКМК, ИИМ жана Экономикалык... Читать дальше...

ЖЭБ чуусу: эстен чыккан эски ката

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) химиялык цехтин курулушу долбоорлоо документтери жок эле башталды. Өкмөт цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Улуттук банк: доллардын курсуна байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү доллардын курсунун жогорулашына АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда. - Дал ушул факторлор сомдун курсуна таасирин тийгизүүдө. Бирок бул убактылуу нерсе. Кыргызстанда суроо-талап менен сунуш тең салмакталган. Биз абалды талдап жатабыз. Читать дальше...

Бишкектин жаңы мэри ишке киришти

Azattyk.org 

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, ишине ийгилик каалады. Премьер жаңы мэрге баш калааны адамдар үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу тапшырмасы коюлганын жана ал бул милдетти аткарарына ишенерин билдирди. 47 жаштагы Азиз Суракматовду Бишкек шаардык кеңеши 8-августта баш калаанын мэрлигине шайлаган. Анын талапкерлигин кеңештеги 44 депутаттын 43ү колдогон. Бир депутат каршы чыккан. Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү Суракматов... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолундагы чектөө алынды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы күйүүчү май ташыган автоунаалардын кыймылына чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 13-августта саат 20.00дан тартып кан жолдогу автоунаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу максатында Сосновка жана Арал постторунда май ташыган автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилген. Бүгүн таңкы саат алтыдан тарта бул чектөө алынды. (BkA)

Түркия лираны бекемдөө үчүн бардык чараларды көрөт

Azattyk.org 

Түркиянын Борбордук банкы улуттук валютанын алсыроосунан улам, каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди. Улуттук банктын 13-августта тараткан билдирүүсүндө банктардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүлөрү айтылат. Мындан бир күн мурда каржы министри Берат Албайрак өкмөт валюта базарындагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн план даярдаганын маалымдаган. Вашингтон киргизген санкциялардан кийин түрк лирасы АКШ долларына карата 18 пайызга арзандады. Бул 2001-жылдан берки эң ылдыйкы арзандоо. Читать дальше...

Экологиялык таза өндүрүмгө улуттук бренд иштелип чыгат

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык жактан таза өндүрүмгө улуттук бренддердин стандартын иштеп чыгууну сунуш кылды. Өкмөт башчы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн ишканаларды колдоо максатында экологиялык жактан таза өндүрүмгө “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддерди эл аралык стандарттарга дал келгидей иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Мындан сырткары... Читать дальше...

Экологиялык жактан таза өндүрүмгө улуттук бренд иштелип чыгат

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык жактан таза продукцияларга улуттук бренддердин стандартын иштеп чыгууну сунуштады. Өкмөт башчы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн ишканаларды колдоо максатында экологиялык жактан таза продукцияларга “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддерди эл аралык стандарттарга дал келгендей иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Читать дальше...

Гуттереш Каспийдин макамы боюнча конвенцияны "баа жеткис" деп атады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Каспий деңизи жөнүндө макулдашылган конвенцияны кубаттап, аны "эзелтен келаткан талаштарды жөнгө салуучу баа жеткис жана тарыхый документ" деп атады. Баш катчынын билдирүүсүн эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 12-августта Казакстанда өткөн саммитте Каспий деңизинин укуктук макамы боюнча тийиштүү документке деңиз боюндагы беш өлкөнүн: Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Ирандын президенттери кол коюшкан. 20... Читать дальше...

Гуттереш Каспийдин макамы боюнча Конвенцияны баа жеткис деп атады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Каспий деңизи жөнүндө макулдашылган Конвенцияны кубаттап, аны эзелтен келаткан талаштарды жөнгө салуучу баа жеткис жана тарыхый документ деп атады. Баш катчынын билдирүүсүн эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 12-августта Казакстанда өткөн саммитте Каспий деңизинин укуктук макамы боюнча тийиштүү документке деңиз боюндагы беш өлкөнүн: Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери кол коюшкан. 20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишилген документке ылайык... Читать дальше...

Дүйнөлүк маданият өкүлдөрү Сенцовду колдошууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк маданияттын жүздөн ашуун өкүлү абакта ачкачылык кармаган украин режиссеру Олег Сенцовду колдогон билдирүү таратты. Алар өнөр адамын тезинен бошотуу үчүн ЕБ жана БУУну Орусияга басым жасоого үндөштү. Билдирүүдө Сенцовго чыгарылган өкүм “ой жүгүртүүгө жана чыгармачылыкка кол салуу” катары бааланып, режиссер коммунисттик режим учурундагы диссиденттер Василий Гроссман, Александр Солженицын менен салыштырылган. Кайрылууга белгилүү француз режиссеру Жан-Люк Годар, “Алтын пальманын” эки жолку ээси... Читать дальше...

Мамлекеттик тилдин укугун коргогон акция өтөт

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик тилге жасалган мамилени сындап Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция өткөрөт. Бул тууралуу активист "Азаттык" радиосуна өзү билдирип, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда кыргыз тилине одоно мамиле жасалганын белгилеп жатат. Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, аны кабыл алуудан баш тарткан. Читать дальше...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Мамлекет башчысынын сапары 23-24-август күндөрү болорун президенттик администрациядан билдиришти. Сапардын программасы, козголчу маселелер айтылган жок. Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын “Аваз” туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *