Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 21.08.2018

Советтик армия Чехословакияга басып киргенине 50 жыл толду

Azattyk.org 

Мындан туура 50 жыл мурун, 1968-жылдын 21-августунда "Варшава келишимине» кирген өлкөлөрдүн армиясы Чехословакияга басып кирген. «Дунай» деп аталган операцияга жүз миңдеген жоокерлер, миңдеген танкалар тартылган. Чехословакияга кирүү тууралуу чечимди СССРдин жетекчилиги кабыл алып, советтик армия негизги күч болгон. Операциянын максаты “Прага жазы” деп аталган реформачыл кыймылдын жана аны ишке ашырууга белсенген чехословак бийлигинин мизин кайтаруу болгон. Чет элдик аскерлер Чехословакиянын бийлигинин макулдугусуз эле киргизилген. Читать дальше...

Каныбек Жолчубеков Азия оюндарында алтын байге үчүн күрөшөт

Azattyk.org 

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков 60 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште Жолчубеков Казакстандык атаандашы Майрамбек Айнагуловду 9:0 эсеби менен жеңди. Андан мурдагы кармаштарда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореядан жана Кытайдан келген балбандарды уткан. 21-августта Кыргызстандан барган Мээрим Жуманазарова да аялдар арасындагы эркин күрөш боючна беттеште коло байге үчүн күрөшөт. Азия оюндарында ошондой... Читать дальше...

Трамп Орусияга киргизилген санкцияларды жоюуну караштыра элек

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды алып салууну караштыра элек экенин билдирди. Ал эгер Москва Украина жана Сирия маселесинде Вашингтондун каалоосун аткарса гана санкцияларды кайра карап көрөрүн "Reuters" жаңылыктар агенттиги менен болгон маегинде айтты. "Бизде бири-бирибизге пайдалуу иш кыла турган толтура тармактар бар. Сирия жана Украина маселеси бар", - деди президент Трамп 20-августта жарыяланган интервьюда. Трамп ошондой эле орус президенти Владимир... Читать дальше...

"Биринчи мугалим" - жаш муунга чакырык

Azattyk.org 

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестин жаңыча сахналаштырды. Адистердин айтымында улуу жазуучунун аталган чыгармасы театр сахнасында өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери дээрлик коюлган эмес. Спектаклдин бет ачары аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр спектакль актуалдуу көйгөйлөрдү камтыганын, бүгүнкү коом да биринчи мугалимдерге муктаж экенин белгилешти. Оюнду Казакстандын Тараз облустук орус драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссеру Камат Касенов койду.

Прокуратура Шереметтин ишинде «илинчек» табылганын билдирди

Azattyk.org 

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко журналист Павел Шереметти ким өлтүргөнүн, андан кийин ага ким буйрук бергенин аныктоо үчүн тергөө ишинде «илинчек» табылганын билдирди. Бул тууралуу баш прокурор «Украинская правда» гезитине берген интервьюда айтты. Бирок кандай илинчек экенин чечмелеген жок. Журналисттин курман болгонунан бери эки жыл өтсө дагы эмдигиче шектүүлөр табылбаганын кошумчалады. Беларус, орус журналисти Павел Шеремет 2016-жылы 20-июнда Киевдин борборунда машине айдап баратып жардырууга дуушар болгон. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште утулуп калганы боюнча комментарий берди. Кыргызстандык балбан менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы баарлашкан.

Кабулда бир нече жардыруу болду

Azattyk.org 

21-августта ооган баш калаасынын чет элдик өкүлчүлүктөр жайгашкан районунда бир нече жолу жардыруунун үнү угулду. Жабыркангандар тууралуу дароо маалымат айтылган жок.     Шаардын сыртынан ракеталар атылып, президенттик сарайдын, элчиликтер турган комплекстин жана өкмөттүк имараттардын жанынан жардыруулардын үнү угулганын “Reuters” агенттигине атын жашырган коопсуздук кызматынын өкүлү билдирди. Президент Ашраф Гани Курман айт майрамында элге сүйлөп жаткан учурда ракетанын жарылганы угулду. Гани сөзүн бөлүп... Читать дальше...



Экс-президент Атамбаев Курман айтта “Ата-Бейитке” барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев Курман айт намазын Чүй облусунун Арашан айылындагы мечитте жамаат менен чогуу окуду. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады. Намаздан кийин мурдагы мамлекет башчысы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, аларга багыштап куран окуу иш-чараларына катышты. Экс-президент ошондой эле апрель окуясында жакындарын жоготкондор менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту. Читать дальше...

Пакистандагы жаңы өкмөттүн убадасы

Azattyk.org 

20-августта Пакистандын жаңы өкмөтү ант берди. Андан бир күн мурдагы бир сааттан ашык созулган телекайрылуусунда жаңы шайланган премьер-министр Имран Хан өкмөт чыгымдарды азайтып, коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик каражатты үнөмдөй турганын жарыялаган.

Анкара-Вашингтон: чыңалуу басаңдай элек

Azattyk.org 

Түрк полициясы АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткандарды издеп жатат. Бул окуя эки өлкөнүн алакасы кескин солгундап, президент Эрдогандын өкмөтү АКШны "Түркияга экономикалык чабуул койду" деп айыптап жаткан кезде болду.

Бишкекте милиция кызматкери бычакталды

Azattyk.org 

Шектүүлөрдү кармоо учурунда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери бычакталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” баш калаанын милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, Бишкекке караштуу Көк-Жар конушунун тургуну анын үйүн белгисиз адамдар бир нече күн бою аңдып жүрүшкөнүн айтып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери даттануучунун үйүнө барып, ошол тегеректе жүргөн 28 жаштагы Өзбекстандын жаранын колго түшүрүшкөн. Анын автоунаасын... Читать дальше...

Олег Сенцов орус түрмөсүндө ачкачылык кармаганына 100 күн болду

Azattyk.org 

Орусия каратып алган Крымдагы террорчулук тууралуу иш боюнча айыпталып, 20 жылга абакка кесилген украин режиссеру Олег Сенцов 100 күн мурун мөөнөтсүз ачкачылык баштаган. Ал орус түрмөлөрүндөгү украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып жатат. Бүгүн Орусиянын бир нече шаарларында, Украинада жана бир катар өлкөлөрдө Сенцовго тилектештик билдирген акциялар өтөт. Чех киноматографисттери Сенцовго колдоо көрсөтүш үчүн «чынжырлашкан» ачкачылык башталганын жарыялашты. Сенцовдун энесинин уулуна... Читать дальше...

Бишкекте 50дөй окуучу кыз диний сабаттуулук боюнча сабак алды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы “Хисса бинт Зайд” аялдар өнүктүрүү борбору уюштурган “Кыз Бурак” чыгармачыл кыздар жайкы лагери өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун өкүлү Жазгүл Өмүрзакова билдирди. Анын айтымында, бир ай бою иш жүргүзгөн лагерде Бишкек шаарынан жана аймактардан чогулган 50дөн ашык окуучу кыз диний сабаттуулук, анын ичинде куран жана араби тили боюнча сабак алышты. Алар ошондой эле 30 күн бою кол өнөрчүлүк, кулинария, чечендик өнөр, поэзия, сүрөт тартуу, аквагрим жана стол тенниси менен да алек болушту. Читать дальше...

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарынын финалына чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарынын финалына чыкты. 200 метрге квалификациялык сүзүүдө ал 2:12:89 мүнөттө алтынчы болуп чыкты. Финалга жалпысынан 8 спортчу өттү.  Финалдык сүзүү 21-августта болот. Денис Петрашов 18 жашта. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада ал 200 метрлик сүзүүдө 38-орунду алган. Анда Петрашев 2:16:57 мүнөттүк жыйынтыкты көрсөткөн. 18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. Читать дальше...

Бишкек мэринин дымактуу демилгеси

Azattyk.org 

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов шаардагы парктардан мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча демилге көтөрдү.

Жээнбеков: Курман айт бизди абийир менен таза жашоого үндөйт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өзүнүн кайрылуусунда мамлекет башчы "Курман айт жаратканга жакын болууга, абийир менен таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөрүн” белгилейт. “Бул күнү кудайга тобо келтирип, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз, жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн жараткандан жакшылык суранабыз. Читать дальше...

Бишкекте чет элдиктерди алдап жүргөн пакистандык жаран кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жашап жаткан Мухаммад К. аттуу 37 жаштагы Пакистандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, колго түшкөн адам Индиянын жаранын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бирине "окууга өткөрөм" деп 5500 АКШ долларын алган. Кийин окууга өткөргөн эмес жана акчасын кайтарбай койгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук... Читать дальше...

Шаршембиев: “Таза коом” долбоору аксаган жок

Azattyk.org 

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору быйыл жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул ирет долбоорду өткөрүүгө даярдык көрүлүп, коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө каралууда. Бакыт Шаршембиев “Таза коом” долбоорунун мындан аркы долбоору, өзүнүн айланасындагы ээрчиген сөздөр тууралуу да суроолорго жооп берди.

Бүгүн Курман айт майрамдалууда

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган. Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта өттү. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты. Намаз окуу алдында мусулмандардын диний башкармалыгынын жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Читать дальше...

Текебаевдин мындан аркы дарылануусу ушул аптада чечилет

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин мындан аркы дарылануусун дарыгерлердин консилиуму чечет. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Улуттук кардиология борборунда 23-августта консилиум өтөрү күтүлүүдө. Ошондо бейтаптын абалы талданып, мындан аркы дарылануусу аныкталат. Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Текебаев күрөө тамырдын... Читать дальше...

АКШ: Трамп атайын прокурор Мюллерди сындады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер жана анын командасын сындап чыкты. Трамп "Твиттердеги" баракчасына өзүнүн ак ниеттигинен улам гана “абийири төгүлгөнүн жана кадыр-баркы жок Мюллердин командасы менен Ак үйдүн юристтери сүйлөшө алганын” жазып чыкты. АКШнын президенти Орусия менен эч кандай байланышы болбогонун белгилеп, Мюллерди Демократиялык партияга көңүл бурууга чакырды. Трамптын пикиринде... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *