Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 14.12.2021

Валентина Ошто күйөрмандары менен жолукту

Azattyk.org 

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 12-декабрь күнү Ош шаарына келип, күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү. Шевченко Ошто эки күн болуп, спорт залдын ачылышына катышып, балдар үйүнө да барды. Андан сырткары күйөрмандары менен чогуу машыгууларды өткөрдү.

Ошто өз кызын зордуктоого шектелген киши эки айга камалды

Azattyk.org 

Ош шаарында 14 жаштагы кызын зордуктоого шектелген 39 жаштагы жаран эки айга камакка алынды. Милициянын маалыматында аталган жаран эки жылдан бери кызын зордуктап келген деп шектелүүдө. Кыз учурда өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун, социалдык коргоо кызматкерлеринин камкордугуна алынган. Адистер акыркы жылдары өспүрүмдөргө карата мындай үрөй учурган зордук-зомбулук күч алганын, аны менен күрөшүү үчүн комплекстүү иш-чаралар зарылдыгын айтууда. 10-декабрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы... Читать дальше...

Талибдер өзбектер менен түркмөндөрдү күчтөп көчүрдү

Azattyk.org 

“Талибан” Ооганстандын түндүгүндө пуштун көчмөндөрүнө көмөктөшүп 1000ден ашуун өзбек жана түркмөндөрдү мажбурлап көчүргөнү айтылууда. Өзбек жана түркмөн жамааттары 8 миң гектардан ашуун жер тилкеси менен үй-жайларын таштап башка жакка жер которгону кабарланды. Жаузжан провинциясындагы пуштундар талибдердин жардамы менен алардын үй-жайларын, жерлерин басып алганын айтууда. Жаузжандагы жер басып алуу Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясындагы өзбек жана түркмөн тектүүлөрдү жер которууга... Читать дальше...

COVID-19: Omicron тездик менен жайыла баштады

Azattyk.org 

Британияда коронавирустун Omicron түрүнөн алгачкы адам өлүмү катталды. Вирус укмуштуудай тездик менен жайылары байкалганы айтылды. Эксперттер буга чейин алдын ала тыянактарга таянып, жаңы штамм жугуштуу, бирок анча коркунучтуу эмес дешкен. Бирок анын өлүмгө алып келген кесепетинен улам, азырынча шашылыш жыйынтык чыгарбай, этият болуп, сактанууну эскертишүүдө. Ойго салган "омикрон" Британиянын бийлиги өлкө аймагында коронавирустун Omicron штаммы тездик менен жайылып жатканын жарыялады. Учурда бир нече киши вирустун бул түрүн жугузуп алып... Читать дальше...

Иманкулов: Аэропорттогу окуя жүзүбүзгө көө жапты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалганын жарыялады. Маалыматка ылайык, арасында милиция кызматкери, маалымат каражатында иштеп кеткендер бар. Алар түркиялык ишкерди "Манас" аэропортунда токтотуп, беш күн бою күч менен кармап турган. "Инвесторлого бейиш өлкөсү" болот делген Кыргызстан үчүн бул окуянын таасири канчалык? Ушул жана башка суроолорго Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жооп берди. - Марат мырза... Читать дальше...

Ишкерди уурдаган чуулгандуу кылмыш

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалганын жарыялады. Маалыматка ылайык, арасында милиция кызматкери, маалымат каражатында иштеп кеткендер да бар. Курч сюжеттүү тасманы эске салган окуя тууралуу Улуттук коопсуздук комитети 11-декабрда маалымат таратты. Анда өлкөдө чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы кабарланды. Алардын арасында милиция кызматкери да бар. Атайын кызматтын маалыматы боюнча... Читать дальше...

Жонсон жана Путин Украина боюнча абалды телефон аркылуу талкуулады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, НАТОнун чыгыш тарапка кеңейишине жол бербөө үчүн Москва Батыш менен токтоосуз сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Бул тууралуу Reuters агентиги жазды. Кремлдин сайтында Путин менен Жонсондун сүйлөшүүсү жөнүндө “батыштын башка өлкө лидерлериндей эле Борис Жонсон дагы орус армиясы украин чек арасына жакындады деген имишке тынчсыздануусун билдирди. Владимир Путин Украинанын айланасындагы абал жөнүндө принципиалдуу баасын берди”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *