Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 15.08.2018

Италияда көпүрөдөгү кырсыктан каза болгондор 31 кишиге жетти

Azattyk.org 

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө кырсыгынан каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка караганда, каза болгондордун экөө балдар. 16 киши жараат алып, ооруканага жеткирилген тогуз кишинин абалы оор экени айтылды. Аталган шаардагы Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын темир жолдун үстүндөгү жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган. Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган, бийиктиги 50 метр. Читать дальше...

Италияда көпүрөдөгү кырсыкта каза болгондордун саны 31ге жетти

Azattyk.org 

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө кырсыгынан каза болгондордун саны 31ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка караганда, каза болгондордун экөө балдар. 16 киши жараат алып, ооруканага жеткирилген тогуз кишинин абалы оор экени айтылды. Аталган шаардагы Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын темир жолдун үстүндөгү жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган. Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган, бийиктиги 50 метр. Читать дальше...

Москвада балдар жазуучусу Эдуард Успенский каза болду

Azattyk.org 

Москвада 14-августтун кечинде жазуучу Эдуард Успенский 81 жашында узакка созулган оорудан кийин каза болду. Соңку жылдары ал төшөктө жатып калганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Эдуард Успенский Крокодил Гена жана Чебурашка, Мотроскин мышык, почточу Печкин, Шарик сыяктуу белгилүү каармандарды жараткан автор. Жазуучу жана драматург акыркы убактарда “Союзмультфильм” киностудиясын автордук укукту бузуп жатканы боюнча сындап жүргөн.

"Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" акциясы башталды

Azattyk.org 

Балдардын укугун коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" деп аталган акцияны баштады. Акциянын максаты - балдардын мектепке кирип, билим алышына көмөктөшүү.  Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу "Балдарды коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Турдубекованын айтымында, акция балдарын мыкты мектептерге орноштурууга шарты жок ата-энелерге жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ал ишке киргенден берки... Читать дальше...

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери президентке кайрылды

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Алардын бири Рахат Акматова турак жайдын жоктугун, айлык акынын негизсиз кармалып жатканын айтып даттанды. ​- Бизге курулуп жаткан турак жай маселесин "Кыргыз темир жолундагы" каражаттын жоктугуна байланыштуу" деп токтотуп коюшкан. Өздөрүнө болсо заңгыраган мейманканаларды салып, ошол жерде жашап жатышат. Жетекчилер 2014-жылы алты тепловоз сатып алышкан. Анын акысын төлөш үчүн биздин, жумушчулардын айлыгынан кармап калышкан.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери президентке кайрылышты

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишти. Алардын бири Рахат Акматова турак жайдын жоктугун, айлык акынын негизсиз кармалып жатканын айтып даттанды. ​- Бизге курулуп жаткан турак жай маселесин ""Кыргыз темир жолундагы" каражаттын жоктугуна байланыштуу" деп токтотуп коюшкан. Өздөрүнө болсо заңгыраган мейманканаларды салып, ошол жерде жашап жатышат. Жетекчилер 2014-жылы алты тепловоз сатып алышкан. Анын акысын төлөш үчүн биздин... Читать дальше...

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөөнү прокуратура органдары көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди: - Бул ишти Башкы прокуратура дагы көзөмөлүнө алган. Азыркы убакта соттук-медициналык корутундунун негизинде прокуратура иш козгоого уруксат берип жатат. Облустук прокуратура иликтөө жүргүзүү үчүн көзөмөл иретинде 9-августта материалды суратып алып караган. Мындан сырткары ар бир эс алуу жайын ачарда сактоочуларды ишке алып... Читать дальше...

Ала качуу боюнча иш сотко өттү

Azattyk.org 

Медициналык коллеждин 18 жаштагы студентин Жумгалга ала качып барып, кыздын макулдугу жок жыныстык катнашка мажбурлаган окуя боюнча иш тергелип, сотко өттү. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосуна билдирди. 10-июнда Ак-Ордо конушунда болгон окуя боюнча “ала качуу” жана “зордуктоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул окуяга байланыштуу 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, ага кызды чакырып берген эжеси үй камагына чыгарылган. Читать дальше...



УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов абактан ооруканага чыкты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталинов абактан Онкология борборуна которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Дарыгерлердин айтымында, Суталинов терапиянын экинчи курсун алганы жатыптыр. Канча жатканы азырынча белгисиз. Дарыланганына жараша болот. Ооруканага жатканына бир апта болду. Ал бөйрөгүнөн рак экен. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Читать дальше...

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова мезгилсиз дүйнө салды

Azattyk.org 

Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды. Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек- ред.) туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радисунда... Читать дальше...

Жоокерлерге кордук көрсөткөн офицерлердин бөгөт чарасы аныкталат

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга айыпталып жаткан үч офицердин бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосуна кабарлады. 14-августта шаардык милициянын убактылуу тергөө абагына камалган офицерлерге айыбы угузулган. Буга чейин "Азаттык" радиосуна Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар... Читать дальше...

Жогорку сот мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт

Azattyk.org 

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, сотко Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп адвокаты кайрылган. 30-июлда Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга чейин Биринчи май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарган. Читать дальше...

Өзбекстан Ташкентте «Талибандын» кеңсеси ачылганын четке какты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ташкентте «Талибан» кыймылынын саясий кеңсеси ачылганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин өкүлү РИА- Новости агенттигине билдирди. «Бул маселе талкууланган эмес. Эч кандай кеңсе ачылган жок», – деди өзбек ТИМинин кызматкери. Мурдараак Reuters агенттиги талибдердин өкүлүнө шилтеме кылып, кыймыл Өзбекстандын борборунда саясий кеңсесин ачканын жазган. «Талибан» кыймылынын жалгыз расмий өкүлчүлүгү Катардын аймагында жайгашкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *