Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 11.10.2018

Скрипалдардын ууланышы боюнча үчүнчү кишинин аты аталды

Azattyk.org 

Орусиялык "Фонтанка" гезити Скрипалдардын ууланышына шектүү үчүнчү кишинин аты-жөнү Сергей Федотов экенин жазып чыкты. Ал Британияга башка эки шектүү менен кошо келген жана Скрипалдар эстен танып жыгылган күнү кайра чыгып кеткени кабарланды.  Гезит бул маалыматтарды аты аталбаган маалымат булактарына таянып жазды. "Фонтанка" "британ полициясы үчүнчү шектүү тууралуу маалыматты кийинчерээк чыгарууну көздөп жатат" деп ырастайт.  Орусиянын мурдагы тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипаль... Читать дальше...

Орус футболчулары камакка алынды

Azattyk.org 

"Краснодар" клубунун жарым коргоочусу Павел Мамаев менен "Зениттин" чабуулчусу Александр Кокорин полициядагы сурактан кийин 48 саатка камакка алынды. Экөөнүн бөгөт чарасы 11-октябрда аныкталышы керек.  Москвадагы тергөө башкармалыгына Мамаев 10-октябрда күндүз, Кокорин кечинде келген.  Спортчулар 8-октябрда кафеде мас абалында эки жолу жаңжал чыгарып, жанындагыларды уруп-сабап жиберишкени кабарланган.  Күнөөлүү экени далилденсе эки футболчу беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. "Краснодар"... Читать дальше...

Саудия жоголгон журналисттин көзүн тазаладыбы?

Azattyk.org 

Түрк медиасы "саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп 15 кишинин ысымын атады. “Сабах” гезити бул адамдар журналист жоголгон күнү Саудиядан Түркияга келип, ошол эле күнү кечинде кайра учуп кетишкенин жазды.

Румынияда пенсия эки эсе көтөрүлөт

Azattyk.org 

Румыния өкмөтү төрт жыл ичинде пенсияны эки эсе көтөрүүнү көздөп жатат. 10-октябрда кабыл алынган планга ылайык, 2022-жылы карылар үчүн бөлүнгөн каражат 142 млрд. лей же 35 млрд. долларга барабар болушу керек. Ушул тапта пенсия үчүн жылына 62 млрд. лей бөлүнөт. Орточо пенсия 1100 лей же 273 евро. Бул Евробиримдиктеги эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири.  Өлкөнүн эмгек министри Ольгута Василеску экономикалык өсүш каржылоону көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирүүдө. Былтыр румын экономикасы 6,9% өсүп, өзү үчүн рекорд койгон.

Армениянын премьер-министри кызматтан кетүүгө камынууда

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 5 күндүн ичинде кызматынан кетет. "France24" телеканалы менен маектешип жатып ал ушундай убада берди.  - Шайлоо бир нече күн ашык-кеми менен 9-10-декабрларда өтөт деп алдын-ала айта алам. Ошого байланыштуу мен 16-октябрга чейин кызматтан кетишим керек, - деди ал. Никол Пашинян өзү башында турган "баркыт ыңкылабынан" кийин бийлик толук жаңыланышы үчүн кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл экенин айтып жүргөн. Буга мурдагы президент Серж Саргсяндын... Читать дальше...

Түптө жергиликтүү тургундун үйүнөн алты кап нашаа табылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын биринде 48 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнөн кочкул жашыл түстөгү, атайын жыты бар зат салынган алты кап табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Тинтүү учурунда алынган зат кара куурай экени, салмагы 72 кг 500 граммды түзөөрү аныкталды. Баңгизаттын ээси кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо... Читать дальше...

Таза суу менен камсыз кылуу долбоору үзгүлтүк алдында экени айтылды

Azattyk.org 

Элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы" долбоору үзгүлтүккө учураганы калды. Бул тууралуу бүгүн парламентте айрым депутаттар айтып чыгышты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутат Каныбек Иманалиев буга чейин каржыланган 14 млрд. сомдук иш токтоп калганы жатканын, жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадр да иш таштоо алдында экенин билдирди. Ошону менен катар ал эл аралык уюмдар аталган долбоорду каржылоодон баш тартышы мүмкүн экенин кошумчалады. Читать дальше...



Ноокатта таяк жеп каза болгон адамдын жакындары сотторго каршы митингге чыгышты

Azattyk.org 

Ноокат районунда сабалып өлтүрүлгөн Ахмадилла Абдыкадыровдун жакындары, 50дөн ашык адам райондук соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар иштин калыс каралбай, соттук отурумдар кечеңдеп жатканын айтып нааразы болушууда. Митингдин жүрүшүнөн журналисттер “Фейсбуктагы” түз алып берген видеодо чогулгандар колдоруна плакаттарды кармап турганы, ураандарды кыйкырып жатканы көрүнүп турат. Алар соттун имаратына кирип барып, бир катар сотторго ишти тездетүүнү талап кылып жатышат. Быйыл 30-мартта... Читать дальше...

Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова кызматынан кетти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова ээлеген кызматынан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Читать дальше...

Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун саны эки миңге жакын

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) дипломатиялык паспорттор жөнүндөгү соңку мезгилдеги талаш-тартыштарга байланыштуу түшүндүрмө таратып, мындай документтердин саны тууралуу маалымат берди. Расмий билдирүүгө караганда, учурда 1184 дипломатиялык жана 710 кызматтык паспорт (жалпы 1894) пайдаланылат. Алардын 647 дипломатиялык жана 161 кызматтык документи ТИМдин борбордук аппаратынын, элчиликтердин, консулдуктардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген. ТИМ ырастагандай, калган документтер... Читать дальше...

Бишкекте КМШ мугалимдеринин съезди башталды

Azattyk.org 

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагынын кызматкерлеринин V съезди башталды. Ага жалпысынан 400дөн ашуун адам катышып жатат. Жыйында КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүүнүн сапаты талкууланып, тажрыйба алмашуу болот. Мектепке чейинки, орто жана жогорку билим берүү маселелери күн тартибиндеги негизги багыттар. Съезддин ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, КМШ өлкөлөрү дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгү экенин айтты. Ал советтик билим берүү системасы коомдун ошол кездеги керектөөлөрүнө жараша болуп... Читать дальше...

Депутат «Коопсуз шаарды» үзгүлтүккө учураткандарды жоопко тартууну талап кылды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерлердин үзгүлтүккө учурап жатышынын себептерин иликтеп чыгып, жооптууларды жазага тартышы керек. Бүгүн, 11-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Алтынбек Сулайманов ушундай талап койду.  Депутат бул сыяктуу долбоорду коңшу өлкөлөр ийгиликтүү ишке ашырып, айрым республикалар чет өлкөлүк компанияларга өткөрүп берип, жакшы үзүрүн көрүп жатышканын эске салды.  Алты жылдан бери ара жолдо башы ачылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорун кезектеги чыр тооруп турат. Читать дальше...

«Коопсуз шаарды» үзгүлтүккө учураткандарды жоопко тартуу талабы коюлду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерлердин үзгүлтүккө учуроо себептерин иликтеп чыгып, жооптууларды жазага тартышы керек. Мындай талабын бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. Депутат бул сыяктуу долбоорду коңшу өлкөлөр ийгиликтүү ишке ашырып, айрым республикалар чет өлкөлүк компанияларга өткөрүп берип, жакшы үзүрүн көрүп жатканын белгиледи. Алты жылдан бери ара жолдо башы ачылбай келген "Коопсуз шаар" долбоорун кезектеги чыр тооруп турат. Читать дальше...

Чүйдө курал-жарак катылган жай табылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады. Жашыруун жайдан “Макаров” тапанчасы, номерлери өчүрүлгөн “ИЖ” травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор алынды. Соттук экспертиза курал-жарак жана ок дары жарактуу экенин айтып чыкты. Чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында... Читать дальше...

Мадумаров: Президент кол тийбестикти алууга кызыкдар эмес

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселеси тууралуу пикирин айтты: - Ушул норманы алып салууга бүгүнкү президент кызыкдарбы же жокпу? Кеп ушунда болуп жатат. Ошон үчүн өзүнүн тили менен эмес, Коопсуздук кеңешинин катчысынын тили менен сүйлөтүп жатат. Коопсуздук кеңешинин катчысы жогорку жактан ишарат болбосо бул маселеге кийлигишпейт. Демек бул айттыбы? Кимдин үнү, тили болуп жатат? Себеби эртең... Читать дальше...

Мадумаров: Президент кол тийбестикти алып таштоого кызыкпайт (видео)

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселеси тууралуу пикирин айтты: - Ушул норманы алып салууга бүгүнкү президент кызыгабы же жокпу? Кеп ушунда болуп жатат. Ошон үчүн өзүнүн тили менен эмес, Коопсуздук кеңешинин катчысынын тили менен сүйлөтүп жатат. Коопсуздук кеңешинин катчысы жогорку жактан ишарат болбосо бул маселеге кийлигишпейт. Демек бул айттыбы? Кимдин үнү, тили болуп жатат? Себеби, "эртең... Читать дальше...

Адвокат: Салянованын инисинин өлүмү кайра тергелиши керек

Azattyk.org 

10-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыкова маалымдады. Адвокаттар "саясий буюртма" деген мотив кайрадан каралып чыгышы керек экенин белгилеп, кылмыш ишин тергөөгө жиберүүнү өтүнүшкөн. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.  42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​ ... Читать дальше...

Мавлянова: Интернетте адамдын намысын коргогон чаралар зарыл

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытай туристтерди тартуунун зарылдыгы жөнүндөгү сунушунун нукура мааниси Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бурмаланганын, мындай көрүнүштөрдөн адамдарды коргоо чаралары керектигин айтты: - Кээ бир маданияты жок адамдар сөгүнгөндөн тышкары, акчага буюртма аткарган фейк (жалган - ред.) тайпалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар жана карикатураларды биринин артынан бирин чыгарып, кашыктап чогулткан абийиримди, ар-намысымды, элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып... Читать дальше...

"РухЭш" сайты Айтматов боюнча сынак жарыялады

Azattyk.org 

Маданий макалаларды жарыялаган "РухЭш" сайты өлкө боюнча мектеп окуучуларынын арасында “Айтматовдун мен окуган чыгармасы” деп аталган темада дилбаяндар сынагын жарыялады. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакир билдирди. Сынактын максаты – өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, жеткинчек муунду эне тилинде жатык, ою жетик дилбаян жазууга шыктандыруу. Сынакка 11-класска чейинки бардык окуучулар катыша алат. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине 2019-жылдын 10-майына чейин кабыл алынып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *