Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 14.10.2021

Навальный санаалаштарын күрөштү улантууга чакырды

Azattyk.org 

Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальный абактан кат жазып, өзүнүн фондунун кызматкерлерин жана үзөңгүлөштөрүн коррупцияга каршы күрөштү улантууга чакырды. “Ив Роше” иши боюнча соттолуп, Владимир облусундагы колонияда отурган оппозициячынын кол жазмасын “Медуза” сайты жарыялады. Навальный жакында өткөн шайлоого баасын берип, “Акылдуу добуш берүү” системасы “Бирдиктүү Орусия” партиясын “талкалаганын” айтты. Саясатчы басым-кысымга карабай командасынын инфраструктурасын сактап калгандыгы үчүн санаалаштарына ыраазычылыгын билдирди. Читать дальше...

Бир мандаттуу округ: Аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө, ал эми Таласта аялдар чыккан жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер арасынан аялдар эң көбү Ысык-Көл облусунда. Ал эми Талас облусунан бир да аял өз талапкерлигин көрсөткөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдардан талапкер болуп катталуу үчүн арыз менен кайрылгандар 381 адам болду, алардын 31и аял, 350сү эркек. Аялдардан Баткенде төртөө, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында үчтөн, Бишкекте жана Нарында төрттөн, Ысык-Көлдө 10 талапкер. Читать дальше...

Борбор азиялык мигранттарга Орусия мунапыс жарыялады

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Тажикстандын 300 миң жараны үчүн Орусияга кирүүгө салынган чектөө алынганы кабарланды. Бул чечим Орусияда соттолгон мигранттарга тиешелүү эмес. Ал эми өлкөгө кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 74 миңдей жараны тууралуу сөз боло элек. 8-октябрда Орусиянын Миграция федерациясынын президенти Вадим Коженов буга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган өзбекстандык жана тажикстандык мигранттарга мунапыс жарыяланганын билдирди. "Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына мунапыс жарыяланды.

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди

Azattyk.org 

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчы орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынганын белгилеп, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемесинен бошотулганын белгиледи. Мамлекет бул багыттагы ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкканын кошумчалады. Читать дальше...

Өзбекстан "каттоо" деген терминден баш тартат

Azattyk.org 

Өзбекстандын парламенти “жашаган жеринде катталуу” (прописка) деген түшүнүк “моралдык жактан эскирген” деп айтылган мыйзам долбоорун талкуулады. “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы маалымдагандай, депутаттардын айтымында, азыркы терминди жарандар "эркиндиктерди чектеген" сөздөр менен байланыштырышат. Андыктан мыйзам долбоорунда "туруктуу каттоо" өңдүү терминдердин ордуна "туруктуу жашаган жерде катталуу" өңдүү башка аныктама сунуш кылынмакчы. Былтыр президент Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары жана... Читать дальше...

Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сот уланды

Azattyk.org 

АКШнын Жогорку сотунун судьялары Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүүгө ыкташууда. Шаршембиде бир жарым саатка созулган аргументтерди угууда консервативдүү көз караштагы алты судья Юстиция министрлигинин өлүм жазасын жокко чыгаруу чечимине каршы турумун жактагандай көрүндү. Андай чечимди төмөнкү инстанциядагы сот кабыл алган болчу. Либералдуу 3 судья Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү керектигине бекем турган АКШ администрациясынын адвокатына катуу суроолорду беришти. Читать дальше...

Ооганстан: кыргыз визасын күткөн студенттер

Azattyk.org 

Кыргызстан 249 ооган студентине виза берүү чечимин кабыл алды. Маалыматка караганда, ЕККУнун Бишкектеги академиясы жана Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети аларда окуй турган ооган жарандарына окуу визаларын берүү өтүнүчү менен кайрылган. 32 жаштагы оогандык Захрид Бабирзи Кыргызстанга алгач 2008-жылы келип, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуган. Быйыл ал окууга тапшыруу үчүн Ооганстандан келе албай калганына бушайман. Ал Кыргызстанда алган билимин өз мекенинде колдонууну кыялданган. Читать дальше...

Муфтият жамандоого кабылганын айткан мушкердин окуясына тиешеси жоктугун билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) “жамандоого кабылгандыктан” өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенип жатканын айткан кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин окуясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. 14-октябрда муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Физиевдин айткандары “чындыкка дал келбейт” деп айтты. “Муфтият бирөөнү коркутуу менен алектенбейт, өзүнө жүктөлгөн уставдык миссиясын аткарат. Түшүндүрүү, агартуу, элибизге динибиздин баалуулуктарын жеткирүү менен алектенет”... Читать дальше...



Энергетикалык кризис. Көмүргө көз каранды Борбор Азия

Azattyk.org 

Гидроэлектрэнергия жана газ таңкыстыгынан улам Борбор Азиянын көпчүлүк тургундары кышында үйүн жылытууга жана электр менен камсыздоого көмүрдү колдонот. Кыргызстан Энергетикалык көйгөйлөрдүн кооптуу белгилери Кыргызстанда жаз жана жай мезгилдеринде эле байкала баштаган. Өлкөдөгү негизги электр энергия булагы - гидроэлектрстанциялар аркылуу иштелип чыгат. Быйылкы кургакчылыктан улам суу таңкыс болду. Айрымдар акыркы жылдардагы эң чоң энергетикалык кризис жаралышы мүмкүн деп болжойт. Сентябрдын... Читать дальше...

Байден портторду күнү-түнү иштөөгө чакырды

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден америкалык компанияларды товарларды ташуу иштерин жеңилдетүүгө жардам берүүгө чакырды. Президент 13-октябрда билдиргенине караганда, Калифорниядагы 2 ири порт кемелерди күтүп жаткан контейнерлерге орун бошотуу үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Порттордон тышкары бир нече чоң соода компаниялары 24 саат иштөөгө киришмекчи. Пандемиядан улам товарларды кардарларга жеткирүүдөгү, логистикадагы кыйынчылыктар экономиканы калыбына келтирүүгө чоң тоскоолдук түзүүдө. Бул маселе Эл аралык валюта фондунун... Читать дальше...

15-октябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

15-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17; Бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5... Читать дальше...

Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикери кармалды

Azattyk.org 

Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри менен мурдагы спикери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды. УКМК тараткан маалыматка ылайык, кармалгандар 2017-жылдан 2021-жылга чейин казынага 15 миллион сом зыян келтирген. "2021-жылдын 13-октябрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Ноокат шаарынын мэри Н.Ж.А. жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.А.М. кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп жазылат билдирүүдө. Учурда УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында... Читать дальше...

Радиомеханик: Радиодон тирүү бака чыккан

Azattyk.org 

Ринат Сулейманов - радиомеханик. 51 жылдан бери ушул кесипти аркалап, ар түрдүү үлгүдөгү автомобилдердин радиосун оңдойт. Борбордогу айдоочулардын дээрлик баары тааныган механиктин тажрыйбасы, кызыктуу окуялары тууралуу видеодон көрүңүз.

Жалал-Абад: Үч эм төрөгөн жалгыз бой келин батирлүү болду

Azattyk.org 

Жалал-Абадда быйыл март айында төрөлгөн үч эмдин апасына шаардын эсебинен батир бөлүнүп берилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үч эмин жана алардан улуу уулу менен кызын, жалпысынан беш баласын жалгыз чоңойтуп жаткан Гүлнара Бүркүтованын үй маселеси жергиликтүү кеңеште каралып, шаардык бюджеттен 1 млн 824 миң сом бөлүнгөн. Тендер өткөрүлүп, натыйжада “Спутник” кичи шаарчасынан эки бөлмөлүү, бардык шарты бар батир алынган. Күйөөсү менен эки башка жолго түшкөн 38 жаштагы... Читать дальше...

Сот Курсан Асановду №50 тергөө абагында калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 14-октябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Ушул эле күнү шаардык соттун имаратынын алдына Асановдун 50гө чукул тарапкери топтолуп аны бошотууну талап кылып турушту. 16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы өзгөчө оор кылмыш жасагандар... Читать дальше...

Мушкер Рафаэль Физиев жамандоого кабылгандыктан Кыргызстандан кетерин билдирди

Azattyk.org 

Мушкер Рафаэль Физиев мындан ары таймаштарга Кыргызстандын атынан катышпайт жана үй-бүлөсү менен өлкөдөн көчүп кетүүнү пландоодо. Бул тууралуу кыргызстандык спортчу 13-октябрда “Инстаграм” баракчасы аркылуу билдирди. Мындай чечимин ал Кыргызстандын муфтиятынын жана интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кысымы менен түшүндүрдү. Спортчу пикир келишпестиктин так себебин айткан жок, бирок диний көз карашынан улам болуп жатканын кыйытты. "Мен эч качан диний үгүттөөчү болгон эмесмин. Читать дальше...

Сузакта тамакка уулангандар 138ге жетти

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 138ге жетти. Бул тууралуу 14-октябрда Сузак аймактык ооруканасынын жетекчиси Азизбек Жолдошев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган. Учурда ооруканада 22 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар. Бейтаптар жылкынын этинен ууланышы мүмкүн экенин айтышууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Читать дальше...

Шайлоо-2021: Талапкерлердин саны 300дөн ашты (тизме)

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Бул тууралуу Боршайком 14-октябрда билдирди. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда жыйынтыкталган. Талапкер болууну көздөгөн 381 адамдын 31и аял, 350сү эркек. 379 адам өзүн өзү көрсөтүп, 8ин жети саясий партия көрсөткөн. Эң көп талапкер (19) Кадамжай шайлоо округунда, эң азы Ноокат (4) жана Өзгөн округдарында. БШКга жалпысынан 387 арыз берилди,... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Баткенге жыл сайын 500 млн. сом бөлүнөрүн билдирди

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму өтүп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер катышууда. Форумга 300дөн ашык адам келген. Өкмөт башчы жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү фондуна казынадан 500 млн. сомдон бөлүнүп турарын билдирди. Читать дальше...

Шайлоо-2021: Партиялардын 23үнүн талапкерлер тизмеси такталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоого республиканын бирдиктүү округунан партиялык тизме менен катышууну көздөгөн партиялардын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлери аныкталганын расмий билдирди. Бул тууралуу 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады. Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 73 партия расмий түрдө билдирген. Алардын 26сы курултайларын өткөрүштү.   Партиялар документтерин 18-октябрга чейин тапшыра алат. Бүгүнкү күнгө карата “Бүтүн Кыргызстан”... Читать дальше...

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 91 учур жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 14-октябрда ооруну жугузуп алган үч бейтап каза болду. 91 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Баткен облусунда инфекцияны жаңы жугузуп алгандар катталган эмес. Бишкек - 57 Чүй облусу – 17 Ысык-Көл облусу – 9 Ош шаары - 3 Жалал-Абад облусу – 2 Ош облусу – 1 Талас облусу - 1 Нарын облусу - 1 Ушуну... Читать дальше...

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан талапкерликти көздөгөндөр 381 адам болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Бул тууралуу Боршайком 14-октябрда билдирди. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда жыйынтыкталган. Талапкер болууну көздөгөн 381 адамдын 31и аял, 350сү эркек. 379 адам өзүн өзү көрсөтүп, 8ин жети саясий партия көрсөткөн. Эң көп талапкер (19) Кадамжай шайлоо округунда, эң азы Ноокат (4) жана Өзгөн округдарында. Баткенде үч округдан 40 адам (алардын төртөө аял)... Читать дальше...

ӨКМ: Кегетиде адашып кеткен индиялыктар табылды

Azattyk.org 

Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылганын 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 10 индиялык  Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен. Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды саат 05:27де табышкан. Адашкандарды таап, тийиштүү кызматкерлерге аман-эсен өткөрүп беришти. Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алат. Турист катары, иш менен келгендер да бар. Читать дальше...

Президент башкарган өкмөт ишке киришти

Azattyk.org 

Кыргызстанда Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип ишке киришти. Бул Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өткөндөн берки президент Садыр Жапаровдун толук кандуу өкмөтү. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Конституциялык реформа коштогон саясий процесстер парламенттик шайлоо өтүп, жаңы Министрлер кабинетинин ишке кириши менен жыйынтыкталат деп күтүлүп жаткан. Туруктуу өкмөт убадасы Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана администрация башчысы кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *