Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 01.10.2021

Ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы кымбаттады

Azattyk.org 

15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Министрлер кабинети Энергетика министрлиги менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Ага ылайык, жаңы тарифтик саясат алкагында эл үчүн 1000 кВт саатка чейинки пайдалануудан электр энергиясына 77 тыйындан төлөнөт. Андан ашкандар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми ишканалар 2 сом 50 тыйындан төлөйт. Өкмөт баалардын көтөрүлүшүнөн жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. Читать дальше...

УКМК эскирген азыктардын мөөнөтүн өзгөртүп саткандарды аныктады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ири көлөмдөгү эскирген азыктардын мөөнөтүн жасалмалап узартып саткан фактыны аныктады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн түштүгүндө сатылып жаткан азыктар R.G. Company менен "М.И. Компани" ишканасына таандык болуп чыккан. Товарлар Орусиядан, Казакстандан жана Бишкектен келип турган. Атайын иш-чаранын алкагында 30-сентябрда кампаны тинтүү убагында жарактуулук мөөнөтү жасалма түрдө узартылган балдардын тамак-ашы, конфет, печенье, торт, сүт азыктары жана башкалар табылган. Читать дальше...

Саакашвили Грузияга кайтып келгенин жарыялады

Azattyk.org 

Грузиянын бозгунда жүргөн мурдагы президенти Михаил Саакашвили 8 жылдан кийин мекенине кайтып барганын жарыялады. Бирок грузин полициясы саясатчы чек арадан өтпөгөнүн билдирүүдө. Ага чейин грузин бийлиги Саакашвили кайтып келсе, дароо камакка алынарын эскерткен.  Украинада жашап жүргөн Михаил Саакашвили Грузияга кайтып келгенин 1-октябрда "Фейсбук" аркылуу жарыялады. Ал социалдык түйүнгө жүктөгөн видео кайрылуусунда Кара деңиздин боюндагы Батуми шаарында жүргөнүн белгилеп, элди 2-октябрда Грузияда... Читать дальше...

Адвокат тыңшоо ишине байланыштуу ИИМдин тергөө башкармалыгын сотко берет

Azattyk.org 

Адвокат Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгын сотко берет.  Буга былтыркы 5-6-9-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча түзүлгөн кылмыш иштин алкагындагы тыңшоолордун корутундусу жашыруун маалымат катары өзүнчө томго бөлүнгөнү себеп болгон.  "Буга чейин иштин материалдары менен таанышканда 100 чакты активистти тыңшоого тийиштүү материалдарды көргөм. Сканерден өткөн вариантта алар жок экен. Сурасам айрым документтер жашыруун томго бөлүнгөнүн жана анда далилдер жок болгондуктан сотко берилбей турганын... Читать дальше...

HRW: "Талибан" Ооганстанда сөз эркиндигин жана маалымат каражаттарын чектеп жатат

Azattyk.org 

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму билдиргендей, "Талибан" август айында Ооганстанга көзөмөл орноткондон бери "маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин кыйла чектеди". Сентябрдын соңунда "Талибан" кыймылы ооган журналисттерине эрежелердин тизмесин бирген. Байкоочулар бул тизме цензурага жана куугунтуктоого жол берерин белгилеп жатышат. "Талибан" кыймылы "ислам баалуулуктарын сыйлаган маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук жаратпоо тууралуу" убада бергенине карабастан, жаңы эрежелер өлкөдөгү медиа эркиндигин муунтуп жатат"... Читать дальше...

Жапаров Си Цзинпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда Кытайдын төрагасы Си Цзинпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. "Сизди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат", - деп жазылган мамлекет башчынын куттуктоосунда. Буге чейин Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүн... Читать дальше...

Румынияда ооруканадагы өрт жети адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Румыниядагы оорукананын коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдө тутанган өрт кеминде жети адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Өрт 1-октябрда Констанца шаарындагы инфекциялык ооруканада чыккан. Ал маалда имаратта 113 бейтап болгон. Алардын ону жандандыруу бөлүмүндө эле. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан маалда бейтаптарды коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргөн. Ноябрь айында Румыниянын түндүк-чыгышында коронавирусту дарылаган ооруканада өрт тутанып, 10 адам каза болгон. Читать дальше...

Казак соту Арон Атабекти үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Казакстанда сот түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабекти үй камагына чыгарды. Диссидент акын жакында эле ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Атабек 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Атабек бир нече күн мурда ооруканага түшкөнүн 28-сентябрда укук коргоочу Елена Семенова билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып келет. 2012-жылы күнөөсүн моюнуна алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан. Читать дальше...



Ноокенде 16 жаштагы улан киши өлтүрүүгө шек саналууда

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ноокен районунда 48 жаштагы кишинин өлүмүнө шек саналып, эки адам кармалды. Алардын бири 19 жаштагы А. Ж., экинчиси - 16 жаштагы К.А. экени кабарланды. Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Ал Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаада, Ноокен районунун тургуну 1973-ж.т. Читать дальше...

Ош аэропорту Стамбулдан 8 жылдан бери алгачкы учакты кабыл алды

Azattyk.org 

Ош эл аралык аэропортуна 1-октябрга караган түндө Стамбулдан жүргүнчү учагы учуп келди. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Стамбул-Ош багытындагы учак Pegasus компаниясына таандык.  Компаниянын өкүлү Юсуф Эрмандын айтуусунда каттамды ачууга байланыштуу сүйлөшүү эки жылга созулган. "Фергана өрөөнүндөгү жүргүнчүлөргө Стамбул аркылуу дүйнөнүн 19 өлкөсүнө жана Түркиянын 22 шаарына жол ачылды. Мындан тышкары бул Ош шаары жана Кыргызстандын түштүгү үчүн чоң жарнама болуп берет", - деди Эрман. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан карга айланат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде катуу шамал болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6... Читать дальше...

Лукашенко элинен кечирим суроодон баш тартты

Azattyk.org 

Беларус лидери Александр Лукашенко полициянын карапайым тургундарга каршы жасаган аракеттери, куугунтугу үчүн кечирим суроодон баш тартты. 30-сентябрда CNN телеканалына курган маегинде Беларустагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу эл аралык уюмдардын сынын жана маалымат каражаттарынын жазгандарын да моюнуна алган жок. "Жок, учурдан пайдаланып, кечирим сурагым келбейт. Эгер кааласам беларус медиасы аркылуу жасамакмын. Кечирим сурагандай эч нерсе кылган жокмун", - деди Лукашенко. Беларуста толкундоо былтыр августта башталган. Читать дальше...

Шайлоо-2021: 63 киши өзүн-өзү көрсөтүп, арыз тапшырды

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 1-октябрга карата 63кө жетти. Жаңы арыз тапшыргандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамабевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев, адвокат Канат Хасанов жана башкалар бар. Арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн-өзү көрсөткөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Боршайком арыз тапшыргандардын тизмесин расмий сайтына жарыялады. Шайлоого бир мандаттуу округдан... Читать дальше...

Кыргызстан менен Казакстан санариптик жаатта кызматташат

Azattyk.org 

"КИТ-2021" форумунун алкагында Кыргызстандагы маалымат технологияларын өнүктүрүү боюнча талкуулар, санарип көргөзмө өткөрүлүп, эл аралык тажрыйба алмашуу болду. Иш-чара Digital Week санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Ошто 15 жаштагы кыз көз жарганы 40 күндөн кийин белгилүү болду

Azattyk.org 

Ош шаарында 15 жаштагы кыз 2021-жылдын 19-августунда эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен төрөтканага барып көз жарган. Анын жашы жете элек өспүрүм экени 29-сентябрда баласына документ алганы келгенде аныкталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева кабарлады. “Кыз төрөгөнү келгенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 2002-жылкы деп турган. Уул төрөп, ооруканадан баласына документ албай чыккан. 29-сентябрда мен да Ошто иш сапарда жүрүп... Читать дальше...

Мэрия айдоочунун орой мамилесине кабылган келинди издеп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында коляскасы менен турган эне-баланы салбай кеткен 203-маршрутканын айдоочусуна "Бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык 11,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мындан сырткары 203-каттамды тейлеген фирма 13 миң сом айып төлөмөй болду. Мэрия коомдук транспорттордун айдоочуларына кайрылып, жүргүнчүлөргө сый мамиле кылууну, жол эрежесин сактап, унаанын салонун таза жана тыкан алып жүрүүнү эскерткен. Болбосо чара көрүлөрү айтылган. Мэрия учурда... Читать дальше...

Көп жыл жашаган карыя жубайлар үчүн нике салтанаты уюштурулду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы бул аймактагы көп жыл бирге түтүн булаткан түгөйлөргө борбордогу Бакыт өргөөсүндө атайын салтанат уюштурду. “Жакут той”- үйлөнгөнүнө 60 жыл болгон эки жуп, “алтын той” - баш кошконуна 50 жыл болгон 14 жуп салтанаттуу түрдө нике каттоочу китептерге кол коюп, Бакыт өргөөсүндө жакындары менен сүрөткө түштү. Бул иш-чара 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. БУУнун маалыматына караганда, Кыргызстанда 60 жаштан улуу адамдар жалпы калктын 8% түзөт. Читать дальше...

Полиция Эквадор түрмөсүндө көзөмөл орнотконун билдирди

Azattyk.org 

Полиция Эквадор түрмөсүндөгү 118 адамдын өмүрүн алган тополоңдон кийин көзөмөл калыбына келтирилгенин билдирди. Бийлик бул Түштүк Америкадагы түрмө ичинде чыккан эң кандуу калаба болуп калганын билдирди. Түрмө администрациясынын маалыматына ылайык, 86 киши жарадар болгон. Алардын бир нечесинин абалы оор. Улуттук прокуратура билдиргендей, алты адамдын башы кесилген. Жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө жүздөгөн адам топтолду. Тополоң Гуаякил шаарындагы түрмөдө 28-сентябрда тутанган. Жергиликтүү маалымат агенттиктери жазгандай... Читать дальше...

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлигинин башчылыгынан кетет

Azattyk.org 

Кыргыз футбол бирлиги уюмунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулуп, Маматовдун отставкасын карап, уюмдун жаңы жетекчисин шайлайт.   “Акипресс” басылмасы футбол бирлигиндеги булактарына таянып, Маматовдун ордуна Кыргыз футбол бирлиги уюмунун мурдагы башкы катчысы Медербек Сыдыковдун жана уюмдун мурдагы президенти Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын жазды. Читать дальше...

"Озоди": Орусия тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Москва Тажикстан менен Ооганстан чек арага күчтөрүн тартып жатканына тынчсыздануусун билдирип, тараптарды «жаралган кырдаалды жөндөй турган, эки өлкөгө тең ыңгайлуу варианттарды издөөгө» чакырды. Бул тууралуу Москвада 30-сентябрда өткөн брифингде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев билдирди. Буг чейин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы - «Озоди» радиосу кабарлагандай, талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда Твиттерге Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын... Читать дальше...

Баткен: Марипов чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулуп бүтпөй жатканын сынга алды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үйлөрдүн толук калыбына келтирилбей, курулушу кечеңдеп жатканын сынга алды. Марипов бүгүн, 1-октябрда чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында курулушту тездетүүнү тапшырды. "Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрү суук түшөт, бирок мамлекеттик жана жеке менчик турак жайларды толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Читать дальше...

Михаил Саакашвили Грузияга кайтканын билдирди

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, бозгундагы Михаил Саакашвили мекенине кайтканын билдирди. 1-октябрда Фейсбукка жарыяланган видеодо Саакашвили Батуми шаарында экенин айткан. Бир нече саат мурда ал сегиз жылдан кийин Грузияга келгенин жазган. Бул маалыматтын чын-төгүнүн дароо бышыктаганга мүмкүнчүлүк боло элек. Грузиянын Ички иштер министрлиги дагы азырынча комментарий берген жок. Соңку мезгилде Украинада жүргөн Саакашвили ушул апта башында «өлкөнү сактап калууга» жардам берүү үчүн Грузияга 2-октябрда бара турганын билдирген. Читать дальше...

Кыргызстан Ирактан алынып келген балдардын реинтеграциясы үчүн ЕККУдан колдоо сурады

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австрияга жасаган иш сапарынын алкагында 30-сентябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Хелга Мария Шмидтке жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда эл аралык коопсуздук, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, Ооганстандагы окуялардын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жана чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо тууралуу сөз болгон. Казакбаев өкмөттүн Ирактан... Читать дальше...

Нур-Cултанда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Нур-Cултанда 1-октябда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылып акцияга чыккан сегиз адамды полиция кармап кетти. Окуяны чагылдырып жаткан "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине полиция тоскоолдук жаратууга аракет кылды. Алар акциянын катышуучуларын кандай себеп менен кармап, кайда алып баратышканын түшүндүрүшкөн жок. Маалыматтарга караганда, 1-октябрда Казакстандын баш калаасында Кытай элчилигинин жаңы имаратынын ачылышы өтмөк. Бул тууралуу расмий эч жерде айтылган эмес. Читать дальше...

Мамлекеттик макамдагы "Манас" театры түптөлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлдү. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу театрдын жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, театрдын уставы 30-сентябрда иштелип чыккан. “Манас” театрынын ишмердиги үчүн борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнүп берилди. Буга чейин 25-сентябрда Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *