smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 02.12.2021

Акматбек Келдибеков УКМКдан сурактан чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Атайын кызматта төрт сааттай болгон саясатчы эмне себептен суракка чакырылганын айта элек. Ал 1-декабрдын кечинде УКМКга суракка чакырылган. Атайын кызмат Келдибеков 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу суракка чакырылганын билдирген. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн деп жазылган. Читать дальше...

Бир мандаттуу округдардын айрым талапкерлери БШКга нааразылык билдирүүдө

Azattyk.org 

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан катышып, утулуп калган талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына нааразылыгын билдирүүдө. Алардын айрымдары бүгүн, 2-декабрда БШКнын имаратына чогулушту. Алар менен Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназров жолугуп, арыз-даттанууларын угуп жатат. Талапкерлер үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо күнү добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөр орун алганын белгилешти. Талапкерлердин бири Нурбек... Читать дальше...

Казакстанда миңге жакын кишиге мунапыс берилет

Azattyk.org 

Казакстан парламентинин жогорку палатасы 2-декабрда “Эгемендиктин 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам күчүнө кирсе Казакстандын абак жайларындагы миңге чукул киши бошотулат. Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Сенатта документ күчүнө киргенден кийин майда жана орточо зыян алып келген кылмыштарды жасаган миңге жакын киши абактан бошотула турганын билдирди. "Мыйзам долбоору майда кылмыштар үчүн жазаны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар... Читать дальше...

Отунбаева: Саясатчыны сабоо өлкө аброюна доо кетирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуу сунушталды. Ага чейин президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.  Саясатчыны сабоо фактысына экс-президент Роза Отунбаева да көз карашын билдирди. -“Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салынышына кандай баа берип жатасыз? -Азыркы кырдаалда президенттин кадыр-баркына абдан чоң доо кетти. Читать дальше...

Шамалдуу шаардын адамы

Azattyk.org 

Пенде баласынын аң-сезимине бекем уялап алган жеке кызыкчылык деген бар. Жашоо-турмушундагы аракет-кыймылын аныктап турган ошол сезим адамды оң да, тескери да жолго салат. Казат Акматовдун “Газик” аңгемесинде социализм заманындагы бир адамдын иш-аракети сүрөттөлгөн. Кызыгуу Жеке кызыкчылык адам баласын жөн отургузбай, дайыма алдыга үндөп, эрикпей иш кылууга, мээнеттен качпоого чакырып турат. Адам өзүн башкалар менен салыштырып, ичте жаткан потенциалын ойготуп, жаңы бир нерсени жасоого кызыгат. Читать дальше...

Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... Легендарлуу Хаким агайдын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Совет убагынан бери жүздөгөн баланы машыктырган Хаким Махмудов соңку он жылда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Жоламан Шаршенбековду таптап берди. Учурда 84 жашта экенине карабастан ишин улантып келет.



Беш-Кемпир: эски кампада окуган балдар

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Беш-Кемпир айылындагы мектеп толугу менен өрттөнүп кеткен. Азыр окуучулар бош турган тамда жана эски кампада билим алууда. Кырсыктан бери тогуз ай өтсө да жаңы мектептин курулушу баштала элек.

Субаналиев: Бийлик күч колдонуудан оолак болушу керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн шайлоодон кийинки саясий абал тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Субаналиев менен маектештик. Анын пикиринде, элдин ишенимин кайтаруу үчүн бийлик адилет чечимдерди чыгарып, күч колдонуудан, саясий оюндардан оолак болушу керек.  - Өмүрбек мырза, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын бир бөлүгү, талапкерлер "шайлоо жыйынтыгына ишеним кетти, кайра шайлоо өтүшү керек", "БШК, Министрлер кабинети, отставкага кетиши, күнөөлүүлөр... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуунун чоо-жайы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында 1-декабрда ок атылганын ырастады. Расмий кабарда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атканы айтылат. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери барып, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Чек ара боюнча Баткен жана Согд... Читать дальше...

НАТО Киевди агрессиядан коргойт

Azattyk.org 

Украина НАТОго Орусиянын болжолдуу кол салуусуна жооп кылып, санкцияларды даярдоону сунуштады. Киев алдын алуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнү, болбосо кийин бүтүндөй Европа үчүн кеч болорун эскертти. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Ригадагы жыйынында орусиялык агрессияны ооздуктоо үчүн чара көрүү маселеси талкууланды. Киевдин келтирген жүйөсү Украина НАТОго Орусия чек арада аскер кубатын күчөткөн шартта, анын ыктымал кол салуусун алып, токтотуу үчүн санкциялар топтомун даярдашы зарыл экенин билдирди. Читать дальше...

Анаранын баяны: Басмырлоо мени чарчатты

Azattyk.org 

Кызыл-Кыядагы ооруканада медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анара башына түшкөн оор күндөр, ВИЧ менен жашаган кишилерге коомдогу мамиле жана келечектен күткөн үмүтү жөнүндө подкаст жаздыра баштады. "Азаттык" Анаранын "Личность-ВИЧность" деп аталган аудиоблогун угармандарга жеткирүүгө жардам берет. Биринчи эпизоддо дискриминация жөнүндө сөз болот.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *