Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 28.08.2018

Орусияда сентябрда ири аскердик машыгуу өтөт

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги «Чыгыш-2018» деген ири машыгуу өтөөрүн жарыялады. Министр Сергей Шойгу машыгуу Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын бардык полигондорунда уюштурулаарын билдирди. Иш-чарага 300 миңдей жоокер, аба-десант күчтөрү, миңден көп учактар жана тик учактар, эки флот тартылмакчы. 11-15-сентябрга белгиленген машыгууга эл аралык макам берилгенин "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты. Былтыр күзүндө Орусия менен Беларустун аймактарында «Батыш-2017» деген машыгуу өткөрүлгөн. Андан... Читать дальше...

Асыл тукум, шамдагай күлүктөрдү сынайбыз. Кыска аралыкка ат чабуунун эрежеси

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыска аралыкка ат чабуу — күлүктөрдүн тегиз жерде, кыска аралыкка чуркаган кызыктуу мелдеши. Адатта жылкылардын асыл тукумдуулугун сыноо максатында уюштурулуп, ал күлүктөрдү келечекте көбөйтүү каралган.

Германияда келгиндерге каршы акция кагылышуу менен коштолду

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөнүн чыгышында Хемниц шаарында ашынган улутчулдар өткөргөн демонстрацияларды кескин сындады. Канцлер тараткан билдирүүдө мындай окуяларга Германияда жол берилбеши керек экени белгиленет. Нааразылык акциясына жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшү себеп болгон. Шектүү катары Сирия менен Ирандан келген качкындар кармалган. Шаар көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдар мигранттарды Германиядан депортациялоого чакырышкан. Кылмышты шылтоо кылбоого үндөп, аларга каршы болгондор да акцияга чыгышты. Читать дальше...

Беларуста бир нече журналистке өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Беларуста эркин маалымат каражаттарында иштеген бир нече журналистке өлкөдөн чыкпоого буйрук берилди. Алар мамлекеттик БелТА агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алган деп шек саналууда. "Deutsche Welle" радиосунун Минсктеги кабарчысы Паулюк Быковски Тергөө комитети агенттиктин компьютер системалары текшерилип жаткан кезде Беларуста кала берүүгө ага көрсөтмө бергенин 27-августта билдирди. Ушундай эле чарага BelaPAN маалымат агенттигинин эки журналисти, дагы бир нече интернет порталдардын журналисттери туш болушту. Читать дальше...

Талибдер менен Москва сүйлөшүүлөрү жылдырылды

Azattyk.org 

Орусия оогандык талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кийинкиге калтырды. Бир жума мурун "Талибан" 4-сентябрга белгиленген Москва саммитине катышууга макул болгон. Орусия жыйынды жылдыруу жөнүндө чечим боюнча расмий азырынча расмий билдирүү тарата элек. Ооган президентинин кеңсесинин өкүлү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ашраф Гани менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Москва жолугушуунун мөөнөтү ооган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылыш үчүн өзгөртүлгөнүн ырастады. Читать дальше...

Бишкек ЖЭБине 24 млн. сомго видео камера алууга тендер жарыяланды

Azattyk.org 

“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) видео көзөмөл орнотуу үчүн тендер жарыялады. "Cтратегиялык объект болуп саналган ЖЭБдеги абалды көзөмөлгө алыш керек" деген мекеме аралык комиссиянын сунушу менен ишканага видео камералар орнотулганы жатат. Бул тууралуу  “Электр станцияларынын” басма сөз кызматы маалымдады. Видео көзөмөл системасына ЖЭБдин бардык аймагын камтыган 55 камера, технологиялык системасын караган 155 камера кирет. Ошондой эле анын курамында... Читать дальше...

Ирандын президенти парламентке чакырылды

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани экономикалык кризиске байланыштуу парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берди. 2013-жылы шайланган Роухани биринчи жолу парламентке чакырылды. Депутаттар улуттук валютанын арзандашына туруштук берүү боюнча президенттин планына кызыгышты. Риал апрелден бери кунунун дээрлик жарымын жоготкону жумушсуздукка, экономикалык каатчылыкка алып келди. Бир нече күн мурда экономика министри Масуд Карбасян кызматынан алынган. Акыркы жумаларда экономика маселелерине жооп берген 4 министр кызматтан кетирилди. Читать дальше...

Сириядагы чагым коркунучу

Azattyk.org 

Иран менен Сирия коргонуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу 27-августта Ирандын “Тасним” маалымат агенттиги жазды.



Хабибби же Конорбу? Кыргыз спортунун көзүрлөрү кимисин чемпион көрөт?

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Учурда ММА сүйүүчүлөрдүн башы бириккен жерде Хабиб Нурмагомедов менен Конор Магкрегордун беттеши тууралуу уу-дуу кеп. Ортодо мелдеше кетип, бирине жан тартып урушуп ийгендер да бар...

Колдорунан ажыраган жоокерге кенемте төлөп берүү каралып жатат

Azattyk.org 

8-августта Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп токко урунган жоокер Руслан Сапарбаевга камсыздандыруу каражатын төлөп берүү каралып жатат. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады. Аскер прокуратурасы факты боюнча тергөөнү аяктагандан кийин, кенемтенин өлчөмү аныкталат. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин "сол колун да ампутация кылыш керек" деп чечим чыгарышкан. Читать дальше...

Ток урган жоокер экинчи колунан айрылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин "сол колун да ампутация кылыш керек" деп чечим чыгарышкан. Бүгүн, 28-августта жоокердин колуна операция жасалып, ампутация болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Буга чейин аталган бейтапкананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин... Читать дальше...

Турак жай жана автоунаа салыгын төлөбөгөндөр айып төлөйт

Azattyk.org 

Өлкөдө автоунаа, турак жай, жер салыктарын төлөөчүлөр үчүн салык кызматтары саат онго чейин иштеп жатышат. Салык органдарындагы кезметчилер салык төлөө мөөнөтү аяктаганча эртең мененки саат тогуздан кечки онго чейин дем алыш күндөрү да иштешет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле салыктарды айрым банктар, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөго болот. Автоунаалардын салыгы 1-сентябрга, ал эми турак жай, жер салыгы 2-сентябрга чейин төлөнүшү керек. Читать дальше...

Турак-жай жана автоунаа салыгын төлөбөгөндөр айып төлөйт

Azattyk.org 

Өлкөдө автоунаа, турак жай, жер салыктарын төлөөчүлөр үчүн салык кызматтары саат онго чейин иштеп жатышат. Салык органдарындагы кезметчилер салык төлөө мөөнөтү аяктаганча эртең мененки саат тогуздан кечки онго чейин дем алыш күндөрү да иштешет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле салыктарды айрым банктар, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөго болот. Автоунаалардын салыгы 1-сентябрга, ал эми турак жай, жер салыгы 2-сентябрга чейин төлөнүшү керек. Читать дальше...

Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу Кант авиабазасынын кызматкери экени айтылууда

Azattyk.org 

27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Буга чейин 24.kg агенттиги адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан айдоочу Кант шаарында жайгашкан аскер авиабазасынын кызматкери экенин жазып чыккан. Бирок милиция бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. (TSh)

Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу Кант авиабазынын кызматкери экени айтылууда

Azattyk.org 

27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Буга чейин 24.kg агенттиги адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан айдоочу Кант шаарында жайгашкан аскер авиабазынын кызматкери экенин жазып чыккан. Бирок милиция бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. (TSh)

КСДП бийликти сындады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) ""күзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев төңкөрүш кылат" деген ушак-айыңдарга түшүндүрмө бербей жатат" деп бийликти сындаган билдирүү таратты. Билдирүүдө КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "бийлик "күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө бербей жатат жана айрым мамлекеттик органдар чагымчылдарга кырдаалды курчутуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол берүүдө" деп билдирди. Ошондой... Читать дальше...

Мектепке камынуунун мээнети

Azattyk.org 

Окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды. Кыргызстанда ата-энелер балдарына кийим-кече камдап, кызуу даярдык көрүүдө. Бишкектеги дүң базарларда мектеп кийимдери, окууга керектүү китеп-дептердин баасы арзан болгондуктан Казакстан, Орусиядан да келген кардарлар көп.

Аянтта Айтматов жөнүндө маалыматтар ката жазылган

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган такталарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө маалыматтар ката жазылганы социалдык тармактарда жарыяланып, кызуу талкууга түштү. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бир тактада эле бир нече грамматикалык ката кеткенин тастыктап, алар түндө оңдолгонун “Азаттыкка” маалымдады. Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алдында анын өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө жазылган такталар орнотулган. Белгилүү жазуучу Чыңгыз... Читать дальше...

Мурдагы вице-мэр үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

27-августта Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттон кабарлашты. Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган. УКМК билдиргендей, Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин... Читать дальше...

Ооганстан: Президент күч түзүмдөрүнүн башчыларын иштен кетирген жок

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өкмөттүн үч коопсуздук органынын жетекчилеринин кызматтан кетүү тууралуу арыздарын кабыл алган жок. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Президент 26-августта коргоо министри Тарик Шах Бахрамиден, ички иштер министри Вайс Бармактан жана Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчысы Масум Станекзайдан өз кызматтарында калып, коопсуздукту күчөтүү боюнча ишти улантууну өтүнгөн. Андан мурдараак Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар кызматтан кеткен. Читать дальше...

Ооганстан: Президент коопсуздук жетекчилеринин отставкасын кабыл алган жок

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өкмөттүн үч коопсуздук органынын жетекчилеринин кызматтан кетүү тууралуу арызын кайра артка кайтарды. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазды. Президент 26-августта Коргоо министри Тарик Шах Бахрамини, ички иштер министри Вайс Бармакты жана Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчысы Масум Станекзайды өз кызматтарында калып коопсуздукту күчөтүүнүн үстүндө иштөөсүн өтүнгөн. Андан мурдараак Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар отставкага кеткен. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *