Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Новости за 14.10.2021

Беларуста оппозициянын Телеграм- каналдарына катталгандар кылмыш жообуна тартылат

Azattyk.org 

Беларустун Ички иштер министрлиги өлкөдө экстремисттик деп таанылган топтордун социалдык медиадагы тайпаларына, Телеграм-каналдарына жазылгандарды кылмыш жообуна тартууну пландап жатат. Бул тууралуу министрликтин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы кабарлады. Сот тарабынан экстремисттик деп табылган Телеграм-каналдардын көбү оппозицияга таандык. Мындан ары Беларустун атуулдары социалдык медиадагы тыюу салынган уюмдардын тайпаларына катталса, мессенжерлери аркылуу жазышса же Телеграм каналына катталса... Читать дальше...

Путин: Муратов "чет элдик тыңчылардын" тизмесине кириши мүмкүн

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда "Орусиянын энергетикалык аптасы" жыйынында сөз сүйлөп, Нобел сыйлыгынын лауреаты, журналист Дмитрий Муратов мыйзамдарды бузса, жооп бере турганын айтты. "Эгер ал мыйзамдарды бузбаса, "чет элдик тыңчы" катары таанылгандардын тизмесине киргидей иш-аракеттерди кылбаса, анда кирбейт. Бирок ал Нобел сыйлыгына жамынып алып, Орусиянын мыйзамдарын бузса, балким мыйзамдарды өз каалоосу менен кайсы бир максатты көздөп бузса, анда ал "чет элдик тыңчылардын" тизмесине алынат да". Читать дальше...

Норвегияда жаа менен куралданган адам беш кишини өлтүрдү

Azattyk.org 

Норвегияда жаа менен куралданган киши беш адамды өлтүрүп, экөөнү жарадар кылды. Полиция кабарлагандай, окуя кечээ, 13-октябрдын түнүндө Кунсберг шаарында болгон. Шектүү дароо кармалган. Ал адамдар көп топтолгон жерге барып, колундагы жаа менен кишилерди туш келди аткылап, бычак шилтеген. Кунсбергде 28 миң киши жашайт. Полиция окуяны терроризм катары иликтеп жатат. Норвегияда 2011-жылы Андрес Брейвик аттуу адам студенттердин лагерине кол салып, 77 өспүрүмдү өлтүргөн. (BCh)

Шайлоо-2021: Үч районго бир депутат, күчөгөн атаандаштык

Azattyk.org 

Үч районго бир депутат, эки башка бюллетен, азайган мандаттар жана күчөгөн атаандаштык. Кыргызстанда соңку 21 жылда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өткөнү турат. “Азаттык” анын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *