Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 07.12.2021

Башкыр активисти Руслан Габбасов Литвадан саясий башпаанек сурады

Azattyk.org 

Башкыр активисти Руслан Габбасов Орусиядан Литвага көчүп кетип, ошол жактан саясий башпаанек сураганын 6-декабрда билдирди. Анын айтымында, буга орус бийлигинин кысымы негиз болду, анткени аны Орусияда тыюу салынган “Башкорт” деп аталган кыймылдын ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракети жүрүүдө. “Мен Орусиядан ноябрдын башында кеткем. “Башкорт” уюмунун аты аталып жаткан кылмыш ишине байланыштуу анын мурдагы төрт мүчөсү камакка алынды” деген активист сентябрь айында Экстремизмге каршы борборго күбө катары суракка чакырылганын билдирди. Читать дальше...

Орусия менен Индиянын аскердик-техникалык келишиминин мөөнөтү узарды

Azattyk.org 

Орусия менен Индиянын аскердик кызматташтыгы тууралуу келишимдин мөөнөтү узартылды. Тийиштүү документтерге 6-декабрда орус президенти Владимир Путиндин Нью-Делиге сапары учурунда кол коюлду. 2031-жылга чейинки аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимдин негизинде Индия 600 миң Калашников AK-203 автоматын чыгарат. Эки өлкө көмүр казып алуу, кеме куруу, жер семирткич, болот, мунай жана газ өндүрүү, кесипкөй адистерди даярдоо жаатында кызматташат.  Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында... Читать дальше...

Блинкен жана Зеленский украин-орус чек арасындагы абалды талкуулашты

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүсүн утурлай Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнү маалым болду. Зеленский “Твиттерге” жазгандай, Блинкен Орусияга украин чек арасын бузбоо тууралуу олуттуу эскертүү берилерин айтты. “Биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди уланта берүүнү сүйлөштүк. АКШнын стратегиялык өнөктөштөрүнө жана союздаштарына биздин эгемендикти жана аймактык бүтүндүгүбүздү... Читать дальше...

Шайлоо-2021: Добуш эсептөө боюнча көз каранды эмес топтун жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодогу добуштардын аныктыгын текшерүү максатында түзүлгөн көз каранды эмес топтун жыйынын өткөрөт. Анда автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматын жана кол санактын эсебин текшерүү тууралуу сөз болот, талаш жараткан участоктор жана алардагы добуштарды кайра эсептөөнүн тартиби аныкталат.    28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер... Читать дальше...

Өнүгүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу планы талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн 7-декабрда Бишкекте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын ишке ашыруу планы талкууланат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) программаларынын колдоосу менен уюштуруп жаткан жыйынга эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат. Анда калкты жумуш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо системасын санарип технологиялардын негизинде реформалоо, билим берүүнү жакшыртуу жолдору... Читать дальше...

Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары” үч том болуп кайра басылып чыкты  

Azattyk.org 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китеби үч том болуп кайра басылып чыкты.   Кара сөз менен жазылган автобиографиялык "Агындылар" алгач 2013-жылы жарык көргөн. Чыгарма аудиокитеп болуп да даярдалган. Заманбап кыргыз поэзиясына бараандуу салым кошкон акын Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламент аралык сыйлыгынын лауреаты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *