Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 31.08.2021

Эгемендик: эл чыйырды өзү салды

Azattyk.org 

Азыркы муун өлкөбүздүн 30 жылдык эгемендик күнүн белгилөөгө татыктуубузбу же Кыргызстан өз эгемендигин кантип бекемдей алды? Жумушчу сапарларымдын биринде жакынкы өлкөлөрдүн бирине барып, эл аралык деңгээлдеги конференцияга катыштым. Иш-чараны уюштуруп, өткөрүп жаткандарды жана борбор шаарынын, региондорунун ырааттуу өнүккөнүн көрүп оозум ачылды. Сый тамак үстүндө боордош элден келген чоң даражалуу бирөөдөн Кыргызстаныбызга салыштырып, өксүп атканымды айтып муңайсам, ал кишинин мага айткан акылы таасирдүү болду. Читать дальше...

АКШнын мамкатчысы Блинкен кыргызстандыктарды куттуктады

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы ондогон жылдык карым-катышты, байланышты жогору баалап, мындан ары да жалпы демократиялык баалуулуктардын чегинде кызматташтык уланарына ишеничин билдирди. "Эки өлкөнүн тыгыз байланышы эки элди эле жакындатуудан тышкары адамзаттын жалпы көйгөйү болгон климаттын өзгөрүшү, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кыйынчылыктарын бирге чечүүгө өбөлгө болот. Читать дальше...

Каптагаев: Эркин сүйлөө да чоң жетишкендик

Azattyk.org 

Коомдогу кулмүнөз психологиядан кутулуу үчүн күчтүү мамлекеттик идеология, атуулдук аң-сезим керек. Булар менен биз чөлкөмдө өнүккөн, кубаттуу мамлекет болобуз. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" курган маегинде бөлүштү.

Кызды тепкичтен тоголото чапкан адамга издөө салынды

Azattyk.org 

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү караоке клубдан чыгып келе жаткан кызды бетке урган адамга "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармакта тепкичтен чыгып келе жаткан кызды жанындагы адам чыканагы менен бетке тоголото койгон видео тараган. Милициянын маалыматына ылайык окуя 29-августтун түнүндө Бишкектеги караоке клубдардын биринде болгон. Караоке клубдун администраторунун милицияны чакыруу сунушунан запкы көргөн кыз баш тартып... Читать дальше...

Эгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жол

Azattyk.org 

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 30 жыл толду. Өлкө 1991-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул аралыкта алты президент алмашты, алардын үчөөнүн бийлиги ыңкылап жолу менен жаңыланды. Сырттан жасалган кол салуу, ички нааразылыктарды күч менен басуу жана улуттар аралык кагылыш мамлекеттеги талылуу окуялардан болуп калды. Ушундай кыйчалыш учурлар республиканы бирде өргө тартып, бирде артка кетирип олтурду. "Азаттык" Кыргызстан баштан кечирген окуяларды хронологиялык тартипте тизип, эстеп, талдап көрүүгө аракет кылды. Читать дальше...

Жапаров: Быйыл бир да тыйын карыз алган жокпуз

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта сөз сүйлөп жатат. Ал 2020-жылдагы оор экономикалык абал, пандемиянын кесепеттери тууралуу айтып, өзү бийликке келгенде бюджет бош болгонун айтты. "2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүү темпи 8,6% төмөндөгөн. Азыркы учурда пандемия уланып жатат. Бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айында экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө. Мен президент болуп келгенде бюджет бош... Читать дальше...



Вирустан төрт киши каза болду, 145 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-августтагы маалыматына караганда, Кыргызстанда бир суткада коронавирустан төрт киши каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 528 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 145 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 175 714 адамга жетти. Бир күндө 360 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1 071 адам жатат, дагы 914 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 169 777​ киши. Читать дальше...

Өзбекстан ооган качкындарына чек арасын ачууга даяр экени тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө талибдердин режиминен качып жаткан ооганстандыктар үчүн чек арасын ачууга даяр экени жөнүндөгү маалыматты четке какты. Буга чейин Reuters агенттиги Өзбекстанга барган Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мааска шилтеме кылып, Ташкент Ооганстандагы талибдердин запкысынан коркуп, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн Германиянын тизмесинде турган жарандарга чек арасын ачууга даяр экенин кабарлаган. "Коопсуздукту камсыз кылуу максатында учурда өзбек-ооган чек арасы толук жабык. Читать дальше...

Түркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооганстандык качкындар өлкөгө киргизилбей турганын расмий түрдө ырастады. Бул тууралуу ал 29-августта Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, өз сөзүндө Бердымухамедов азыркыдай жеңил эмес эпидемиологиялык шартта качкындарды кабыл алуу боюнча туура чечимдер болушу керектигин белгиледи. "Азыр адам өмүрү үчүн кооптуу болуп жаткан коронавирус инфекциясынын... Читать дальше...

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Azattyk.org 

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда. Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген. Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча... Читать дальше...

Отунбаева: Акыркы демибиз калганча прогрессивдүү коом курууга умтула беребиз

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Эгемендиктин 30 жылдыгына карата “Азаттыкка” маек куруп, Эгемендиктин барк-баасы, көз карандысыз мамлекет куруудагы кыйынчылыктар, соңку 30 жылдагы өлкөдөгү олку-солкулуктун себептери жана сабактары, прогресстивдүү коом куруу тууралуу пикирин билдирди.

Чет өлкөлүк жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облусундагы чет өлкөлүк жарандарга, алардын ичинде Кыргызстандагы окуу жайларда окуган чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Аларга Кыргызстанда жүрүү тартиби, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тууралуу маалымат берилди. Ал эми транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө кете турган жарандарга мейманкана жана үйлөрдөн зарылчылыгы жок чыкпоо эскертилди. Бул тууралуу Ички... Читать дальше...

БШК шайлоо үгүт жараянына катышуучу ЖМКларды каттоону баштады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү жараянына катышуучу маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды каттай баштады. Боршайкомдун маалымдашынча, аккредитациядан өтүүгө документтерди кабыл алуу 18-сентябрда аяктайт. БШК парламенттик шайлоодо үгүт жүргүзүү жараянына аймактардагы маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларды жигердүү катышууга чакырды. Маалыматта Боршайком шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын... Читать дальше...

ЖККУнун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келет

Azattyk.org 

Бүгүн, 31-августта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келет. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал Кыргызстанда 2-сентябрга чейин болот. Сапар алкагында баш катчы өлкө жетекчилери, аскер башчылары менен жолугат. Жолугушууда Станислав Зась ЖККУнун 15-16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтө турган кезектеги сессиясына даярдыкты талкуулайт. Мындан тышкары уюм алкагындагы аймактардагы кырдаал тууралуу маалымат берет. Дүйшөмбү... Читать дальше...

Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдык мааракесин майрамдоо салтанатын уюштуруу жана өткөрүү иштери учурунда Бишкектин бир нече көчөсү саат 02:00 тартып жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти менен Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жабык болот. Аскер парадына катышуучу атайын техникалардын жүрүүсүнө шарт түзүү үчүн Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь көчөлөрү, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, Профсоюзный көчөсү да жабылат. Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн... Читать дальше...

Чет өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик майрамы менен куттукташууда

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттукташты. 30-августта Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель телефон чалып, президентти жана жалпы Кыргызстандын элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттукташты. Өлкөгө өсүп-өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашты. Президент Жапаровдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык,... Читать дальше...

Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду

Azattyk.org 

Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына бүгүн, 31-августта 30 жыл толду. Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн борбор калаа - Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт. Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот. Эгемендиктин 30 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында, чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде майрамдалат.... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *