Сауд Арабия Хашоггинин дайынсыз жоголушун иликтөөгө чакырды
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 16-октябрда Сауд Арабия бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашоггинин тагдырын талкуулоо үчүн Эр-Риядга шашылыш барып, падыша Салман жана мураскер канзаада Мухаммед бин Салман менен сүйлөштү. Жолугушуудан кийин мамлекеттик катчы журналисттерге маалымат берет деп күтүлүп жаткан. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти сүйлөшүү жыйынтыгы тууралуу кыскача гана маалымат таратты. Анда Сауд Арабиянын падышасы жана канзаада Хашоггинин жоголушу кылдат иликтениши керектигин айтканы белгиленген. Читать дальше...