Германия Беларус аркылуу келген мигранттардын саны өскөнүн билдирди
Германиянын бийлиги Беларус жана Польша аркылуу келген мигранттардын саны көбөйүп жатканын билдирди. Федералдык полициянын 13-октябрдагы маалыматына ылайык, август айынан бери Германияга мыйзамсыз жолдор менен келген чет өлкөлүктөрдүн саны 4300дөн ашты. "Беларус багыты" аркылуу Германиянын аймагына кирген жана документи жок мигранттардын арасында Ирактын, Сириянын, Йемендин, Ирандын жарандары бар. Алардын көбү Германиянын Бранденбург штатындагы убактылуу борборлорго жайгаштырылып жатат. Брюсселдеги... Читать дальше...