Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 19.10.2018

Астанада сегиз окуучудан менингит табылды

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Астанада «сероз менингиты» дарты менен сегиз окуучу ооруканага жаткырылды.Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар шаардын Коомдун саламаттыгын коргоо департаментине шилтеме кылып жазышты. Расмий маалыматтарга караганда, жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит дарты коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, республика боюнча менингокок инфекциясынан адам өмүрү кыйылган 14 учур катталган.

Бишкекте Айтматовго арналган илимий жыйын өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий жыйын өтөт. Аны Жогорку Кеңеш уюштуруп жатат. Иш-чарада Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу илимдин докторлору, академиктер баяндама жасайт. Улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл декабрда 90 жашка чыкмак.Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайткан. Быйыл жазуучунун 90 жылдык маарекеси республикалык жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *