Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 31.08.2021

Венгрияда кытай университетинин курулушуна байланыштуу референдум өтөт

Azattyk.org 

Венгриянын шайлоо мекемеси Будапештте кытай университетинин курулушуна байланыштуу референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын баш калаанын мэри 30-августта билдирди. Будапешттин мэри Гергей Карачон Фейсбук баракчасына Улуттук шайлоо комиссиясы бул маселени референдумга алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жазды. Ал шайлоо комиссиясынын чечимин эч ким сотко даттанбаса, референдум өткөрүү үчүн 200 миң кишинин колун топтоо кийинки айда башталарын айтты. Референдум белгиленсе, анда премьер-министр... Читать дальше...

Көкбөрү: эл аралык лигада “Жети-Өгүз” жеңүүчү болду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун “Жети-Өгүз” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште эл аралык лигада жеңүүчү болду. Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште “Жети-Өгүз” оюнчулары Өзбекстандын курама командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү. Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада... Читать дальше...

Марипов: Бизде сөз эркиндиги күчтүү

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап сөз сүйлөп жатып Кыргызстанда сөз эркиндиги күчтүү экенин айтып өттү. "Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда ачык коомдун ролу чоң. Бизде сөз эркиндиги күчтүү. Бул чыныгы демократия деп эсептейбиз. Демек биз демократиялуу, укуктук, эгемендүү мамлекетпиз", — деди Марипов. Ал мындан сырткары кыргыз элинин улуттук мурастары, көз карандысыздыкка салым кошкон инсандарын эскерип өттү. 30-август күнү "Реформа"... Читать дальше...

Көк бөрү: "Ынтымак" менен "Сары-Өзөндүн" финалдык беттеши. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Көк бөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин 2021-жылдагы жогорку лигасынын финалында "Ынтымак" (Талас) менен "Сары-Өзөн" (Чүй) командалары беттешке чыкты.

АКШ Кабулдагы элчилигин Катарга көчүрөт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кабулдан америкалык дипломаттар толугу менен чыгып кеткенин жана АКШ Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн токтотконун 30-августта билдирди. Андан бир нече саат мурун Вашингтон ооган жергесинен өз аскерлерин толугу менен чыгарып болгонун жарыялаган. Блинкен Кабулдагы АКШнын элчилиги Катардын борбору Дохага көчүрүлгөнүн билдирди. Доха шаарында Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылынын дагы саясий кеңсеси бар. «Биздин аскерлер Ооганстандан чыгып кетти. Читать дальше...

Мухтар Шаханов – казак, кыргыздын баатыры

Azattyk.org 

Бүтүндөй тарыхты жараткан инсандар болот, жалпы адамзаттын, улуттун, элдин аң-сезимин ойготуп, акыл-эсинде революция жасаган адамдар болот. Пайгамбарларды айтпаганда да, Бруно, Галилео Галилей, Эйнштейн, Ницше, Махатма Ганди, Лев Толстой, Абай ж.б. ошондой инсандардан болгон. Ал эми 20-кылымдын соңунда постсоветтик мейкиндикте улуттук ар-намыстын ойгонушуна Чыңгыз Айтматовдон кем эмес салым кошкон Мухтар Шаханов болду. Балким, таланты, шык-жөндөмү жагынан бул экөөнүн деңгээли бирдей эместир, бирок батылдыгы... Читать дальше...



АКШ Ооганстандагы 20 жылдык миссиясын аяктады

Azattyk.org 

Вашингтон ооган жергесинен аскерлерин толук чыгарып бүткөнүн АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачылыгынын жетекчиси, генерал Кеннет Маккензи билдирди. АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы Кабул аэропортундагы аба каттамдарынын жүрүшүнө эми алар жооптуу эмес экенин жарыялады. Августта америкалык аскерлер эвакуацияланып жаткандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кабул эл аралык аэропортундагы каттамдарды өз көзөмөлүнө алган. 31-августта Кабулда талибдер асманга ок атып, америкалыктардын чыгып кеткенин белгилешти. Читать дальше...

Отуз жылдагы өсүш жана өксүк

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендик жылдарында эмнеге жетишип, эмнени жоготту? Дүйнөлүк рейтингдерде кандай орунду ээлей алды? Кыргызстандын 30 жыл ичиндеги өсүшү менен өксүгүн кеминде 10 көрсөткүч аркылуу талдоого аракет кылдык.

Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев Кыргыз эл жазуучусу болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Жазуучу Чолпонбек Абыкеев менен драматург, сынчы Жаныш Кулмамбетовго Кыргыз эл жазуучусу наамы тапшырылды. Чолпонбек Абыкеев ушул жылдын июль айында мамлекеттик катчы болуп дайындалган. Жаныш Кулмамбетов “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин президенти. Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. Читать дальше...

Көкбөрү: Биринчи лигада “Көк-Жал” жеңүүчү болду (видео)

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын “Көк-Жал” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште биринчи лигада жеңүүчү болду. Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште бишкектиктер Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды. Кечээ бул лигада 3-орунду “Соң-Көл командасы алган. Алар коло байге үчүн беттеште “Ат-Башы” командасын 1:0 эсебинде жеңген. Ушул тапта эл аралык лиганын финалында Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” командасы алтын байге үчүн беттешүүдө. Читать дальше...

Төкмө акындарга Кыргыз эл акыны наамы берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Акын Бактыгүл Чотурова, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков (Жеңишбек Жумакадыр), Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге Кыргыз эл акыны наамы ыйгарылды. Мамлекет башчысынын буйругу менен маданият ишмерлерине да 2-3-даражадагы "Манас" ордени берилген. Ошондой эле, бир катар эстрада ырчылары Эл артисти наамдарын алышкан. Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Читать дальше...

Маданият ишмерлери 2-3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. II даражадагы “Манас” ордени менен Замирбек Үсөнбаев, III даражадагы “Манас” ордени менен Түгөлбай Казаков, Мираида Далбаева, Айтурган Темирова, Тулкунджан Ахмадалиев жана Күлайым Каныметова сыйланышты.  “Даңк” ордени Гүлсүн Мамашова менен Камчыбек Дюшалиевге ыйгарылды. Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. Читать дальше...

Майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди. "2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат", - деп билдирди президент. Ошондой эле... Читать дальше...

Бек Борбиев, Динара Акулова баштаган ырчыларга эл артисти наамы берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Алардын арасында "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамын алган эстрада ырчылары, композиторлор да бар. Бул наамды Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробекова, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эгемендиктин 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады. "Биз, саясатчылар, элибиздин, азыркы муундун алдында гана эмес, тарых алдында да жоопкербиз. Аталардын жаркын элесине таазим этүү менен, алар мураска калтырган мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү сындуу баалуулуктарды саясий жана пенделик кызыкчылыктардан жогору коюуга милдеттүүбүз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок", - деген Сооронбай Жээнбеков. Ал азыркы муундун мамлекеттик ишмерлерине... Читать дальше...

1-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен мамлекеттик ишмерлер - Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта президенттин расмий интернет баракчасына маалымат жарыяланды. Мамлекеттик ишмерлерге Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө жана элге өтөгөн кызматы үчүн жогорку даражадагы сыйлыктар ыйгарылды. Жусуп Абдрахмановдун быйыл 120 жылдыгы белгиленүүдө. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдрахманов 1938-жылы репрессияга учураган. Читать дальше...

31-августка карата шайлоого катышуу үчүн алты партия билдирме жөнөттү

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 31-августка карата алты партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман эл" берген. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл. Читать дальше...

Кыргызстанда окуп кеткен оогандыктар Жапаровго кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жогорку окуу жайларды бүтүрүп кеткен оогандыктар президент Садыр Жапаровго кайрылып, аларга жардам берүүнү өтүнүштү. "Бизди талибдер өлтүрүп кетиши мүмкүн" деген жыйырмадан ашуун оогандыктар Кыргызстанга барып жашоого уруксат беришин суранып жатышат. Алар Ооганстандын ар кайсы провинцияларында отурукташкан жана дээрлик бардыгы буга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлеп, университеттерде сабак берип келген. "Азаттык" Ооганстандын баш калаасы Кабулда жашаган Ахмад жана Сиражуддин менен байланышты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *