Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 13.10.2021

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 300дөн ашты

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 13-октябрга карата 308 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр. БШКнын маалыматына караганда, 12-октябрда 80 киши арыз тапшырды. БШК арыз тапшыргандардын 36сын расмий талапкер катары каттады. Бүгүн, 13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү. Ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Читать дальше...

Шайлоо алдында биригип-чачыраган партиялар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялардын акыркылары курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитип жатат. Азырынча 20га жакын партия курултай өткөрүп бүттү. Ал эми бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөндөр 300дөн ашты. "Альянс" оппозиция экенин жарыялады "Альянс" саясий партиясы 12-октябрда Бишкекте курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Курултайда Мирлан Жээнчороев менен Жанарбек Акаев партиянын тең төрагалары болуп шайланды. Читать дальше...

Бишкектеги жаңы конушта эко-фестиваль өттү

Azattyk.org 

Бишкек четиндеги таштанды талаасына жакын Алтын Казык жаңы конушунда "Trash-3: искусство+экология" аттуу эко-фестивалдын жыйынтыктоочу күнү 12-октябрда болду. Эколог-активисттердин демилгеси менен үч айдан бери таштандыдан атайын материалдар топтолуп, он инсталляция жасалган, катышуучулар таштанды талаасына бир нече ирет барып, атайын эко-турлар уюштурулган. Фестивалга жаңы конуштун тургундары, балдары, студенттер, экологдор, журналисттер катышты. Анын уюштуруучулары таштанды талаадан чыккан уулуу заттар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *