Кыргызстанда 39 компания алтын кенин иштетип жатат
Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүшү керек. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрүп жатат. Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн. Читать дальше...