ТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт
Ушу тапта 750 миң чамалуу кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров билдирди. Ал 30-сентябрда миграция боюнча эл аралык уюмдар менен чогуу өткөн жыйында кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияга, Түркияга жана Казакстанга кетип жатканын белгиледи. Каймазаровдун айтуусунда, бүгүнкү күнү миграция - элет калкы үчүн жашоосун жакшыртып, социалдык макамын көтөрүүгө жалгыз мүмкүнчүлүк.... Читать дальше...